Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫН ОРУСИЯЛЫК МУСУЛМАНДАР ДА БЕЛГИЛЕШТИ.


Төрөкул Дооров, Москва 20-январда Курман айт майрамын орусиялык мусулмандар да белгилешти. Орусиянын бир катар региондорунда, Ингушетия менен Чеченстанда, Башкыртыстанда жана Татарстанда айт намазына миңдеген мусулмандар топтолуп, көзү өткөндөргө багыштап куран окушту.

Москвадагы борбордук мечитте Курман айт намазын окууга 10 миңден ашуун мусулман топтолду. Намаз алдында Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнуддин орусиялык мусулмандарды майрам менен куттуктады.

Андан тышкары Гайнуддин мусулмандарды, иудейлерди, христиандарды учурдун негизги коркунучтары, ошондой эле жаратылыш кырсыктары алдында бирге болууга чакырды:

- Баарыбыздын мекенибиз Орусияга Алла Таала жакшылыкты гана берсин!

Андан соң мечитке чогулгандар курман айт намазын башташты.

Курман айт күн Орусиянын бир катар региондорунда Татарстанда жана Ингушетияда дем алыш күнү деп жарыяланды. Татарстандын президенти Минтимер Шаймиев республиканын калкын майрам менен куттуктап, «Орусиянын мусулмандары жана диний уюмдары диний экстремизмди таратып жаткандарга каршы күрөштү мындан ары да уланта беришет ко деп ишенээрин» билдирди.

Ал эми Ингушетияда жашы жүздөн өткөн аксакалдарга акчалай жардам көрсөтүлгөндүгү маалымдалды.

Мына ушундай эле соопчулук иш-чаралар Чеченстандын бийликтери тарабынан да уюштурулду. Чеченстандыктар бул майрамда өздөрүнүн диний ырымы – Зикр бийин бийлешет.

- Курман айт майрамы чечен жеринде өзгөчө белгиленет. Биз бул күнгө карата республика боюнча жашы улуу аксакалдарга, жардамга муктаж жетим балдарга деп акча топтогон элек. Ошону тараттык. Биз аларга дайыма жардам берип турмакчыбыз, - деди Чеченстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Рамзан Кадыров.

Жалпы эле орусиялык мусулмандарды өлкөнүн президенти Владимир Путин да куттуктады. Ал өз сөзүндө «Курман айт - биздин маданий мурасыбыздын ажырагыс бөлүгү. Биз бири-бирибизди урматтап жашасак гана мекенибиздин өнүгүп, өсүшүнө жетише алабыз» деди.
XS
SM
MD
LG