Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨ ЖҮРГӨН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН ШАЙЛООГО КАТЫШУУСУ КҮМӨН


Өлкөдөгү жумушсуздуктун айынан 300 миңден ашуун кыргызстандык атуул Орусия, Казакстан жана Батыш мамлекеттеринде убактылуу иштеп жүрөт. Алар алдыдагы парламенттик шайлоого катышып, добуш бере алабы?

Айрым маалымат булактарында Орусия менен Казакстанда эле учурда 300 миңдей кыргызстандык атуул иштеп жүргөнү маалымдалат. Ал эми Батыш жана Азия өлкөлөрүндө 5-6 миңден ашуун кыргызстандык иштеп, окуп жүрүшкөнү тууралуу пикирлер да бар. Чет өлкөлөрдө убактылуу иштеп, окуп жүргөн кыргызстандык атуулдар алдыдагы парламенттик шайлоого катыша алабы? Алар добуш берүү үчүн шайлоо участоктору кайсыл өлкөлөрдө уюштурулуп жатат? Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева мындай деди:

- Дүйнө жүзүндөгү Кыргызстан менен дипломатиялык байланышы бар чет өлкөлөрдө 26 консулдук аймактарда шайлоо участоктору ачык болот. Ошондой эле Орусия менен Казакстанда убактылуу иштеп жүргөн мекендештер шайлоодо добуш берүүсү үчүн 5 пунктта шайлоо участоктору иштейт.
Ал эми чет өлкөлөрдө консулдук каттоодо турган бардык атуулдарыбыз шайлоого катышууга укуктуу. Ошондой эле шайлоого катышкысы келген консулдук каттоого алынбаган жарандарыбыз Мекенибизге кайтып келип, бул жакта добуш берүүгө укуктуу. Орусия менен Казакстанда легалдуу иштеп жүргөн, убактылуу каттоого алынбаган, бирок паспортунда чет элдик виза баракчасы ачылган атуулдарыбыз ошол аймактагы шайлоо участокторуна катталып, парламенттик шайлоодо добуш бере алышат.



Чет өлкөлөрдө иштеп, окуп жаткан атуулдардын саны, тизмелери ошол мамлекетеги элчиликтер тарабынан такталып жатканын, Европа биримдигине кирген өлкөлөрдө 70тен- 2720га чейин атуул шайлоодо консулдук участоктордо добуш бере алаарын, өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева билдирди.

Ушундай иш -чаралар болуп жактанына карабай Орусия менен Казакстанда убактылуу иштеп жүргөн 500 миңден ашуун кыргызстандыктардын баары парламенттик шайлоого катыша албай калышы мүмкүндүгүн
Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспорлорунун “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Мухтар Өмүракунов айтып, өз пикирин мындайча билдирди:

- Орусия менен Казакстанда убактылуу иштеп жаткан кыргызстандык атуулдардын санын так билүүгө мүмкүн эмес. Айрым атуулдарыбыз эч кандай каттоого алынбай иштеп жүрүшөт. Орусияда эле 300 миңдей кыргызстандык жарандар убактылуу каттоого алынса, ал эми Казакстанда 100- 150 миң кыргызстандык жарандар иштеп, убактылуу жашап жүргөнү тууралуу элчиликтерибиз маалымат берген. Бул 10-15 шайлоо аймагынын калкы чет өлкөлөрдө жүрөт дегендик.
Ошондуктан парламенттик шайлоого биздин мекендештерди катыштыруу маселесин биз жарым жылдан бери көтөрүп келатабыз. Биздин шайлоо кодексинде ошол чет жерде жүргөн мекендештердин кызыкчылыгы, шайлоо укуктары эске алынбай калган. Парламент жана өкмөт да чет өлкөлөрдө убактылуу иштеп жүргөн атуулдардын кызыкчылыктарын эске алып, шарт түзүп берген жок.
Кыргызстандыктардын 2004- жылдын 1- январына чейин консулдук каттоого алынганы гана шайлоого катыша алышат. Калгандары сыртта калып жатат. Биздин миңдеген жаран туулуп- өскөн жерине кайтып келип, шайлоого катышып, добуш берүүсү керек. Атайын добуш берүү үчүн мекенибизге кайтып келүүгө алардын мүмкүнчүлүгү жок. Ошентип, миңдеген жараныбыз шайлоого катыша албай калмакчы.



Чет өлкөлөргө барып иштеп жаткан кыргызстандыктар да Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө олуттуу салым кошуп жатышканын, алар да өлкөнүн патриоттору экендигин, парламенттик жана президентик шайлоолорго катышууга укугун камсыз кылуунун зарылдыгын Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Акылбек Жапаров айтып, өз пикирин мындайча билдирди:

-Чет өлкөлөрдө убактылуу иштеп, каттоого алынбаган атуулдарыбыз шайлоого катышпай калып жатат. 500 миңден ашуун кыргызстандык чет жерде жүрүшөт. Менин оюм боюнча аларга шайлоого катышып, добуш берүүсүнө шарт түзүү керек. Ал түгүл Орусиянын жакын жайгашкан шаарларындагы атуулдарыбыздын шайлоо аймагын түзүүгө саны жетсе, кийин атайын шайлоо участогун ачып берүү зарыл. Бара-бара аларга шарт түзүп, добуш берүүсүн камсыз кылуу зарыл. Антпесек, кийинки президенттик шайлоодо да кыйын кырдаал түзүлүшү мүмкүн. Алардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу зарыл болуп турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG