Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:34

ОТУНБАЕВАНЫН АРЫЗЫН ЖОГОРКУ СОТ КАНААТТАНДЫРГАН ЖОК…


Жаркын Темирбаева, Бишкек. Роза Отунбаева №1 Университет округдук шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкер катары каттоодон өткөрбөй жаткандыгына байланыштуу берген арызын алгач Ленин райондук сот канааттандырган эмес.

Ага нааразы болгон Роза Отунбаева райондук соттун чечимин жокко чыгарып, талапкер катары шайлоого кирүү укугун мыйзамдын негизинде тастыктап берүү өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. 18-январь күнү Жогорку сот коллегиясы экс-элчинин аппеляциялык тартипте кайрылган арызын карап, биринчи райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Отунбаеванын арызын караган соттук ишке төрагалык кылган Алмаз Кудайбергенов чечим тууралуу мындайча маалымдады:

- Бул бир гана менин чечимим эмес. Жалпы соттун чечими. Мыйзамда ушундай. Мыйзамда кандай жазылса так ошондой чечим чыгаруубуз керек.Кыргызстанда 5 жыл жашаш керек эле.
деди судья Алмаз Кудайбергенов.

Жогорку соттун судьясы Алмаз Кудайбергенов Отунбаеванын арыздануусу жөнсүз, шайлоо кодексиндеги жободо ар бир талапкер акыркы беш жылда туруктуу жашоосу абзел деген пикирде. Жогорку сот коллегиясы Отунбаеванын арызына акыйкаттуу мамиле болду дешет. Бирок, Отунбаеванын жактоочусу Нурлан Сыдыков Жогорку соттун чечими акыйкатсыз деп эсептейм дейт:

- Жогорку сот адилет карган жок
ушундай пикир айтты Отунбаеванын жактоочусу Нурлан Сыдыков.

Сот ишине катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлүнө кайрылып, Отунбаеванын соту тууралуу өз пикирин сураганыбызда түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.Ушинтип өз пикирин айтуудан тайсалдаган жигит Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Болот Баймединов экен. Отунбаеванын адвокаты Жогорку соттун чечиминен соң Конституциялык сотко кайрылабыз дегендей пикирин билдирди:

Соттор үчүн акыркы 13 жыл бекер кетиптир. Акаев сот системасын реформа жасадык деди эле. Жасаганы ушубу? Муну менен эле тынчып калбайбыз. Конституциялк сотко, эл аралык сотко кайрылабыз.
деди Роза Отунбаева.

Отунбаеванын соттук ишине онго жакын жактоочулары катышты.

XS
SM
MD
LG