Ушул жагдайда көз караштардын кагылышуусу Парламенттик шайлоо алдында күчөөдө. Бийлик менен оппозициянын ортосунда жүрүп жаткан тирешүү соңку кездерде жалпы коомчулуктун көңүлүн бурдуртуп, алар да өз пикирлерин ортого салышууда. “Азаттыкка” кайрылган угармандардын көпчүлүгү бул маселе боюнча ар кыл көз карашта:
- Мен Эсенбий Токтомушевмин, тезинен Президенттин кол тийгистиги тууралуу мыйзамды өзгөртүү керек. Бүт колундагы байлыкты сатып сырткы жана ички карыздардан кутулуп, ордун тазалап кийинки Президентке өткөрүп бериш керек.
- дейт Эсенбий Токтомушев. Эл арасынан айтылган мына ушундай пикирлерге күн сайын күбө болууга аргасыз болобуз. Бүгүнкү бийликке элдин ишеними кетип, эч кандай урмат-сыйга ээ болбой калганын Кыргызстан элдик кыймылынын жетекчиси Курманбек Бакиев да баса белгилеп келет.
- Бүгүнкү бийликтин ушунчалык кадыр-баркы кетип, ишеним болбой калды.
Ал эми бийлик өкүлдөрү жана анын жактоочулары тескерисинче бийликтин жаңылануусун каалабайт. Алар бийликтин жаңылануусунан эмне себептен кооптонуп жатканын жакында “Адилет” партиясынын курултайында Академик Мамбет Мамакеев залда отургандардан жашыра албай ачык айтып алды.
- Мен ачык эле айтам, эсиңерде болсун дейм да бир жагынан, кокус, анын бетин ары кылсын, кокус бирдеме болсо, жанагы оппоненттин бирөө келсе эмне болоорун ойлоп койгула. Бардык жагынан 100% бир жылдын ичинде түшүп кетпесе мен эртеси башымды кесип берейин.
Академик Мамбет Мамкеевдин мындай көз карашы менен “Атажурт” бирикмесинин төрайымы Роза Отунбаева макул эмес. Ал тескерисинче 13 жыл аралыгында Президент алгылыктуу иш жасай албаганын, учурда кетпөөнүн амалын көздөп болгон аракетин жумшап жатканын ортого салат.
- Биздин Президентибиздин колунан эмне келиптир? Мына 13 жылдан бери Кыргызстанды эмнеге алып келди Президент? Колунан келгенин эл сынасын азыр. Ошондуктан мен ойлойм мынча тыбырабайт эле Президент. Күнүгө гезиттерге шыбабайт эле бизди. Мынча бизге килейген пиар жасабайт эле. Мына ушунчалык биз тынчын кетирип атабыз азыркы бийликтин.
дейт Роза Отунбаева. Анткени менен Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов бийликтин аткарып жаткан иштери, көздөгөн максаты туура деп эсептейт.
- Адам баласы бардыгыбыз эле нарк насил менен жүрөбүз. Элдин баары оңу деле солу деле түз жүрсө, бирөөнү сатпаса, бирөөгө бир жаманчылык кылбаса өз жолу менен келатса элдин баары эле ошону жакшы дейт. Ошондуктан мен ойлойм бийлик бүгүн туура нерсени айтып атат. Ушул жолдон тайбайлы деп атат.
Осмонакун Ибраимовдун мындай пикирине көпчүлүк эксперттер кошула бербейт. Айрыкча маалымат каражаттарына жарыяланган макалаларда айрым журналисттер азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты менен макул эместиктерин ар тараптан чагылдырып келет. Алардын бири “Аалам” гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев “Азаттыкка” мындай дейт:
- Алсыз бийлик гана дайыма ыплас жолдорго барат. Элдин алдында кадыр баркы жок, элдин сыйына, элдин ишенимине ээ боло албаган бийлик түрлүү ыплас жолдорго барат. Мына азыр ошондой ыплас ыкмалар көп колдонуп атканы ошондон.
Кыргыз бийлигинин учурдагы аракеттери тууралуу “Аалам” гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеевдин ойу ушундай. Көпчүлүк эксперттер азыркы учурду өткөн кылымдын 90 – жылдарындагы окуя менен салыштырат. Ал учурда да бийлик менен анын каршылаштарынын ортосунда тирешүү күчөп, натыйжада Кыргызстанда жибек төңкөрүшү болуп бийлик жаңыланганын көпчүлүк талдоочулар эскеришет.