«АКИпресс» аналитикалык журналынын маалыматы боюнча беш ай ичинде көз карандысыз басма үйүнүн кызматынан пайдаланган гезиттердин саны 13 төн 31 ге жеткен.
Эксперттердин айтымында көз карандысыз басма үйүнүн кардарларынын көбөйүүсүнө алардын заманбап техникалары, гезиттерди түстүү кылып чыгаргандыгы себеп болууда. Анткени азыр окурмандардын талабы ушундай болуп калды деген пикирлер айтылып жүрөт.
Учурда көз карандысыз басма үйүнөн түстүү болуп чыгып жаткан «Агым» гезитинин редакторунун орун басары Мамат Сабыровдун айтымында, бул басмакананын кызмат акысы кымбат жана бир аз ыңгайсыздыктары болгону менен ошого жараша түстүү жана сапаттуураак:
-Эл аралык көз карандысыз басма үйүндө деле мүчүлүштөр көп, -дейт Мамат Сабыров, -Кызмат акысы кымбат, кээде гезиттер көп басылганда кезек күтүп калууга туура келет. Ошентсе да гезитибиздин көрүнүшү кескин өзгөрдү, түстүү болгондуктан сүйкүмдүү да боло түшкөнү байкалып турат.
Көз карандысыз басмакана ачыла электе эркин басылмалар шайлоолордун алдында бийликтин кысымы менен чыкпай калуу коркунучуна туш болушчу. Мамат Сабыровдун сөзү боюнча «Агым» гезитинин да көз карандысыз басма үйүнүн кызматынан пайдаланып жаткандыгына эң негизги себеп ушул болгон:
-Шайлоо мезгилинде же дагы башка саясий кампания болгон учурда кырдаал курчуп, маалымат согушу башталат. Ошондо бийлик ачык бут тоспогону менен басылмаларга тымызын көзөмөл жүргүзө баштайт. «Учкун» басмаканасында мындай болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Биз ушундай учурларды башыбыздан көп өткөрдүк, ошондуктан «Учкун» басмаканасынан кетүүгө аргасыз болгонбуз.
Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жылына 23 миллион нускада гезит басылып чыгат. Анын дээрлик 50 % 11 миллион нуска менен чыккан «Вечерний Бишкек» гезитине таандык.
«Учкун» акционердик коомунун акционерлер башкармалыгынын төрагасы Таалай Алиевдин айтымында басмакана дагы деле болсо гезит басуу боюнча өлкөдө алдыңкы орунда.
Анткени «Учкун» басмаканасынан көп нускалуу «Вечерний Бишкек», «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана», «Эркин тоо» гезиттери жана башка мамлекеттик органдардын басылмалары жарык көрөт:
-Көз карандысыз басма үйү гезит басууда лидер болушу мүмкүн деп айтууга негиз жок. Анда Кыргызстандагы гезиттердин 13-15 % гана басылат. «Учкун» басмаканасында азыр 50дөн ашуун гезит чыгат. Биздин басмакана башкалардан эч качан кем калышпайт,-дейт Таалай Алиев.
Айрым пикирлер боюнча «Учкун» басмаканасы гезиттерди кетирбей алып калгысы келсе мамлекеттик басмакана катары өзүнөн чыккан гезиттерге жеңилдик бериши керек болчу.
Бирок мындай жеңилдик көз карандысыз басма үйү тарабынан деле көрсөтүлгөнү жок. Гезиттер дагы деле өз арбайын өзү согуп келе жатат. Мындай ойду журналист-публицист Алым Токтомушев билдирди:
-Эркин басма үйү ачыла электе биз андан көптү күткөнбүз. Бирок андай болгон жок. Гезиттерге бир аз жеңилдиктер берилсе жакшы болмок. Ал эми өкмөт тарабынан эч кандай жеңилдик жок. Мисалы Орусияда басма сөз салык жана башка төлөмдөрдү төлөөдө мамлекет тарабынан жеңилдик алган. Бизди да мамлекет гезиттерди «Учкун» басмаканасынан кетирбей алып калгысы келсе, жеңилдиктерди берүүсү керек болчу. Анткени биздин экономикабыз начар.
Эксперттердин айтымында Кыргызстанда гезит басуу базары кирешелүү эмес. Ошондуктан гезит басуу ишмердүүлүгүн максат кылган ишкана өз мүдөөсүн мамлекеттин жардамы менен же гранттар аркылуу гана ишке ашыруусу мүмкүн.
Ушундан улам, кээ бир майда басмаканалар гезит басуудан китеп чыгарууга же визиттик баракчаларды, этикеткаларды жасоого өтүшкөн.