Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

ОРУСИЯ – АМЕРИКА КАТНАШЫ: АРАЛЫК СУУЙ ТҮШТҮБҮ?


Муса Мураталиев, Москва. Президенттик орунга өтүү каадасы үстүндө Жорж Буш, бейшемби күнү, жер жүзүндөгү демократиялык күчтөрдү Кошмо Штаттары колдоого алат деди. Анын экинчи мөөнөттөгү президенттиги - дүйнөлүк кысымчылык көрсөткөн режимдер менен күрөшүү болорун эскертти. Американын коопсуздугу кайсы бир деңгээлде башка өлкөлөрдөгү демократия менен эркиндиктин жетишкен ийгиликтерине жараша болорун айтты. Кошмо Штаттардын ички жана тышкы саясатында күтүлүп аткан мындай багытка орусиялык элитанын таасирденүүсү башкача болду дешет.

Бейшемби күнкү президенттин төргө өтүү каадасы маалында Жорж Буш айткан сөзгө орусиялык элита кыйла таасирденди дешет. Кошмо Штаттар лидеринин сөзүндөгү:

Америка өз башкаруу ыгын эч кимге таңуулабайт, бирок эркиндик үчүн күрөшкөндөр бардыгына жардам берүүгө даяр, - деген жери же : бүткүл дүйнөдө (тиранияны) б.а. кысымчылык көрсөтүүчү (режимдерди – ММ) кулатуу үчүн жазалчу аракеттерди колдойт, - деген жерлери кыйла талаш жараткан.

Анализчилер бир тарабы Орусия менен Кошмо Штаттар ортосундагы алалыктын чыгышы кийинки учурда пайда болду. Ал өлкөнүн ички саясатындагы абал менен ЮКОС маселеси ошондой эле Украинадагы президентти шайлоодон кийин пайда болду дешет. Бул туурасында маселен, анализчи Ольга Романова айттат:

Ушунун баары америкалыктарга алардын орусиялык достор иши ошончо эле адекваттуу мааниде ырааттуу өнүгүп баратканынан шек санатып койду. Жөнөкөйлөтө айтканда Акүй (Вашингтон – ММ) Кремлдин аракетин дурус корутундулуу болот деп эсептебейт, - дейт.

Ага карабай эки лидер бири-биринин мамилеси жылуу экенин белгилешет. 23-декабрде журналисттер менен жолугушуу үстүндө Владимир Путин:

Менин баамымда, Буш абдан абийирдүү жана ырааттуу киши. Биздин көз караштар дайым эле шайкеш келе бербейт, бирок мен ага толук ишенемин, - деген эле.

Кондализа Райсты мамлекеттик катчылыкка сенатта бекитүү болуп атканда анын оозунан президент Владимир Путиндин бийликти бир колго чектен тыш өтө эле топтошу америкалык админстрацияны терең тынчсыздандырат деди. Орусиялык тамыр тартуучулар ушундан улам Жорж Буш экинчи мөөнөт учурунда Москванын демократиядан четтешин көрмөксөнгө салып кое албайт. Мунун акыры карама каршылыктын күчөшүнө алып келет дешет. Андай ойду Вашингтондогу орусиялык иликтөө институтунун жетекчиси Николай Злобин айтат:

Кийинки бир нече жыл ичи эки өлкө ортосундагы мамиле Америка менен Орусия катнашынан улам эмес, дегинкиси, алардын үчүнчү өлкөгө болушуусунан улам начардап баратат. Ошон үчүн карама- каршылык бир эле Беларусия же мурдагы советтик республикалар үчүн эмес, Орусия жакшы мамиледе жүргөн, а аны Америка коркунучтуу деп эсептеген диктатордук же террорчулукка көмөк көргөзчү өлкөлөрдөн улам чыгышы ыктымал, - деди Злобин мырза.

Ошол арада ал да бул да туура эмес дегендер бар. “Саясат” корунун президенти Вячеслав Никоновдун айтканына караганда:

Мындан ары Орусиялык Америкалык катнаш эл аралык мамиле системасынын өзөгү болуудан калды. Ошондой эле алардын тышкы саясатынын да борбору боло албайт, - дейт ал.

XS
SM
MD
LG