Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

ПАРЛАМЕНТ КУМТӨРДҮ САТУУГА ДАГЫ БИР ЖОЛУ МАКУЛ ЭМЕСИН БИЛДИРДИ


Сапар Орозбаков, Бишкек Мыйзам чыгаруу жыйыны мурда эки жолу «Кумтөралтын» долбоорун кайра түзүп чыгууга макул эмес экенин билдирип, өкмөттүн алтын кен тууралуу токтомун жокко чыгарган чечим кабыл алган болчу. 20-январда палата бул маселеге кайрадан кайрылып, дагы бир жолу өкмөттүн чечимин мыйзамсыз деген токтом кабыл алды.

Өкмөт «Кумтөралтын» долбоорун кайра карап чыгып, Канаданын «Камеко» корпорациясы менен бирге «Центерра голд» деген жаңы компания түзгөн болчу. Мыйзам чыгаруу жыйыны ага каршы болуп, өкмөттүн бул тууралуу 2003-жылдын 31–декабрында чыгарган токтомун жокко чыгаруу тууралуу 2 жолу чечим кабыл алган болчу.

Өкмөт палатанын чечимин аткарган эмес. Ал мындай чарбалык ишке палатанын кийлигишүүсүнө укугу жок, ал эми реструктуризация болсо Кыргызстан үчүн пайдалуу деп эсептейт. Өкмөт өткөн жылы жайында жаңы түзүлгөн компаниядан өзүнүн үлушүнө тийген 33% акциянын 13% акциясын 86 млн. долларга сатып жиберди. Муну президент чоң ийгилик катары баалап жатат:

- Биринчи жылдары «Кумтөралтын» долбоорунун тегерегинде ар кандай сөздөр болгон. Кыргызстан бүгүнкү күнү анын экономикалык дагы, социалдык дагы жемиштерин көрө баштады. Тагыраак айтсак, биз Канада компаниясы менен бирге «Кумтөралтын» долбоорун кайра түзүп чыктык. Биз аны саткан жокпуз. Аны реструктуризация гана жасадык. Алтындын баасы дүйнөлүк финансы рынокторунда жакшы болуп турганынан пайдаланып, биз Кыргызстанга тиешелүү акциялардын аз-маз эле бөлүгүн саттык.

Аскар Акаевдин айтымында, 86 млн. доллар бюджетке киргизилбейт. Ал акча өзүнчө фондго которулуп, социалдык проблемаларды чечүүгө жана үй куруу иштерине пайдаланылат.

Буга карабай Мыйзам чыгаруу жыйыны да өз пикиринде катуу турууда. 20-январда ал бул маселеге кайрадан кайрылып, мурдагыдай эле өкмөттүн чечими мыйзамсыз деген дагы бир токтом кабыл алды. Анын маанисин депутат Орозбек Дүйшеев бизге мындайча түшүндүрдү:

- Өкмөт өз чечимин жокко чыгарбасына биздин көзүбүз жетти. Жаңы парламент келгенден кийин сөзсүз жаңы өкмөт түзүлөт. Жаңы өкмөт аны жокко чыгарсын деп, биз ушундай токтом кабыл алдык .

Палатанын иштөө мөөнөтү бүтө жаздап, депутаттар шайлоого аттанышууда. Сатылып кеткен акцияларды да эми кайра кайтарып алууга мүмкүн эмес. Мыйзам чыгаруу жыйыны бул токтомду кабыл алып, эмне көздөгөн? Орозбек Дүйшеевдин жообу мындай:

- Сатылгандан кийин болду. Аны чынында эле кайтарып алууга мүмкүн эмес. Биздин үлүш 33% эле. Эми бизде 20% калды . Өкмөт өз чечимин жокко чыгарса, ошол 20% сатылбаш керек.

Чет өлкөлүк маалымат каражаттары жаңы түзулгөн «Центерранын» акциялары өтүмдүү болуп жаткандыгын жазып чыгышты. Анын өткөн жылкы таза кирешеси 3 айдын ичинде эле 10 эсеге өскөн.

XS
SM
MD
LG