Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:51

КОНДОЛИЗА РАЙСТЫН КОМАНДАСЫ АЙКЫН БОЛО БАШТАДЫ


Шейшембиде Кондолиза Райс сенаттын сынагынан өтмөкчү. Тышкы байланыштар комитети мамлекеттик катчылыкка талапкерге суроо берип, анын келечек пландарын талкуулайт. Кандидатурасы бекитилгенден кийин Кондолиза Райс АКШнын 66 мамакатчысы катары расмий түрдө ишке киришмекчи. Америкалык бир катар гезиттер ушул темага кайрылып, мамлекеттик депаратаменттин жаңы командасынын курамын байма бай талкуулап жатышат.

Ак-Үй Кондолиза Райстын ант берүүсү президент Буштун инаугурациясы маалында болот деп пландаган эле. Бирок сенаттын тиешелүү комитетиндеги талкуу 2 күнгө созулуп кетиши мүмкүн, - деп жазат “Нью-Йорк таймс” гезити.

Комитеттин мүчөлөрү президенттин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Райска олуттуу суроолор менен кайрылаары күтүлөт.

- Мен Сенаттын макулдугун алам деп үмүттөнөм. Президент мырза, сиздин администрацияга, өлкөмө дагы бир жолу кызмат өтөө мен үчүн чоң сыймык, - деген Райс анын талапкерлиги жөнүндө жарыялангандан кийин.

Өткөн аптада болочок мамлекеттик катчы жаңы командасындагы негизги орундарга өзүнүн жакын шериктерин тандады.

“Вашингтон пост” басылмасынын жазышынча, мамлекеттик катчынын биринчи орун басары болуп Роберт Цөллик дайындалат.

Буга дейре ал АКШнын соода боюнча атайын өкүлү болчу. Харвард университетинде билим алган Цөллик карьерасын 1985-жылы финансы министрлигинде баштаган. Ал кездери мекемени кийин мамлекеттик катчы болуп дайындалган Жэймс Бэйкер жетектечү. Бэйкер жаңы кызматка которулганда, Цөллик анын кеңешчиси болуп калган.

Цөллик 1990-жылы Германиянын биригүүсүнөн кийин Берлинди оккупациялап алган 4 мамлекеттин өз ара мамилелерин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдө негизги арачылардын бири болгон.

1992-жылы Цөллик Ак-Үйдүн кадрлар боюнча бөлүмүнүн жетекчи орун басары болуп дайындалган.

Мамлекеттик депаратаменттеги 3-жогорку кызматты Николас Бөрнс ээлейт деп күтүлүүдө. Кесиби боюнча дипломат Бөрнс ушу тапта Кошмо Штаттардын НАТОдогу элчиси. Клинтон администрациясы маалында ал мамлекеттик катчылар Уоррен Кристофер жана Мэдлин Олбрайттын басма сөз өкүлү болуп келген. Грецияда Косоводогу кризистен улам антиамерикалык маанай күчөп турган кезде Бөрнс Афиныга элчи болуп жиберилген.

Мамлекеттик катчынын курал көзөмөлү жана эларалык коопсуздук боюнча орун басарынын портфели Роберт Жозефке тиет деп болжолдонууда. Жозеф бул кызматта Коллин Пауээлдин командасындагы консерваторлордун бири – Жон Болтонду алмаштырмакчы.

Катчылыктан кетүүгө даярданып жаткандардын арасында мекемеде 34 жылдан бери иштеп келаткан Элизабет Жоунс да бар. Жоунс айым мамкатчынын Европа иштери боюнча жардамчысы болчу.

“Файненшнл таймс” гезити болсо саясатты пландоо бөлүмүнүн жетекчиси болуп Стефен Крэснер дайындалат деп жазат. Крэснер Стэнфорд университетинин эларалык байланыштар боюнча профессору. Бир кездери Райс айым ошол окуу жайынын ректору болгон. Баса, профессор эларалык кылмыш соту демократия принциптерине сыйбайт деп, анын түзүлүшүнө каршы позициясы менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG