Анда премьер- министр Николай Танаев өкмөттүк жашыруун жыйында президенттин тапшырмасы боюнча бийликке ыңгайсыз саясатчыларды шайлоого катыштырбоо үчүн облустук, райондук деңгээлдеги жетекчилерге кандай көрсөтмө бергендиги айтылат. Баяндамага «Согушка даярдык же элдик кыймылга каршы кыйраткыч сокку» деген кошумча тема коюлган. Стенографиялык баяндамада саясий күрөштөгү кан төгүлүү ыктымалдыгы жөнүндө да сөз болот.
Маалымат каражаттары таркаткан бул баяндаманы кыргыз өкмөтү бейшембиде тараткан билдирүүсүндө кескин сынга алып, оппозициячылар тобунун кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган, алардын кызыкчылыгын коргогон материал катары бааланган. Билдирүүгө кол койгон өкмөт мүчөлөрүнүн бири, өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү министри Төлөбек Өмүралиев өкмөттүн билдирүүсүн төмөнкүдөй түшүндүрдү:
- Танаев жашыруун жыйын өткөрүп, Танаев ушинтти, ушинтти деп жазышыптыр. Ага мен өкмөт мүчөсү катары катышат элем да. Ой, мен катышпай калыптырмын десем, министрдин баары айтышат, биз да билбейбиз деп. Ошон үчүн биз билдирүү кабыл алдык. Өкмөттө эч кандай жашыруун жыйын өткөн эмес. Ооба, баарыбыз штабдын мүчөсүбүз. Жер-жерлерге барып, шайлоонун таза, акыйкат өткөрүү үчүн тизмелер такталсын, элде тынччылык болсун деп, ошонун артынан чуркап жүрөбүз. Элдин баары азыр келесоо эмес. Тескерисинче, эл өткөрбө дегенди өткөрөт.
Өкмөт өз билдирүүсүндө стенографиялык баяндаманы өлкөдө баш аламандыкты жаратуу, өкмөткө жалаа жабуу максатында атайын уюштурулган материал катары баалап, анын авторлорун аныктоону, мыйзам чегинде жоопко тартууну башкы прокруратурага сунуштай тургандыгын белгилеген.
Бул стенографиялык баяндама адегенде интернет аркылуу таратылып, алардын көчүрмөлөрү «МСН» жана «Республика» гезиттерине жарыяланган. Ошондуктан, бул маалымат каражаттары өздөрүн маалымат булагы катары эсептешпейт:
- Бере беришсин прокуратурага. Издешсин авторун. Биз интернеттен алганбыз аны, - дейт «Республика» гезитинин баш рекдактору, Кыргызстан Элдик кыймылынын маалымат катчысы Замира Сыдыкова. Анын пикиринде, өкмөттүн стенограмма боюнча оппозицияга коюп жаткан дооматы негизсиз, тескерисинче, бул өкмөттүн өзүнүн кылганы:
- Аны өзүбүз изилдеп, өзүбүз фактыларды таап, оппозициялык гезиттер өзүбүздүн атыбыздан өзүбүз деле чыгармакпыз да. Анан бизге интернеттен алып эмне убара? Алардын өздөрүнүн пиары деп көп айтып атышат. Өздөрүнүн пиары.
Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров болсо өкмөт бардык күнөөнү оппозицияга жөндүү да, жөнсүз да оодара берүүнү өнөкөткө айландырып алган дейт.
Ал эми коомдук уюмдардын жакында түзүлгөн Адилет шайлоо тилектештигинин башкы кеңешинин мүчөсү Дастан Сарыгуловду Кыргыз өкмөтүнүн баяндамага байланыштуу тараткан билдирүүсү ынандырбайт:
- Жыйын жөнүндө маалыматты кунт коюп окудум. Мен 90 % ишенем, ушу жыйын болгонуна. Себеби, ошо жыйынга катышкан адамдардын сүйлөмдөрү, сөздөрү окшош болуп турат чындыкка. Айрымдарын тааныйм, айрымдарын билем, алардын ой жүгүртүүсү кандай, алардын сүйлөмдөрү кандай. Ошолорго окшош болуп турат.
Дастан Сарыгуловдун маалыматына караганда, Адилет шайлоо тилектешигинин башкы кеңеши стенографиялык баяндаманын чын-бышыгын териштирүү үчүн Жогорку Кеңеш коомчулук менен бирге коомдук-иликтөө жүргүзүүчү калыстар тобун түзүү зарыл деп эсептейт:
- Илгерки Чили өлкөсүндөгү аскерлер хунтасын элестетет, Танаев өткөргөн жыйын. Бул өтө коркунучтуу коомчулук үчүн, эгерде чын эле ошо жыйын болсо. Эгерде жыйын андай болбосо, ошол болду деп жарыялаган гезиттер коомчулук алдында жоопкерчилик тартыш керек. Бул оңой иш эмес да, элдин баарын дүрбүтүп, чоң бүлүк салып, элдин ынтымагын ыдыратканды көздөгөн болуп калат, эгер жалган болуп калса, - дейт башкы кеңештин мүчөсү, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов