Жергиликтүү серепчилер соңку учурда Кыргызстандагы саясий кырдаал курчуй баштагандыгын белгилешүүдө. Айрым пикирлерге караганда, өлкөдөгү саясий кырдаалдын күчөп, Бишкек шаарында 6-январдан тарта мурдагы элчилердин саясий укуктарын коргоо боюнча нааразылык акциялардын өткөрүлүшүнө бийлик күнөөлүү. Мындай көз карашын ушул күндөрү Бишкекте Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын шайлоого катышуу укугун коргоо боюнча нааразылык акцияга катышып жаткан “Эр айым” коомдук бирикмесинин төрайымы Ракыя Жусупова да билдирди:
- Азыр элдин нааразылыгы өтө күчөй баштады. Ушундай кырдаал 1990-жылы да түзүлгөн эле. Ошондо да элдин нааразылыгы күчөп, бийлик алмашылган эле. Эл нааразы болбосо, минтип чыкпайт. Бийлик эл менен эсептешпей калды. Бийлик таза болсо, эл нааразы болбойт эле. Бийлик менен элдин ортосунда карама-каршылык пайда болуп жатат , - дейт Ракыя Жусупова.
“Атажурт” Кыймылынын жетекчилеринин бири Болот Шерниязов болсо, 1990-жылы да бийликти алмаштыруу максатында нааразылык акциялар уюштурулгандыгы, бирок, ал мезгилде бийлик өкүлдөрүнүн кыймыл-аракеттери башкача болгондугун эстеди:
- Ошол 1990-жылы да эл пикетке чыкты эле, чатырлар да тигилген. Бирок, маркум Апсамат Масалиев чатырларды милицияга жулдурган эмес, элди кубалаткан эмес. Көрсө, ал бийлик абийири, намысы, уяты бар бийлик болгон экен. Апсамат Масалиев чыныгы элдин уулу экендигин, анда адамдык сапат бийик экендигин көрсөткөн. Ал эми азыркы бийлик кандай гана жоруктарга барбай жатат?, -
деди Болот Шерниязов.
Кыргызстан Элдик кыймылынын өкүлү Топчубек Тургуналиев болсо, өлкөдө курч кырдаалдын түзүлүшүнүн себебине төмөнкүдөй токтолду:
- Мен айтаар элем, өлкөдөгү курч саясий кырдаалды Аскар Акаев өзү түзүп жатат. Азыр бийлик оппозицияга, өлкөдө адилет шайлоо өтсүн деген бардык атуулдарга тымызын күрөш жарыялады деп айтаар элем. Бийлик өкүлдөрү далбастап, мындан ары да өз колунда бийликти сактап калуу аракетин көрүшүүдө .
Ал эми президенттин администрация жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жанузаков оппозициялык күчтөр өлкөдөгү коомдук-саясий абалды курчутуу аракетин көрүп жатат деп эсептейт:
- Булар уюшулуп алып, шайлоону адилет өткөрөбүз деп атышат. Өздөрү болсо, Конституцияны да, мыйзамдарды да бузушууда. Булардын түпкү максаты болсо - элди дүрбүтүп, өлкөдө кооптуу кырдаалды түзүү. Бирок, эл аларды колдооруна ишенбейм .
Айрым саясатчылар элчилердин шайлоого катышуу укуктарынын бузулушна бийлик гана эмес, парламенттин депутаттары да күнөлүү деген пикирлерин да айтышууда. Бул тууралуу “Улут Ордо” коомдук бирикмесинин төрагасы Дастан Сарыгулов:
- Элчилердин шайлоого катышуу укуктарынын бузулушуна биздин парламенттин депутаттары да өз салымдарын кошушту. Анткени, алар ошондой мыйзамды кабыл алып беришкен. Мындай мызамдарды кабыл алууда жеке кызыкчылыктарды ойлобой, жалпы элдин кызыкчылыгын ойлонуу керек , - дейт Дастан Сарыгулов.
Россиядагы Шайлоо технологиялары борборунун өкүлү Юрий Исаевдин көз карашында, учурда Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да позитивдүү жараяндар орун алууда:
- Мен КМШнын көптөгөн өлкөлөрүндө иштеп келдим. Менин пикиримде, бул өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда болуп жаткан жараяндар - позитивдүү жараяндар. Эл пикеттерге чыккандыгы – бул оң көрүнүш. Россияда да, Украинада да ушундай болду. Ошондуктан, мен бул жараяндарды оң баалайм. Бирок, менин пикиримде, Грузия менен Украинада болгон окуялар Кыргызстанда кайталанышы мүмкүн эмес , - дейт Россиянын Шайлоо технологиялары борборунун өкүлү Юрий Исаев.
Ал эми “Атажурт” кыймылынын өкүлү, парламенттин депутаты Алымбай Султановдун пикиринде, бийлик тарабынан оппозицияга карата куугунтук башталды:
- Мына кечээ Болот Шерниязовдун шопурун уурдап барып, токмоктоп, машинесине наша ыргытып, коркутуп-үркүтүштү. Эртең менин шопуруму, бүрсүгүнү Мадумаровдун, анын эртеси Чотоновдун шопурун ушинтиши мүмкүн. Биз азыр бала-чака, туугандарыбызга куугунтук башталгандыгы жөнүндө, этият болгула деп айтып жатабыз , - дейт Алымбай Султанов.
Кыргызстандагы айрым саясатчылар өлкөдөгү саясий кырдаал мындан ары курчуп кетпешинин бир гана жолу бар. Ал - бийлик өкүлдөрүнүн да, оппозиция тараптын да мыйзамдарды так аткарышы. Буга байланыштуу парламенттин депутаты Темир Сариев:
- Бийлик да, оппозиция да, иш-аракеттерин мыйзамдарды бузбай жүргүзүүгө үйрөнүшү зарыл. Эң оболу элдин тынчтыгы жөнүндө ойлонушубуз керек. Алдыдагы парламенттик шайлоо бийлик үчүн да, оппозиция үчүн да, чоң сыноо .