Айыл өкмөттөрүнүн башчылары, райондук жана облустук жетекчилер, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышкан бул жыйында Аскар Акаев өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушундагы окуялар, кедейчиликти кыскартуудагы жетишкендиктер жана демократияны калыптандыруудагы ийгиликтер туурасында сөз сүйлөдү.
-Акыркы 5 жылда кедейчиликтин деңгээли республикабызда 21 процентке кыскартылды. Бул аябай жакшы жетишкендик,-деди мамлекет башчысы.
Ал эми жыйынга катышып отурган, өзүнүн атын ачык атагысы келбеген жергиликтүү аткаруу бийлигинин бир өкүлү бул багыттагы өз оюн төмөндөгүдөй билдирди:
-Жыйында Аскар Акаевич өлкөбүздөгү социалдык-экономикалык күчтөр жөнүндө бир топ сандарды мисалга келтирип, сүйлөп кетти. Бул тилекке каршы, элдин реалдуу турмушунда ошол экономикалык жактан дагы, социалдык жактан дагы эч бир өсүштөрдүн, өнүгүүлөрдүн бир учкуну байкалбайт. Тескерисинче, айыл чарбасы дагы, өнөр жайы дагы кыйын акыбалда…
Мамлекет башчысы Украинадагы жана Грузиядагы бийликтин алмашуусун сырткы күчтөрдүн кийилигишүүсү катары баалап, аталган өлкөлөрдүн экономикасы кыйроо абалында турат деген пикирин билдирди. Аскар Акаев бул жылы күтүлүп жаткан парламенттик жана президенттик шайлоолордун алдында кыргыз оппозициясы Грузиянын жана Украинанын мисалындагыдай сырткы күчтөрдүн шыкагына кирип жатат деп күнөөлөдү.
-Борбор шаардын эски аянтында алачыктарын тигип алып жана Украинадагыдай, Грузиядагыдай болуп кызыл-тазыл шарфттарды салынып, революция жасайбыз деп жаткандар дагы аз эмес,-дейт президент.
Жогоруда өз атын белгилүү себептерден улам жашырган мамлекеттик кызматкер өлкө башчысынын саясий багыттагы пикирине карата өз оюн төмөнкүчө билдирди:
-Ал эми Аскар Акаевдин ошол эле учурда Украинадагы, Грузиядагы алардын ички саясаты, экономикасы боюнча бүгүнкү сүйлөгөн сөзү бери эле дегенде президент катары анын этика кармабай, туура эмес иш жасады деп ойлойм. Ошондой эле кыргыз оппозициясын элге жагымсыз, керек болсо желмогуз көрсөткөнгө аракеттенгени бул азыркы бийликтин, кыргыз бийлигинин эң акыркы бир агониясы катары сезилди мага.
Аталган жыйындын аягында мамлекет башчысы Аскар Акаев Ош облусундагы «Он ай» өкмөтүнүн башчысына айылды инвестициялоо долбоорунун алкагында берилип жаткан жалпы суммасы 33 миллион сомдон ашуун гранттык каржаттардын сертификаттарын тапшырды.