Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

ЦУНАМИ: ЭСКЕРТҮҮ СИСТЕМАСЫН ТҮЗҮҮ ЖОЛДОРУ КАРАЛЫП ЖАТАТ


Айнура Жекше кызы, Прага. Маврикий аралдарында өтүп жаткан эларалык жыйында цунами жана башка ири табигый кырсыктар жөнүндө эскертүү системасын иштеп чыгуу жолдору талкуланууда. Бул багыттагы иш-аракеттерди ЮНЕСКО координациялап турмакчы. Агенттик 1968-жылы Тынч океанда эскертүү системасын киргизүүгө жардам берген.

Түштүк-Чыгыш Азиядагы цунами ушундай алааматтар жөнүндө алдын ала маалымат берип туруу маселесин көтөрдү. Кырсык 165 миңге жакын адамдын өмүрүн алып кетти.

Маврикий аралдарында өтүп жаткан эларалык жыйынга БУУнун баш катчысы Коффи Аннан да катышууда. Дүйшөмбүдө Аннан цунамиден жабыркаган өлкөлөрдү кыдыруусун аяктап жатып мындай деген эле:

Менимче, эскертүү системасын иштеп чыгуу маселеси азыр алдыңкы планга чыкты. Индонезиядагы сапарым маалында ушул проблема талкууланды. Региондун бардык өлкөлөрү цунами тууралуу эскертүү системасын иштеп чыгууну, жер титирөө жана башка кырсыктарды алдын ала прогноздоп туруу системаларын жакшыртуу талабын айтышты.

Буга чейин ЮНЕСКО Тынч океанында киргизилген системаны Инди океанына, Жер ортолук жана Кариб деңиздерине жайылтуу демилгесин көтөргөн эле. 26-декабрь күнкү трагедия бул пландарды ыкчамдатуу керектигин көрсөттү.

ЮНЕСКОнун өкүлү Жюльен Барбьер “Азаттыктын” кабарчысы Эуген Томиукка берген интервьюсунда жаңы глобалдуу система агенттиктин мурдагы тажрыйбасына негизделмекчи дейт:

Тынч океанында киргизилген эскертүү системасы 40 жылдан бери иштеп келатат. Биз азыр ошол системаны Инди океанына жайылтуу жолдорун талкуулап жатабыз. Эмки жумада Япониянын Кобе шаарында уюштурула турган форумда да ушул долбоор каралмакчы.

Азыркы жыйынга агенттиктин жетекчиси Коичиро Матсуура да катышып жатат.
Анын айтымында, глобалдуу система жер титирөөлөрдүн күчүн, эпицентрин аныктаган сейсмикалык жабдыктарды орнотуу менен гана чектелбеш керек. 26-декабрда мониторинг институттары катуу зилзала болгонун дароо аныкташкан. Бирок бирдиктүү эскертүү системасынын жоктугунан улам, Инди океанын бойлогон мамлекеттерге ал жөнүндөгү маалымат жетпей калган.

Барбьер жаңы системанын негизги максаты – эл арасындагы жоготууларды азайтуу дейт:

Келээрки 3 айдын ичинде ЮНЕСКО менен Дүйнөлүк метеорологиялык уюм техникалык долбоорун сунуш этмекчи. Биз дүйнөнүн башка региондорун да камтыган глобалдуу системанын үстүнөн иштейбиз. Цунами коркунучу Кариб жана Жер ортолук деңизинде да жогору.

Кырсыктан жапа чеккен өлкөлөргө бөлүнгөн акча-каражаттын бир бөлүгү жаңы долбоорго жумшалат деп болжолдонууда. Шаршембиде Токио өкмөтү мурда убада кылынган 500 миллион доллардын 4 миллиону системаны киргизүү иштерине коротулат деп билдирди.

Барбьердин ырастоосунда, системанын жалпы баасы 30 миллион долларга жетет:

Жакыңкы келечекте долбоорду каржылоо жолдорун табуу аракеттетри көрүлмөкчү. Азырынча ал канча тураарын айтуу кыйын. Анткени ар бир мамлекеттин муктаждыгы ар башка. Менин божомолумда, анын баасы 10-30 миллион долларга чейин жетет.

2 миң киши, анын ичинде 20 чакты мамлекеттин башчысы катышкан жыйын жума күнү аяктоого тийиш.

XS
SM
MD
LG