Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

ПИКЕТЧИЛЕР МАМЛЕКЕТ БАШЧЫНЫН МААЛЫМАТ КАТЧЫСЫН СОТКО БЕРЕТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек. Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаевдин айтымында, мамлекет башчы Аскар Акаев Орусияга Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университет жетекчилигинин чакыруусу менен барды. Иш сапары учурунда Аскар Акаев Орусия президенти Владимир Путин менен жекеме-жеке жолугушуу өткөрдү. «Сүйлөшүү жабык эшик алдында өткөрүлүп, бир жарым саатка созулду» деп маалымдады президенттин маалымат катчысы.

Анын маалыматына караганда, жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланышты чыңдоо, эл аралык маселелер жана Кыргызстандагы учурдагы саясий кырдаал тууралуу кеңири пикир алмашуу болду:

-Жолугушууда өлкөдөгү ички саясий кырдаалдын өнүгүшү боюнча кеңири сөз болду. Саясий окуя боюнча өлкө президенттери пикир алмашышты. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Ошондуктан ал өлкөнүн жетечилиги Кыргызстанда болгон окуялар менен өз убагында кеңири таанышып туруш керек. деген Абдил Сегизбаев Кыргызстанда болуучу парламенттик, президенттик шайлоолор тууралуу кандай пикир алмашуу болгондугун журналистерге кеңири айтып берген жок. Маалымат жыйыны учурунда журналистерди Кыргызстандагы соңку саясий кырдаал боюнча президенттин маалымат катчысынын пикири кызыктырды. Президент Аскар Акаев элчилердин парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген мыйзам долбооруна кол койобу, деген суроого Абдил Сегизбаев мындайча жооп берди:

-Мыйзам долбоору кабыл алына элек. Анткени, мыйзам кабыл алынып жатканда бир топ мыйзам бузууларга жол берилген. Анын артында оппозициялык депутаттар турган. Анткени алар чуркап келип өзүнүн анан келбей калган депутаттар үчүн добуш беришкен. Бул мыйзамсыз.

Андан аркы сөзүндө Абдил Сегизбаев Бишкекте 7-январдан бери уланып жаткан нааразылык акциясы боюча:

-Пикетке тууган-туушкандары чыгышууда. Андан сыркары алар элүү, алтымыш сомдон төлөп көчөдөн адамдарды алып келип жатышат. Бизде ал туурлуу маалыматтар бар. Аны биз керек учурда чыгарабыз.
деди Абдил Сегизбаев. Мамлекет башчы Аскар Акаев мындан бир нече күн илгери Ош обласына иш сапары менен барган учурда кыргыз оппозициясын сындап жатып Украинанын жаңыдан шайланган президенти Виктор Ющенкону убагында 600 миллион доллар жоготуп кызматтан кеткен адам, ал эми Укринанын өкмөт башчылык кызматына утурумдук дайындалган Юлия Тимошенкону жүздөгөн миллион доллар уурдаган эл аралык деңгээлдеги эң ири коррупционер деп сындаган. Аскар Акаевдин чет өлкө жетекчилигинин дарегине айткан мындай сыны келечекте эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге өз таасирин тийгизбейби деген суроого Абдил Сегизбаев:

-Мамлекет башчы Орусиянын прокуратурасынын маалыматына таянып айтты. Орусия прокуратурасы Юлия Тимошенконун кылган аракеттери боюнча кылмыш ишин ачкан жана ал учурда иликтенүүдө. деп жооп берди президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев.
Президент өкүлүнүн Бишкектеги нааразылык акциясы тууралуу айткан пикирине Роза Отунбаеваны коргоо комитетинин мүчөлөрү макул эмес. Ушул эле күнү алар президенттин маалымат катчысынын пикетчилерди айыптаган сөзү үчүн аны жакын арада сотко бере тургандыгын маалымдашты:

-Биз эч кимден акча албай, эч кимге акча бербей эле пикетте Роза Отунбаеванын укугун коргоп турабыз. Бул жерде кеп жалгыз эле Отунбаева тууралуу болгон жок. Бул жерде сөз бардык элчилердин тагдыры, өлкөнүн Баш мыйзамы, дегеле өлкөдөгү атуулдардын укугу жөнүндө болууда. Президенттин өкүлү бизди негизсиз айыптады. Биз бул боюнча сотко кайрылабыз жана сотттон жалпы эле пикетке чыккан атуулдардын укугун коргоп берүүсүн талап кылабыз. -деди Роза Отунбаеваны коргоо комитетинин жетекчилеринин бири, укук коргоочу Азиза Абдрасулова.

XS
SM
MD
LG