Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

МААЛЫМАТ УРУШУ: КИМДИ КИМ КӨРДҮ…


Бекташ Шамшиев, Бишкек. Парламент шайлоо жакындаганы Интернет мейкининдеги маалымат урушу күчөгөндөн-күчөп баратат. Башында оппозиция мүчөлөрү ичара келише албай атышканы маалымдалып келсе, соңку кездери аныгы менен апыртмасы такталбаган кеп-сөз президент акимчилик жетекчи орунбасары менен өкмөт башчысына багыттала баштады.

Жаңы кылымга мүнөздүү белги: бул ирет саясий күчтөрдүн тирешүүсү негизинен Интернет мейкининде жүрүүдө. Маалымдоо каражаттары алардын ичинен керектүү делгенин иргеп алышууда. Оппозиция короосуна таш ыргыткандарды өкмөттүк маалымадоо каражаттары илип алып жарыя кылуунун кыныгын алса, жакындан бери эркин гезиттер эски жыл соңундагы өкмөттүк жашыруун жыйын, президенттик акимчиликтин жетекчи орунбасары Болот Жанузаковдун өткөн жылдын сентябрь айында өкмөт башчыга жолдогон катынын текстин көчүрүп басышууда.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Роза Отунбаева Болот Жанузаковдун өкмөт башчыга көрсөтмө каты бийлик шайлоону кантип өткөрүүнүн амалын издеп аткандыгын көрсөтөт деген пикирде.

- Сентябрдан баштап эле булардын башы катып атыптыр да. Шайлоону кантип бурмалап, кантип бузуп, кандай талапкерлерди шайлоого киргизиш керек экен, кайсыларды четке кагыш керек экен, кайсы гезиттерди жабыш керек экен, деп биртоп гезиттерди атап кетиптир. «МСН», «Республика», «Трибуна» дейт. Прогрессивдүү нерсе болсо эле бул өкмөткө азыр оппозиция болуп жатпайбы.

«МСН» гезитинин саясат бөлүмүнүн жетекчи редактору Рина Приживойттун ырасташынча, шайлоо алдында эркин маалымдоо каражаттарынын «оозун басуу» аларды маалымат мейкининен сүрүп чыгарууну түшүндүрөт.

- Маалымдоо каражаттарынын «оозун басуу» деген, менимче, аларды өлкөнүн маалымат мейкининен чыгарып салуу, - дейт Р.Приживойт.

Парламент депутаты Дооронбек Садырбаев бийлик чындыктан коркот деп эсептейт. Аксы алааматынын алдында айрым депутаттарды жаманатты кылуу аракети а кездеги президент акимчилигинин жетекчиси Аманбек Карыпкуловдун колу менен жасалганын Д.Садырбаев мындайча түшүндүрөт:

- Мындай кат болбойт деп айталбайм. Куду ушул Б.Жанузаков Н.Танаевге жазгандай катты, бая эсиңерде барбы, Аксы окуясы маалында президенттик администрация башчысы Аманбек Карыпкуловдун «депутаттар Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев, Дооронбек Садырбаев, Азимбек Бекназаровдун округдарында депутаттыкка таймашып, өтпөй калган кандидаттарды көкүткүлө, ошолор элдин алдында булардын кадыр-баркын түшүрүп берсин», деген сунуш катын кармап алып аны мойнуна алышка аргасыз кылганбыз.

«МСН» гезитинин башкы редактору Александр Ким чоң саясий өнөктүк алдында каршылаштарынын тизгинин тартып коюу бийликтин такай жасап келаткан амалы дейт:

- Бийлик азыр азганакай адамдардын, тактап айтканда, бир үй-бүлөнүн гана толук кызыкчылыгын коргоп калган. Жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы деп иштөөнүн ордуна алар болгон күчүн президент үй-бүлөсүнүн бейгам жашоосуна жумшоодо. Иштин негизги мазмуну ушундай.

Президенттик акимчиликтин жетекчи орунбасары Болот Жанузаков көрсөтмө катты бийликти жаманатты кылгысы келген, өлкө бейпилдигин каалабаган караниет күчтөр жазышкан деп эсептейт.

- Мындай кат болгон эмес жана болууга мүмкүн эмес. «Кара пиар» деген ушул. «Пиар технология» деген ушул. Ошол үчүн жанагы кыргыздар айткандай, «бөйрөктөн шыйрак» чыгарып, жумурткадан кыр издеп, элди чаң-тополоңго чакырып, элдин айласын кетирип аткан ушул биздин саясатчылардын кылык-жоруктарынын бирөөсү.

Катары улам калыңдап бараткан азыркы бийлик каршылаштарынын аракети менен жасалып аткан маалымат урушу аягы келип калк көңүлү буруу аракетинен чыгып атканы белгилүү. Анын жыйынтыгын февраль айынын этегинде өтүүчү парламент шайлоо көрсөтмөкчү.

XS
SM
MD
LG