Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

ШАЙЛОО: ИРАКТА ЭТНОС АРАЗДАШУУСУНА АЛЫП КЕЛИШИ МҮМКҮН


Аким Өзгөн, Түркия. Ирак каршылык көрсөтүүчүлөрдүн улам күчөп бараткан чабуулдарынын коштоосунда, өлкөнүн жаңы өкмөтүн дайындап, туруктуу башкы мыйзамын иштеп чыга турган парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорго даярданып жатат.

Ириде шайлоолорго катышпай турганын билдирген Ирак түркмөндөрү, кийин бул пикринен баш тартып, түндүктөгү Киркук вилаятында жашаган күрт коомчулугунун, демографиялык түзүлүштү өз пайдасына алмаштырыш үчүн жасап келаткан, түрдүүчө иш-чараларынын тушунда, шайлоолорго катышуу тууралуу чечим кабыл алды. Ирак Түркмен Фронту жана Түркиянын өкмөтү, мунайга бай бул вилаятка, сырттан он миңдеген санда күрт көчмөндөр жайлаштырылып жаткандыгы тууралуу, Ирактын убактылуу өкмөтүн, жана Вашингтонду бир нече жолу эскертишти. Атүгүл, Түркиянын тышкы иштер министири Абдуллах Гүл ушул жумада БУУнун башкатчысы Кофи Аннанга кат жиберип, Түндүк Ирактагы күрт уюмдар, Саддам Хусейиндин ‘арабдаштыруу’ өнөктүгүнүн чеги ичинде, зордук менен башка жактарга көчүрүлгөн күрттөрдү кайра жайлаштыруу маселесине караган
Ирактын убактылуу башмыйзамынын 58- беренесин бетке кармап, эч качан бул аймактын тургуну болбогон күрттөрдү да көчүрүп келатышканын; ошондой эле, бул алдыдагы шайлоолордун мыйзамдуулугуна доо келтирип, өлкөдө ички согуш коркунучун жаратарын билдирди. Түркиянын Куралдуу Күчтөрүнүн Штабы дагы шаршемби күнү маалымат жыйыны уюштуруп, армиянын Ирактагы шайлоолорго, өзгөчө Киркуктагы күрттөрдүн демографияны алмаштырууну көздөгөн иш чараларына карата армиянын мамилесин ачыктап берди.

Киркуктагы Күрттөрдүн бул аракети, коркунучтуу натыйжаларга алып барары тууралуу, өткөн жакын арада АКШдагы шайлоолордо жеңилип калган сенатор Керри дагы эскерткенин айткан армиянын басма сөз өкүлү Генерал Илкер Башбуг;

“Түркия үчүн өзгөчө турмуштук мааниге ээ эки маселе бар. Алардын бири, Киркуктун кандайдыр бир этностук топтун өзгөчө Күрттөрдүн контролуна берилбеши. Экинчиси болсо, Киркукта жана жалпысынан Иракта жашаган Түркмөн туугандарыбыздын өзгөчө саясий укуктарынын корголушу. Түркиянын албетте бул маселелерде унчукпай коюушу мүмкүн эмес” деп баса көрсөттү.

Адегенде, сунни мусулман топтор менен бирге, шайлоолорго бойкот жасоону чечкен Түркмөндөр, Анкаранын да дем шыкак берүүсү аркылуу, Иракта өткөрүлүүчү бул алгачкы шайлоолордо, демократиялуу укугунан пайдаланууну чечишти. 30- январда, улуттук парламент менен биргеликте, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орундарына да шайлоо болот. Ирактын 18 вилаятынын ичинен Күрттөр гана өзүлөрүнүн 111 орундуу улуттук парламентин да шайлашат. Киркук аталган шаарда, күрттөр, түркмөндөр жана суннит арабдар жашашат. Мурдатан бул жерде түркмөндөр көпчүлүктө болгон менен, биринчи Ирак согушунан кийинки өткөн аралыкта күрттөр үстөмдүккө жетип, кийинки көчүрүлүп келгендер менен алар алдыдагы шайлоолордо ири жеңишке ээ болуусу күтүлөт.
Өткөн жумада Иратын өкмөтү жана борбордук шайлоо комиссиясы, 100 миң чамасы кошумча күрт көчмөндүн Киркуктагы шайлоого катышуусуна уруксат бергенден улам, тең салмак бүтүндөй бүлгүнгө учурады; ошондой эле, айрым саясий байкоочулардын пикиринде, бул жагдай шайлоолордун мыйзамдуулугуна сөзсүз доо кетирип, атүгүл этностор аралык араздашуулардын алоолонуп кетүүсүнө себеп болушу да ажеп эмес. Мындайча жоромол пикирлер тууралуу токтолуп, Түркиянын Армиясынын штабынын басма сөз өкүлү Генерал Илкер Башбуг, негизги маселе, шайлоонун натыйжаларынын калк тарабынан кабыл алынышы экенин билдирди.

“Калк кабыл алса, анда эч кандай маселе жок. Бирок, кабыл албай койгон абалда, биз ойлойбуз жанагы айтылган жоромол ойлор ордунан чыгып калышы ыктымал” деп билдирди түркиялык генерал Илкер Башбуг.

XS
SM
MD
LG