Конституциянын 42-беренесинде мамлекет башчы өлкөдөгү бардык саясий окуяларда калыс болуп, өлкөдөгү ар бир атуулдун укук, эркиндигинин сакталышына жана мыйзамдын бузулбашына кепили болушу керек деп жазылган. Ал эми айрым саясатчылардын жана байкоочулардын пикиринде, мамлекет башчы Аскар Акаев Конституциянын жана башка мыйзамдардын бузулбоосуна кепил болуштун ордуна соңку мезгилдери өзү баштап кыргыз оппозициясын бир жактуу каралап, депутаттыка талапкердиги көрсөтүлгөн кызы Берметти ачык эле мактап шайлоо мыйзамдарын бузууга барууда:
-Мамлекет башчы оппозициячыл маанайдагы саясатчыларга каршы гана үгүт жүргүзбөстөн, өзүнүн жакын туугандарын колдоп да үгүт жүргүзүүдө. Ал эми анын кол астындагы Улуттук теле-радио компания мамлекет башчы Аскар Акаевдин кызын мактап, күнүнө маалымат берүүдө. Бул түздөн-түз мыйзамдын бузулушу.Ушундан улам келээрки шайлоолор адилет өтөт дегенге ишениш кыйын. -дейт Мыйзам чыгаруу жыйын депутаты Өмүрбек Текебаев.
Белгилей кетүүчү нерсе, мамлекет башчы Аскар Акаев облус калкы менен жолугушууда кыргыз оппозициясынын аракетин же «жибек ыңкылбынын» натыйжасында бийликке келген Украина, Грузия мамлекет жетекчилерин каралап, катуу сынга алууда. Маселен, 14-январда Ошто сүйлөгөн сөзүнө Аскар Акаев Украина президенти Виктор Ющенкону 600 жүз миллион доллар акчанын жоголушуна катышы бар деп айыптап, Украинадагы дагы бир белгилүү саясатчы Юлия Тимошенкону жүздөгөн миллион долларды уурдап алган деп сынга алды:
-Украинанын азыркы болгон президенти мурда улуттук банктын төрагасы болчу. Ал убагында 600 миллион доллардын жоголушуна катышы бардыгынан кызматтан кеткен. Ал эми анын оң колу Юлия Тмошенко болсо, Орусия, Түркмөнстан, Украинанын ортосундагы жаратылыш газынан жүздөгөн миллион доллар уурдап, «эң чоң коррупционер» делинип эл аралык издөөдө жүрөт. Мына ушундай адамдар бийликке келишти. -деди мамлекет башчы Аскар Акаев.
Мамлекет башчынын жогорудагыдай пикири коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Эдил Байсаловдун пикиринде, Аскар Акаевдин мындай сөзү келчекте Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы өз ара мамиленин начардоосуна алып келиши ыктымал:
Украина европадагы ири, таасирдүү өлкөлөрдүн бири. Ющенкону учурда дүйнөдөгү бардык өлкөлөр колдошууда. Ал эми Аскар Акаевдин Украинанын жаңыдан шайланган президентин кескин сынга алышы туура эмес жана ал эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин бузулушуна алып келиши ыктымал. -дейт Эдил Байсалов.
Айта кетүүчү нерсе президенттик админстрация жана президенттин маалымат кызматынан жогорудагыдай маселе боюнча пикир алуу аракетибизден натыйжа чыккан жок. Ошондой эле мамлекет башчынын шайлоого байланыштуу аракетине БШК нын алдындагы үгүт иштерине көзөмөл салуу комиссиясынын жетекчиси Туйгуналы Абдраимов кандайдыр бир пикир айтуудан баш тартты. Ошондой болсо да жарандык коом өкүлдөрүнүн жогорудагыдай пикирине аткаруу бийлик өкүлдөрү макул эмес. Маселен, Ыссыкөл обласынын губернатору Токон Шайлиева мамлекет башчынын аракети Украина менен Кыргызстандын ортосундагы мамилеге тескери таасирин тийгизбейт деген ойдо:
Мен Аскар Акаевди колдойм. Анткени ал болгон окуяны айтып жатат. Бул чындык болгондуктан эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизбейт.
Айтор мамлекет башчынын соңку мезгилдеги аракеттери тууралуу өлкөдө түрдүү пикирлер жаралууда. Коомчулукта жаралган мындай нааразылыктарга аткаруу бийлиги тарабынан кандайдыр бир расмий жооп болобу же жокпу аны убакыт көрсөтөт.