Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

ЖОРЖ БУШ АРГАСЫЗДАН РОНАЛЬД РЕЙГАНДЫ ЭСКЕ САЛДЫ


Кубат Оторбаев, Прага Өткөн жылдын 2-ноябрында Кошмо Штаттарында болгон шайлоону жеңип алган Жорж Буш 20-январда президенттик ант берди. Кызматка ырасмий киришип жатып сүйлөгөн сөзүн ал бүтүн бойдон Ак үйдүн тышкы саясатына арнады. Буштун айтымында “кансыз согуш” учурунда Америка коммунисттик система менен күрөшкөн болсо, эми ошол миссиясын улантып, демократияны бүтүн дүйнөгө жайылтуунун камын көрөт. Талдоочулардын айтымында Буштун сөзү аргасыздан "кансыз согуш" убагындагы президент Рональд Рейганды эске салды.

Вашингтондо өткөн каадалуу азем учурунда Жорж Буш Библияга колун коюп туруп Америка Кошмо Штаттарынын 43-президенти катары ант берди:

- Мен, Жорж Уолкер Буш, Кошмо Штаттарынын президентинин милдеттерин чынчылдык менен аткарууга, АКШнын Конституциясын сактоого жана коргоого баардык күч-аракетимди жумшайм деп салтанаттуу түрдө ант берем.

Мамлекет башчылык кызматка киришкен Буштун урматына деңиз аскер күчтөрүнүн оркестри “Жетекчини куттуктоо” ("Hail to the Chief") деген чыгарманы аткарды.

Жорж Буш кылкылдаган элге кайрылып, сөз сүйлөдү. “Кошмо Штаттарынын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн биз бүтүн дүйнөгө демократия орнотушубуз керек”, - деди ал толкунданган абалда:

Эркиндигибиздин туруктуулугу башка мамлекеттердеги эркиндиктин салтанат курушуна көп жагынан байланыштуу. Бүтүн дүйнө жүзүндө эркиндик жеңгенде гана жер бетинде тынчтыкка зор үмүт пайда болот.

Кошмо Штаттарынын мамлекет башчысынын айтымында эзүүгө жана кызыл камчы режимдерге эркиндиктин күчү гана туруштук бере алат. Ошол себептен Америка мындан ары да демократияны чет мамлекеттерге таратуунун аракетин кылмакчы. Буштун президенттик экинчи мөөнөтүнүн башкы милдети да ушул болуп эсептелет:

Кошмо Штаттарынын саясаты - дүйнөдө эзүүнүн тамырын биротоло кыркыш максатында баардык элдердин жана маданияттардын демократиялык кыймылдарын жана институттарын колдоо болуп эсептелет. Бирок биз ал үчүн адегенде эле куралдын күчүнө салбайбыз, ошентсе да керек учурда досторубузду коргош үчүн күч колдонууга барышыбыз ыктымал.

Президенттин пикиринде Кошмо Штаттары андай эзилип аткан элдер эркиндикке чыгып, демократия жеңгенден кийин ар бир өлкө өз жолу менен өнүгүп-өсүшүн колдойт жана Вашингтон эч убакта өз саясатын аларга таңуулабайт. Буш 11-сентябрдагы каргашадан кийин Иракка жана Ооганстанга байланыштуу чечим кабыл алууда бир топ кыйынчылыктар болгонун моюнга алды.

Нью-Йорк мамлекеттик университетинин саясий илимдер боюнча профессору Роберт Спайтзер Буштун сөзү “кансыз согуш убагындагы” президенттер Жон Кеннеди, Рональд Рейгандарды эске салат дейт. Алар да Американы жалпы адамзатты сактоочу катары көргөзүүгө катуу аракет кылышчу:

- Президент Буштун сөзү адамды аргасыздан жаңы “кансыз согуш” башталган экен деген ойго түртөт. Анын көз карашында Америка жаркын жана жакшы дөөлөттөрдүн таянычы. Ошондон улам Америка эзүүчүлүккө, кулчулукка жана куугунтукка каршы күрөштү улантат. Президенттин сөзү айыпсыздай сезилип, моралга негизделген. Акыркы 50 жылда биз башыбыздан өткөргөн “кансыз согуш” учурунда да америкалыктарды Кошмо Штаттары коркунуч менен күрөшүп жатат деп ишендиришкен болчу. Ошондуктан, бул - террорго каршы ачылган жаңы “кансыз согуштун” идеологиясы.

Жорж Буш президенттик биринчи мөөнөт учурунда кетирген кемчиликтери үчүн кечирим сураган жок. Ошондон улам профессор Роберт Спайтзер Буштун экинчи мөөнөтү учурунда да ал мурда баштаган иштерин улантат, Ак үйдүн тышкы саясатында орчундуу өзгөрүүлөр болбойт дейт.

Калифорниядагы Стенфорд университетинин кызматкери, эксперт Мартин Андерсон
1980-жылдарда Рейгандын тушунда Ак үйдө кеңешчи болуп иштеген. Анын айтымында Буш дагы Рейган сыяктуу эле Американы дүйнөнү түркүгүндөй эле көрөт.

20-январдагы ант берүү салтанаты нааразычылык акциясы менен коштолду. Ирактагы согушка жана Буштун экономикалык саясатына каршы болгон жүздөгөн америкалыктар кеминде эле кырктай жерлерде пикет, митинг, жөө жүрүштөрдү уюштурушту.

XS
SM
MD
LG