Жогорку Кеңештин имаратынын маңдайында 8-январдан бери уланып жаткан пикетке бул күнү экс-элчи Роза Отунбаева жана Мамбетжунус Абыловдун укугун коргоо комитетинин 30дан ашык өкүлү чогулушту. Алар мурдагыдай эле «Экс-элчилер шайлоого катышсын», «Парламенттик шайлоо адилет өтсүн!”,”Мыйзам бузууларга жол бербейбиз!” деген плакат, транспоранттарды кармап турушту. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Шайлоо Кодексинен экс-элчилердин парламенттик шайлоого катышуусуна тоскоолдук кылган беренени алып салуу жөнүндөгү мыйзамды кабыл алды деп кабарлашканда алар кол чаап катуу кубанышты. Бирок, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин мыйзам долбоору палатанын ишмердиги жөнүндөгү жаңы регламентти бузуу менен кабыл алынды, ошон үчүн ага президент кол койбой коюшу мүмкүн деген маалыматын угушкандан кийин нааразылык күчөп, өз талаптарынан кайтпай тургандыктарын дагы бир жолу жарыя кылышты. Ал тууралуу Роза Отунбаеваны коргоо комитетинин мүчөсү Ракыя Жусупова:
-Биз мурдагы элчилердин укугу корголмоюнча тура беребиз. Мына азыр эле мыйзам кабыл алынды деп чыгышты.Биз сүйүнүп атсак эле кайра талкууланып жатат деп калышты. Демек, мыйзам өзгөртүлүп, ага президент кол коймоюнча биз тура беребиз. Мыйзамга президент качан кол койсо биз пикетти ошол замат токтотобуз.
Экс-элчилердин шайлоого катышуусуна жол ачуу мыйзамдын арсар тагдыры аныкталмайынча акциясын уланта турган пикетчилер экс-элчилер парламенттик шайлоого катыштырылсын деген мурдагы талабына кошумча «президент мыйзамга тезинен кол койсун» деген талапты коюу чечимине келишти. Ал тууралуу «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова:
-Пикетчилер мындай чечимге мыйзамга президенттин кол коер же койбосу белгисиз болгондон кийин келишти. Анын негизинде мындан ары президент мыйзамга тезинен кол койсун деген талап кое турган болушту.,- деп билдирди.
Ал эми 19-январда 400 адамдын катышуусу менен өткөн митинг менен жөө жүрүшкө катышкан «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагысынын орун басары Ишенгүл Болжурова менен кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевге каршы Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү Административдик Кодекстин 247,371 жана 392 –беренелери боюнча жолдо жүрүү эрежесин бузган, тартип коргоо кызматкерлерине баш ийбей койгон жана уруксат берилбеген митинг, жөө жүрүшкө чыгып, атуулдардын укугун басмырлаган деген айып коюп, административдик иш козгоду. Топчубек Тургуналиевдин билдирүүсү боюнча , иш козгоого 17 милиционердин даттануусу себеп болгон:
-Болгондо да материал 43 баракка жазалыптыр жана таң кала турган, таптакыр болбогон нерселер жазылыптыр. Мисалы, митинг, жөө жүрүш жүрүп жатканда Тургуналиев, Болжурова жана башкаларга нечен жолу эскертсек дагы бизди тоготпой коюшту деп жазышыптыр. Алардын жазуусу боюнча прокурорлор келген имиш. Ооба, Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын башчысынын орун басары Петр Тяблин келиптир, бирок, ал саат экиге жакын, биз тарап кеткенден кийин келиптир. Анан таң кала турган дагы бир нерсе-бир эле милиционер экиден рапорт жазыптыр. Алардын фамилиясы да, колу да опокшош.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Нурдин Жангараевдин билдирүүсү боюнча, тартип коргоо органдары эки саясатчыга каршы административдик иш мыйзам талабына ылайык козголду. Анын себеби:
-Жакында эле Бишкек шаардык кеңештин мыйзамсыз митинг, жүрүш,пикеттерди уюштурууга тыюу салган атайын токтому чыккан эле. Андан тышкары аларды уюштуруунун мыйзам чегиндеги тартиби бар. Эгер пикетке чыгып, нааразылыктарын билдире турган болсо алар райондук бийлик органдарына 10 күн мурун, алдын-ала арыз менен кайрылыш керек болчу. Анын үстүнө митинг, пикетти М.Горькийдин эстелиги турган аллеяда өткөрүүгө гана уруксаат берилет. А булар шаардын чоң көчөлөрү менен басышып, жол кыймылына жана элдин коопсуздугу менен тынчтыгына жолтоо болушкан. Ошондон улам бийлик органдары ушундай чара көрүүгө мажбур болушту.
Нурдин Жангараев андан тышкары Бишкектин кичирайондорунун, жаңы конуштарынын жана ар түрдүү эмгек жамааттарынын Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине кайрылуулары түрткү болгондугун кабарлады.
Анын айтымында, алар өз кайрылууларында борбордо тынчтыкты сактап, коопсуздукка коркунуч жараткан көрүнүштөргө каршы чара көрүүнү бийлик органдарынан талап кылышкан.
Ал эми «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова ички иштер бөлүмү койгон айыпка макул эмес. Ал бул азыркы бийликтин мыйзам жолу менен алмашуусун жана мыйзамдуулукту талап кылып жаткан күчтөрдүн мизин кайтаруу жана жүрөк үшүн алуу үчүн атайылап, жогор жактан берилген көрсөтмөнүнүн негизинде жасалып жаткан аракет деп баалады:
- Бул административдик чара эмес,бул саясий куугунтуктун башталышы. Чоңдорубуз милициялардын чогулушунда жана дубандарга барып, оппозицияны соккуга алабыз деп кыйкырып айтып жаткан чакырыгынын биринчи жолу ишке ашышы. Мен Конституциянын бир дагы беренесин бузган жокмун. Инсан катары гана өзүмдүн укугумду коргоп жатам.
Ишенгүл Болжурованын ишениминде, канча кысым болбосун оппозиция көздөгөн максатынан кайтпайт.