Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

КУБАНЫЧБЕК ЖУМАЛИЕВ: ОППОЗИЦИЯ АЛСЫЗДЫКТЫН АГОНИЯСЫНДА


Бурулкан Сарыгулова, Бишкек. 12-январда Бишкекте «Адилет» саясий партиясы 4-курултайын өткөрдү. Курултай 3-курултайдан берки аткарган иштери боюнча партиянын отчетун укту, келерки парламенттик шайлоого талапкерлерди көрсөттү жана алдыда аткара турган милдеттерин белгиледи.

Келерки парламенттик шайлоо жана андагы республикалык «Адилет» саясий партиясынын орду аталган саясий уюм талкуулаган башкы маселе болду. Партиянын төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси Тойчубек Касымов өз отчетунда парламенттик шайлоону айрыкча оппозициянын бүйүрүн кызытуучу саясий окуя деп баалап, партиялаштарын «Адилеттин» кызыкчылыгы үчүн үгүт иштерине күжүрмөн катышууга чакырды. Ага жараша жарыш сөзгө чыккандардын басымдуу бөлүгү өлкөдө саясий стабилдүүлүктү сактоону башкы маселе дешип, ага доо кетирчү жагдайларга чечкиндүү сокку уруу зарылдыгын белгилешти. Партиянын теңтөрагасы, биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев оппозициялык күчтөрдү стабилдүүлүккө доо кетирип, саясий окуяларга чайкоочулук кылууда деп кескин сынга алды. Анын пикиринде оппозициячыл саясатчылар ыплас технологияны пайдаланып, азыркы бийликти каралоо иштери менен алектенүүдө:

- Саясий спектаклдердин сценарийлерин түзүп, ал гана эмес, өлкөгө саясий экспортту алып келүүгө, Сэм байкенин капчыгы менен мандалак революциясын жасоого демденип жатканы эч бир демократиянын принцибине жатпайт, - деди Жумалиев, - Бүгүн өлкөнүн саясий турмушун сынга алып, жардыктарды кара жаандай жаадырып жаткан адамдардын арасында кечээ эле биз менен ийиндешип иштеген чиновниктер, а бүгүн «көзү ачылып» бардык турмуштун өөдө-ылдыйын бийликтин активине жазып, ашкере демократ болуп чыга келгени элди мыйыгынан күлдүрүүдө.

Ушул өңдүү көз караштарын «Адилет» партиясынын активдүү мүчөлөрү элчилерди каттоого байланыштуу пайда болгон нааразылык акциялары менен байланыштырышты. Талапкер катары каттоодон алынып салынган экс-элчи Роза Отунбаеваны коргоо комитетинин төрагасы, укук коргоочу Турсунбек Акун «Адилет» партиясынын сынын натура дейт:

- Шайлоочулардын, шайлануучулардын укуктары бузулган үчүн биз чыгып атабыз да. Эгерде биз Отунбаеванын укугун коргоп кала албасак, анда бийликке жакпаган адамдардын бардыгын эле өткөрбөй коет. Ошон үчүн чыгып атабыз. Бизди пикет кылганга, митинг кылганга, көчөгө чыкканга азыркы бийлик мажбур кылып атат. Биз эч кандай жанагинтип, ыплас технологияны пайдаланалы, революция жасайлы деген оюбуз жок. Булар өздөрү мажбур кылып атат. Ошон үчүн биз чыгып атабыз.

Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасы, экс-премьер министр Курманбек Бакиев буга чейин расмий бийлик койгон ушул өңдүү дооматтарды четке каккан. Ал оппозиция чет өлкөдөн каражат алуу, ыплас технологияны пайдалануу ою жогун билдирген:

- Менимче, бийликтин күчү кетип, ушу оппозицияга жеңилип калса, эртең, «булар ушундай ыплас технологияны пайдаланып өтүп кетти» деген актануудан башканы мен көрбөй атам.

«Адилет» партиясынын теңтөрагасы президент Аскар Акаев баштаган расмий бийлик өкүлдөрүнүн оппозицияга кескин сынын курултайда башкача өңүттө улады:

- Айрым саясатчылар өзүнүн кадыр-баркынын эл арасында канчалык экенин алдын ала сезип, ал гана эмес, шайлоодо утулаарын да сезип, болочоктогу жеңилишин да бийликтен көрүп турганы, бийлик ага бут тосуп, бийлик гана анын бутун тушап тургандай коңгуроо кагуусу – бул, анын алсыздыгынын агониясы, - деди Кубанычбек Жумалиев.

Ал эми академик Мамбет Мамакеев өз сөзүндө партиялаштарын оппозициянын аракеттерине каршы сокку урууга жана президент Аскар Акаевдин саясатын ар тараптан колдоого чакырды:

- Азырынча Кыргызстанда, эми аны ар кандай түшүнсө болор, бу кишиге тең болор адам жок бардык жагынан. Аны баарыңар билесиңер.

Курултайда «Адилет» Кыргызстандагы демократиянын коопсуздугу, бакыбаттык, адилеттик үчүн күрөшкөн өлкөдөгү ири партия катары сыпатталып, анын келечегине чоң ишеним көрсөтүлдү. Парламенттик шайлоого ушул максатта 29 талапкер сунушталды. Мындан тышкары партиянын 22 мүчөсү өз атынан шайлоого барары маалымдалды.
Бирок, оппозициялык күчтөр «Адилетти» бийликтин партиясы катары катары карап, аны административдик ресурстарды пайдаланып келатат деп сындап келишет.

Белгилеп койчу жагы, «Адилет» партиясы мындан 5 жыл мурда түзүлгөн. Партиянын төрагасы – президенттик администрация башчысы Тойчубек Касымов. Андан тышкары биринчи вице-премьер министр, транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиев, Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев жана айыл чарба каржы корпорациясынын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева теңтөрагалык кылышат. Курултайда партиянын 30 миң 936 мүчөсү бар экени маалымдалды. Алардын 2 миңден ашыгы жогорку жана ортоңку тепкичтеги мамлекеттик кызматтарда иштешет.

XS
SM
MD
LG