Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК БАЙКООЧУЛАР ИШКЕ КИРДИ


Айданбек Ташкенбаев, Бишкек. 18-январдан тарта Бишкекте Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулары иштей баштады. Аларды Словакиянын элчиси Любомир Копай жетектөөдө.

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму Кыргызстандагы 2000-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында шайлоо эл аралык стандартка ылайык эмес, демократиялык талаптарды бузуу менен өткөрүлдү деп, өз отчетунда белгилеген.
Бул жолу ЕККУ 27-февралга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 170 байкоочуну чакырууда. Шейшемби күнү өткөрүлгөн маалымат жыйынында айтылганга караганда, учурда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу миссиясын Бишкекте ачты. Анда 12 эл аралык кызматкер иштей баштады. Жакынкы күндөрдө бир катар өлкөлөрдөн узак мөөнөттүк 18 байкоочу келмекчи. Алар өлкөнүн региондорунда иш жүргүзөт.
Байкоочулар иши тууралуу элчи Любомир Копай буларды билдирди:

Узак мөөнөттүү байкоочулар биздин миссиянын көзү жана кулагы болмокчу. Алар өлкөнүн бардык региондоруна жайгаштырылып, шайлоо алдындагы үгүт иштерине, даярдыктын жүрүшүнө көз салып, жалпы шайлоого баа беребиз. Добуш берүүнүн алдында кыска мөөнөттүү 170 байкоочу келсин деп жатабыз. Алар добуш берүүнүн өзүнө, бюллетендерди саноого, жыйынтыктарды чыгарууга байкоо салат.

Өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри, “Жаңы багыт” коомдук-саясий кыймылынын лидери Муратбек Иманалиев байкоочулар тууралуу мындай пикирин билдирди:

Байкоочулар деген өтө позитивдүү фактор. Алар шайлоонун адилет өтүүсүнө жардам берет. Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюронун байкоочулары абдан даярдалган байкоочулар. Алардын Борборшайлоокомдун, администрациянын, өкмөттүн позициясына таасири чоң болот.

27-февралдагы парламенттик шайлоого көз салууга жергиликтүү байкоочулар да даярдык көрүүдө. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясы 1.5 миңдей байкоочу коюуга аракет кылууда. Коалициянын президенти Эдил Байсалов ЕККУнун байкоочуларынын миссиясынын мааниси тууралуу буларды билдирди:

ЕККУнун байкоочулары аркылуу эл аралык коомчулук, Европа, АКШ Кыргызстандагы шайлоо жөнүндө маалымат алышат жана анын баасын жетекчиликке алышат. 2005-жылы Кыргызстанда шайлоо таза өттү, өтпөдү деп баа берүү ушул ЕККУнун байкоочуларынын колунда.

Борборшайлоокомдун маалымат кызматынын жетекчиси Нина Мухинанын маалымдоосуна караганда, 2000-жылдагы шайлоого 250 чет өлкөлүк байкоочу көз салган, быйылкы жылы ошонун тегерегинде болушу ыктымал. Ал эми КМШ мамлекеттеринен 30 тегерегинде байкоочу келет, деп белгиледи Нина Мухина.

XS
SM
MD
LG