Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

ПИКЕТЧИЛЕР ТАЛАПТАРЫН ӨЗГӨРТТҮ


Замира Кожобаева, Бишкек. Эки жумадан бери эски аянтка мурунку элчилердин шайлануу укугун кайтарып берүү талабы менен чыгып жатышкан пикетчилердин талабы бүгүн өзгөрдү. 20-январь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан шайлоо кодексинин 69-беренесине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алынуусуна ылайык нааразылык акциясында тургандар мыйзамга кол коюп берүүсүн эми президенттен талап кылышууда.

"Акаев мырза, мыкты уул болсоң-тез арада мыйзамга кол коюп, элди тынчыт!" "Урматтуу президент, дипломаттардын тагдыры сиздин колуңузда!", "Парламентке рахмат, эми элчилерге президент гана бут тосушу мүмкүн" деген жаңы талаптар менен чыгышкан жыйырмага жакын адам 21-январь күнү эски аянтта нааразылык акциясын улантышты. Анткени 20-январь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо кодексине өзгөртүү жана кошумча киргизүү маселесине кайра кайрылышып, кодекстин 69-беренесине 31 добуш менен өзгөртүү киргизген. Эми бул мыйзамга президент кол койсо элчилерге Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катышуусуна жол ачылат. Ошондуктан пикетчилер акцияны токтотпой, эми мыйзамга кол коюп берүүсүн президенттен талап кылып чыгып жаткандыгы тууралуу "Роза Отунбаеванын укугун коргоо" комитетинин мүчөсү Ракыя Жусупова төмөнкүчө айтып берди:

Бүгүнкү Курман айт-- кудайдын улуу күнүндө кудайдан да акыйкаттыкты сурап, жыйырмага жакын адам ушул жерге чыктык. Эмки талабыбыз-кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан оңдоолор киргизилген мыйзамды президент колдоп, кол коюп берсин деген талап.


Бирок эл арасында учурда болуп жаткан түрдүү нааразылык акцияларын чет мамлекеттердин кийлигишүүсү менен атайын төңкөрүшкө даярдык катары уюштурулуп жатат деген пикирлер да жок эмес. Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева ушундай ойдо экендигин билдирди:


- Кыргыз эли шайлоого даярданып жаткан мезгилде саясатчылар геосаясат жүргүзүп жаткан ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө кошулуп алып, төңкөрүшкө даярданып атышат.


Нааразылык акциясынын катышуучулары мындай ойлорду четке кагып жатат. Пикетте тургандардын бири Тейитбек Төлөновдун айтуусунда элди көчөгө чыгууга бийлик түрткү берүүдө:


- Мен Кыргызстанда болуп жаткан бардык акыйкатсыздыктарга президент күнөөлүү деп эсептейм, -дейт Тейитбек Төлөнов, -Өлкөбүз канча миллиарддаган карызга батты. Элдин жашоосу терең кризистик абалда. Буларды жөнгө салуунун ордуна Акаев төртүнчү жолу бийликте калууга аракет кылып, балдарын да парламентке алып келип атат. Эми мындан ары элдин көчөгө чыгып, президентке каршы болушу, ага каршы кол чогултуу күндөн-күнгө көбөйө берет.


Шайлоо боюнча мыйзамдарга ылайык 27-январь күнү Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлерди каттоо аяктайт. Ал эми президенттин мыйзамды кароо мөөнөтү отуз күн.



- Убакыт аз калды, -дейт Отунбаеванын укугун коргоо комитетинин мүчөсү Ракыя Жусупова, - Биздин талапкерлерибиз шайлоого катышууга үлгүрбөй калуусу мүмкүн. Ошондуктан биз президенттен тез арада кол коюп берсин деп талап кылып жатабыз.



Пикетчилер мыйзамга президент кол коймоюнча таркабай, күнүгө чыга беришерин билдиришти. Өзүн Нурсултан Бусурманкулов деп тааныштырган жигиттин айтымында, пикетчилер өздөрүнүн талаптары ишке ашмайынча нааразылык акциясына чыга беришмекчи.


Роза Отунбаеванын укугун коргоо комитетинин мүчөсү Гүлнара Нурматова мыйзамга президент кол коет деген ишенимде:


- Менин оюмча президент кол коюусу керек. Анткени, бул жалпы элдин каалоосу, ал эми президент жалпы элге каршы туралбайт.


Президенттен мыйзамды колдоп берүүсүн талап кылган акция эртең да улантылат...

XS
SM
MD
LG