Дагстандын эки калаасында жикчилдер менен федералдык күчтүн кармашы болду. Элден мурда милиция менен белгисиз кишилер ок атышуусу болду. Милицияга колдоо көргөзгөнү келген “Альфа” тобунун тандалма жоокерлери жикчилдерди кармап алуу аракетинде болду. Акыры ок атышуу 14 саатка созулуп, майнап чыкпаганда, Буйнакта жайгашкан согуштук базадан, 136-чы бригадасынан танк айдатып келип жикчилдер бекинип жаткан тамды тебейлетип ташын талкан кылганда гана кармашып аткан тарап тынчыган.
Ишемби күнкү Дагстандагы кармаш Чеченстандагы жикчилдер кармашын эске салат. Кийинки келген маалыматка караганда, Дагстанда колуна курал алып таймашка түшкөн кишилер эсеби бешөө болгон экен. Баары өлүптүр дешет. Аларга чабуул жасап атканда атайын кызматындагы офицерлер ичинен төртөө курман болду дешет. Дагстан боюнча коопсуздук кызматынын федералдык башкармасынын өкүлү Николай Грязновдун билдиргенине караганда, бул жолу дагстандык жикчилдер ири терордук акты өткөрүүнүн камын жеп атышкан:
Алар жумурията Бесландагыдай кең масштабдуу террордук акты өткөрүүнү каалашкан, - дейт.
Танкеге сүздүрүп жылан боор чоюн таманы менен тепсетип ташын талкан кылган үйдүн журтун кайра ачуу бул күнү б.а. жекшембинин таңында колго алынган. Ал жерден чыккан беш жикчилдер сөөгүн изилдеп чыгышып, үчөөнүн ким экенин толук такташкан. Дагстан ички иштер башкармасынын маалымат боюнча кызматынын жетекчиси Абдулманан Мусаев ал туурасында:
Укук коргоо органдарына үчөөнүн ысымы белгилүү болду, бирок иликтөө иштери аяктаганга дейре аларды атоого болбойт, - дейт ал.
Махачкала шаарда Алтынчы магистральная көчөсүндө үйгө баш калкалап кире качкан жикчилдерди көргөн ал үйдүн тургуну Ильяз Курбанмагомедов мындайча эскерет:
Таңкы саат жетилер эле. Мен тааныбаган бир уландар үйгө өздөрү кирип келишти. Кайсы улуттан экенин да баамдап үлгүрбөдүм. Анан ОМОН келип үйдү курчоого алышты… Кыскасы тамды тургус кылып кыйратып кетишти, - деди кармашты баштан-аяк көргөн жигит.
«Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы» деп дагстандагы окуяга карапайым тургун менен бийликтегилер пикири ушундайча эки ачакей чыгууда. Бийликтегилер бул жолку самаганы Дагстанда биринчи терорчу аталган Макашариповду колго түшүрүү болгон экен. Ал кураган кол кийинки кездерде 20дан артык милиция жана коопсуздук кызматында кишилердин көзүн тазалап кетишкен дешет.