Кыргызстандагы “Биом” экологиялык кыймылы жана Норвегиянын жаратылышты коргоо коому 2 жылдан бери өлкөдөгү мектеп окуучуларына экологиялык билим берүү жана коомчулуктун көңүлүн энергия булактарын пайдаланууга буруу маселесин көтөрүп келишкен. Өлкөнүн 35 мектебинде жаратылышты коргоо жана эң арзан жана зыянсыз энергия булактары тууралуу лекциялар окулуп, конкурстарды өткөрүшкөн. Эми 2005- жылдан баштап бул долбоордун алкагы кеңейип, Кыргызстанда күн кубатын пайдалануу боюнча иш - чараларды аткарууну белгилешүүдө. Эки тараптын колдоосуна ээ болуп жаткан
“ Күн энергиясы - Кыргызстанга” деген долбоор 2 жылга эсептелип, өлкөнүн бардык облустарын кучагына алып, 20 айылда күн кубатын колдонуу боюнча көрсөтмөлүү иш - чараларды уюштурууну белгилешүүдө. Карапайым калктын өкүлдөрүн күн кубатын колдонуу менен үйдү жана сууну жылытуу боюнча жабдууларды өздөрү жасап алууга үйрөтмөкчү. Бул тууралуу “Биом” экологиялык кыймылынын жетекчиси Бейдуллажи Смаилов мындай дейт:
- Өлкөдөгү 200 үйбүлөөгө күн энергиясын кантип колдонуу боюнча методикалык көрсөтмө берип, жабдууларды жасоону үйрөтөбүз. Күндүн кубатын колдонуу менен суу жылытуучу, чай кайнатуучу жабдууларды колдонууну көрсөтөбүз. 8 экспонаттан турган көргөзмө уюштуруп, өздөрү ылайыктуусун тандап алууга шарт түзөбүз. Айрыкча айыл жергесинде жашаган атуулдар күндүн жылуулугун пайдаланууга маани бербей келишкен. Ошондуктан алардын жашоо- тиричилигинде күн энергиясын колдонууну жүзөгө ашыруусуна көмөк көрсөтүү максатыбыз. Айрыкча мектеп окуучуларына күн кубатын колдоону боюнча түшүнүгүн кеңейтип, билимдерин тереңдетебиз. Ошондой эле Кыргызстанда күн энергиясын колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп, изилдейбиз.
Норвегиянын жаратылышты коргоо коому күн энергиясын колдонуу долбоорун 13 өлкөдө ишке ашырганын айтуу менен аталган коомдун кеңешчиси Даг Хойстад мырза мындай деди:
- Шериктеш өлкөлөрдүн ичинде 8 мамлекетте Күн энергиясын колдонуу долбоору колдоого алынууда. Кыргызстанда күндүн кубатын колдонууга чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби, энергиянын мындай булагы абдан пайдалуу жана ыңгайлуу. Чыгымдарды да аз талап кылат. Европа өлкөлөрүндөгү тажрыйба көрсөткөндөй мындай долбоорду ишке ашырууда балдар жана мектеп окуучулары көмөктөшүүдө. Себеби, алар менен баштаган долбоор жакшы натыйжасын берип, ата- энелерге түшүндүрүүдө, аларды ынандырууда жана келечекте өздөрү колдонууга өбөлгө болууда. Батыш өлкөлөрүндөгү жабдуулар кымбат болгондуктан, жергиликтүү материалдарды пайдаланууну көздөп жатабыз. Долбоорго катышкан үйбүлөөлөр жабдууларды бекер алышат. Ошондой эле күн чырагын, күн жылуулук коллекторун өздөрү жасап алуу ыкмаларын, методдорун да үйрөтөбүз.
Өлкөдө көп жылдан бери күн, шамаал кубатын колдонуу боюнча иш жүргүзүп келаткан “Күн” мамлекттик долбоорунун директору, техника илимдеринин доктору Алайбек Обозов бул демилгенин реалдуулугу жана пайдасы тууралуу өз оюн мындайча билдирди:
- Жөнөкөй, анча деле кымбат эмес жабдууларды жасап, элге жардам берүү максаты бар мындай долбоорду колдоого алыш керек. Айрыкча айыл жергесинде жашаган адамдар үчүн энергия маселеси абдан орчундуу болуп турат. Ошондуктан мындай жабдуулар менен үйдү жылытып,сууну ысытып алса, чоң жардам болмок. Калктын 80 пайызы мындай технология, методдор бар экендигин да билбейт, күн кубатын пайдалануу боюнча түшүнүгү да жок. Ошондуктан элге жаңы түшүнүктү жеткиребиз дешкени, 20 айылга көрсөтүүнү максат кылганы да жакшы. Норвегия өкмөтү менен Глобалдык Экологиялык фонду колдоого алып, каражат бөлгөнү жатканы элге жардам. Долбоор ишке ашса элге эле пайдалуу болот эле. Бизде күндүн кубатын пайдаланууга өтө чоң мүмкүнчүлүктөр бар.
2 чарчы метр күн жылуулук коллектору Батыш өлкөлөрүндө 400- 500 америка долларына барабар болсо, “Күн энергиясы - Кыргызстанга” долбоору жергиликтүү жана арзан материалдардан ушундай жабдууну 70 долларга жасоого болоорун иликтеп көрүшкөн. Мындай жабдууну 10 жылдан ашуун убакыт колдонуп, жылуу суу менен камсыз кылууга болот дешүүдө. Ошондой эле күндүн энергиясы менен суу жылыткан 60 литрдик челекти 30 - 35 долларга жасоого болоорун эсептеп чыгышкан. Долбоор демилгечилери күндүн кубатын колдонуу менен чай кайнатып, тамак- аш жасоочу мештин үлгүсүн да көрсөтүшүүдө. “Күн кубаты- Кыргызстанга” долбоору Норвегиянын өкмөтү жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан колдоого алынууда.