Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

ФАШИСТТИК КОНЦЛАГЕРЛЕР «ХОЛОКОСТ» КЫЙМЫЛЫН ЖАРАТКАН


Муса Мураталиев, Москва. Кийинки бейшембиде нацистердин өлүм лагери аталган Освенцимди бошотконго 60 жыл толот. Ырасмий булактарда айтылгандай Үчүнчү Рейх курдурган концлагерлер эң ириси – Освенцим болгон. Фашисттер лагерлерине баш-аягы 18 миллион киши түшкөн. Алардын 11 миллиону ошол жерде жок кылынган. Бир эле Освенцимде 4 жылдын ичинде 4 миллиондон артык киши газ менен уулантылып өлтүрүлүп сөөктөрү крематорий мештеринде өрттөлгөн. Гитлердик геноцид учурунда биринчи кезекте жөөт улутундагы кишилер курман болушчу дешет.

Орусиялык “Холокост” кыймылынын башында жазуучу Алла Гербер турат. Анын айтканына караганда, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында фашисттик Германия же мындан да так айтканда, Гитлер башында турган Үчүнчү Рейх, ырасмий уюштурган концлагерлер дубал артында 6 миллион еврей улутундагы кишилер көзү тазаланган.
Кошумчалай кетчү жери ал согушта СССР атуулдарынан эле 30 миллионго чукул киши кырылган. Албетте, европалыктар менен америкалыктарды кошкондо бул сан алда канча өсөт. Бирок “Холокост” сыяктуу кыймыл еврей улутунда элде гана бар. Мунун себебин Алла Гербер мындайча чечмелейт:

Фашисттик жетекчилик 1942- жылы еврей маселесин чечкен чечим кабыл алып анын негизинде еврейлердин укугун чектейт. Алардын немистер арасында жашачу укугун чектейт. Андан соң ал өлкөдө жашоосуна тыюу салат. Акыры аларды массалуу түрдө жок кылуу чечими кабыл алынат. Ал чечим менен бирге Освенцим лагерин куруу башталган. Ал лагерге тартылып келингендер «циклон» газы менен уулантып өлтүрүлүп сөөктөрү атайын курулган мештерде өртөлүп турган, - дейт орусиялык «Холокост» борборунун президенти Гербер айым.

Эки улуттун (сыган менен еврейдин – ММ) кырылышы фашисттер идеологиясынын жемиши болгонун Москвадагы адам укугун коргоо уюмунун кызматкери Владимир Новицкий айтты:

Фашисттер идеологиясынан алып караганда сыгандар иштиктүү эч нерсе келбес эл деп таанылган. А еврейлер болсо анын каршысында колунан баары келген иштиктүү улут деп таанылып ошол себептүү алар жок кылынчу объекттерге айланышкан, - дейт ал.

Иудаизм башка динге караганда адамды шайдоотчулукка үндөйт. Еврей ошон үчүн кай ишке келбесин кабелтең, өткүр келет деп айтты Орусиялык еврейлер башкы раввини Адольф Шаевич:

Еврейлер кудай калтырган катуу осуят чийининен жашаганда баарысы башкача болмок. Бирок, тилекеке каршы, еврейлердин ар бир муунунан ал чийинди аттап кеткендер чыгат. Ал алкактан абдан ары чыгып кеткендер активдүүлүктү аябагандай көргөзүшөт. Кантсе да биздин бар балаабыз мына ушундан улам болууда. Бизге, еврейлерге карата мамиле да ошого жараша болууда, - дейт орусиялык раввиндер төрагасы.

Андан аркы кебинде Шаевич азыркы туштагы ар кайсы жерде болуп аткан ээнбаштыктар чындыгында еврейлерди жек көрүү, керек экен фашисттер жасачу иш болууда дейт.

Орусия орустар үчүн деген – бул мурда болгон. (Ал кезде да – ММ) Германия немистер үчүн дешчү. Булардын акыры келип Освенцим менен бүтөт, - дейт раввин.

Кошумчалай кетчү жери азыр Орусияда ырасмий айтылуучу 50 миңдей скинхед бар, жүзгө чукул улутчул багыттагы интернет-сайттар бар. Еврейлерди жек көрүүгө чакырган, мусулмандарды жек көрүүгө чакырган, өңү-түсү бөлөктү жек көрүүгө чакырган ар кыл мазмундагы китептерди дүкөндөрдөн оңой эле сатып алууга болот

XS
SM
MD
LG