Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

ГАЗА ТИЛКЕСИНДЕ КАЙРАДАН КАН ТӨГҮЛДҮ


Кубат Оторбаев, Прага Бейшембиден жумага оогон түнү Израиль менен Газа тилкесинин чегарасында үч жанкечти палестиндин кол салуусунан алты жөөттүн өмүрү кыйылды. Бул окуя - куралдуу кармаштарды токтотууга убада берген Махмуд Аббасты палестиндер президенттикке шайлагандан кийин болуп аткан биринчи кан төгүү.

Он үчүнөн он төртүнө оогон түнү үч жанкечти палестин Карни чегара түйүнүндөгү Израилдин аскерлерине кол салышты. Алгач жанкечтилер чегарачылар жайгашкан имаратка бомба ыргытышып, дубалды тешип, өздөрүнө жол чаап алышкан дагы анан ал аркылуу ичке кирип барышкан. Израиль аскерлери дароо ок ачып, кандуу кармашта алты жөөттүн өмүрү кыйылды, кол салган үч палестин да аман калган жок.

Окуяны четтен туруп өз көзү менен көргөн адам “алгачкы жардыруу жаман катуу болду, дубалдын асманга учкан чачыранды бөлүктөрүнүн бири менин машинеме келип тийди, анан жаалданган атышуу башталды” деп сүрөттөйт кандуу калабаны.

Кол салуунун жоопкерчилигин палестиндердин үч тобу дароо өздөрүнө алышты. Алар: ХАМАС, “Аль-Аксанын азапкерлери” жана “Элдик каршылык комитети”. “Аль-Аксанын азапкерлери” тобу жаңы президент Махмуд Аббастын Фатх кыймылынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Кол салуу - жаңыдан шайланган президент Махмуд Аббаска катуу сокку болду. Анткени Израиль менен сүйлөшүүлөрдү баштоо максатында ал радикалдарды куралды таштоого үндөп, сабырга чакырып жаткан.

Премьер-министр Ариэль Шарондун өкмөтү болсо быйыл Израилдин күчтөрүн жана жөөт айылдарын Газа тилкесинен алып чыгып кетүүнү көздөп жаткан. Эксперттердин пикиринде мындай кол салуулар ал процесстерге да терс таасирин тийгизет.

Өз кезегинде Израиль бул калабадан кийин дароо Газа тилкесине жолдордун баарын жаап салды. Ошентип Газада жашаган бир миллион 300 миңдей палестиндер тыш дүйнөдөн бөлүнүп калышты. Израилдин тышкы иштер министрлигинин өкүлү Даниель Тоб президент Махмуд Аббастын дарегине мындай ачуу сөзүн айтты:

- Aбу Мазенди шайлоо убагында да эч нерсе ачык түшүктүү болгон эмес: Сиз террористтерге жардам бересизби же карапайым палестиндерди колдойсузбу?

Эске салып коелу – Абу Мазен Махмуд Аббастын бир аты.

Бейшемби күнү Бириккен улуттар уюмунун баш катчысынын орун басары, генерал Киран Прендергаст Коопсуздук кеңешинде сөз сүйлөп, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга үмүт пайда болгонун айткан эле:

– Аймакта реалдуу, жарамдуу өзгөрүүлөр болот деп үмүт кылып турабыз. Көп жылдарга созулган көңүл калуу, капа болуу, үмүтсүздүктү эми келечекке ишеним алмаштырып отурат. Бирок ушул биликтин шамындай болгон үлбүрөгөн жаңы процесс алекисаатта астын-үстүн болуп, быркырашы ыктымал. Биз буга жол бербешибиз керек.

Киран Прендергаст оозун жыя электе эле минтип анын кооптонуусу кошул-ташыл калаба менен коштолуп отурат.

Махмуд Аббас болсо козголоңчуларга каршы курал колдонбой турганын, анын ордуна ал куралчандарды сабырга чакырып, жоошутууга аракет кылаарын айтты.

Даниель Леви - Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча түзүлгөн Женева келишиминин авторлорунун бири. Анын айтымында жума күнгө оогон түндөгү кол салуу Израиль менен сүйлөшүүлөрдү баштоого ниет кылып жаткан Махмуд Аббастын артына урулган бычак болду. “Ошого карбай, - дейт Даниель Леви, - мындай кол салуулар сүйлөшүүлөрдү баштоого жолтоо болбошу керек”:

- Бул эми жүрөк оорута турган окуя болду. Албетте мен кол салууларды айыптайм, бирок аны кайсы бир деңгээлде ошол куралчандар менен болуучу сүйлөшүүлөрдүн бир бөлүгү катары кароо керек. Анткени алар: “сүйлөшүүлөр оңой менен башталбайт, бизди силер оңой менен сатып алалбайсыңар” деп жатышат.

Даниель Левинин айтымында мындай кырдаалда Израиль Махмуд Аббасты сындагандан көрө, ага колдоо көргөзүүгө тийиш. Айткандай эле Израилдин юстиция министри Ципи Ливни айым 14-январда берген интервьюсунда Израиль Палестинанын президенти Махмуд Аббастын аракеттерин колдоого алышы керек деп билдирди.

XS
SM
MD
LG