Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

«САЯСАТ МЕНЕН ЧОҢОЙГОН КЫЗ», ЖАМАНАТТЫ КЫЛУУНУН СЫНААКЫ ЖОЛУ


Парламент шайлоо кыргыз басылмаларынан түшпөгөн негизги темага айланды. Бийлик менен каршылаштарынын «маалымат тиреши» күч алып, бири кинелеп, экинчиси актанып, талаш тагдырын чеччү эл ортодо тынч турат.

«Абал оор» деп жазат «Кыргыз руху» гезитинин жаңы санында Мелис Теңирбергенов. Анын жөн-жайын автор мындайча чечмелейт, бийликтин бир колдон экинчисине өтүүсү өтөле кыйын иш болчудай.

Кыргызстан байлыгын бөлүштүрүп алган А.Акаевдин айланасындагы ага туугандары, «кайын журтту айтпаганда да, таяке-жээн, жээк-жаат, куда-кудагыйлар, күйөө балдардын эч кимиси», бийликтегилердин көбү ушу эле президент дагы узак жылдар мамлекет башкарып отура беришине куштар. А.Акаев эки оттун ортосунда калды, бир жагында эли, экинчи жагында байлыгын, бийлигин сактап калгысы келген жакындары, дейт гезит автору.

Журналист Мирлан Дүйшөнбаев эгемендик алгандан бери экономикалык жардамын алып келаткан Батыш өлкөлөрүнө, АКШ короосуна президент А.Акаев кийинки кездери абыдан катуу «таш ыргыта» баштаганына токтолгон. «Өзүбүздөгү экономиканы жыргатып жиберишкенсип, эмнегедир акыркы убакта жетекчилерибиз Грузиядагы, Украинадагы экономикалык кырдаалдарды анализдеп, аларды сындаганга өтө башташты». Кыргызстан ишенген Орусия «кайсыл өлкөнүн ички ишине кийлигишпесин ошол жерден тополоң чыгууда», дейт автор.

Парламент шайлоо эмдиги айдын аягында өтөт. Буга чейин иштеп келген эки палата жоюлуп кетерин ойлоп парламенттин кош аппарат кызматкерелери эмитен эле сарсанаага бата башташканын «Бишкек таймс» гезити маалымдады. Шайлоого антип аппарат кызматкерлери эле атан төөдөй үмүт артпай, журналисттер да алаканын ушалап жатышканына Тариэл Белеков токтолгон. «Айрым массалык маалымат каражаттары талапкерлерди үгүттөө ишин ашкере бизнес жасоого айлантып, коммерциялык кызмат көрсөтүү акысын демейдегиден 5 – 6 эсеге көбөйтүп алышкан», дейт гезит автору.

«Жаманатты кылуу» эми токтолбойт, деп белгилейт бейшембидеги «Трибуна» гезитинде журналисттер Ырысбек Өмүрзаков менен Дмитрий Орлов. Алардын ырасташынча, ушу тапта жарыяланып аткан документтер Акүйдүн өзүндө же ал жерге чакыртылган пиарчылар тарабынан даярдалышы деле ыктымал.

Ал арада №1-Университет шайлоо чөлкөмүнө президент А.Акаевдин тун кызы талапкер катары арызын тапшырды. «Саясат менен чоңойгон» президенттин кызын эми студенттер, окуучулар парламенттин спикери болсун деп талап кылышы мүмкүн, деп белгилейт гезит авторлору. Президенттин уулу менен кызы парламент депутаттыгына талапкер катары чыгышканын апта соңундагы «Заман Кыргызстан» гезити да маалымдады.

Кыргызстанга «жибек ыңкылаптарын» өткөрүүнүн жол-жобосун иштеп чыкчу адистер алдагачан эле келишкенин «Слово Кыргызстана» гезити апта соңундагы тиркемесинде жазып чыкты. Бейөкмөт уюмдардын башын кошуп шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жол-жобосун үйрөтүүгө келген эларалык гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү бийликти кантип элге жек көрсөтүүгө кеңеш беришет, дейт гезит автору. «Эзилген» элдин «демократиялык сабатын» жоюуну шылтоо кылып оппозиция ыңкылап уюштуруу аракетине өттү, деп белгилейт гезит автору И.Сергиенко.

«Агым» гезитинин апта соңундагы санында мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун маеги жарыяланды. Бийлик экс-элчилерди шайлоого катыштырбай, бирок да президенттин кызына шарт түзүп берип атышын О.Ибраимов момундайча түшүндүрөт: «Эгерде Роза Исаковна Бермет Аскаровнадай 1998-жылдан бери Кыргызстандын территориясынан дээрлик чыкпай жашаганда Боршайком, ал кишини көптөн бери билген Сулайман Иманбаевич, регистрация күбөлүгүн тим эле кош колдоп сунмак».

Жума күнкү «МСН» гезитинде парламент депутаты Курманбек Бакиевдин маеги жарыяланды. Ушул эле гезитте Лариса Линин «Саргыч ыңкылаптын жүзүндө кара так жок» деген макаласына да орун берилген. Анда автор Киевдин Майданында укугун коргоп пикетте турушкан украиналык бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн байкоосун ортого салган.

«Аалам» гезитинде да шайлоо темасына кенен орун берилген. Каракулжа районунда шайлоо участокторунун туура эмес бөлүштүрүлүшү тууралуу элдин каты, журналист Э.Кулуеванын шайды оодарган шайлоо тууралуу макаласы жарыяланды.
XS
SM
MD
LG