Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

РАЙОНДУК СОТ РОЗА ОТУНБАЕВА МЕНЕН ТОПЧУБЕК ТУРГУНАЛИЕВДИ АЙЫПКА ЖЫКТЫ


Бурулкан Сарыгулова, Бишкек. 28-январда Биринчи май райондук соту «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаевага жана Кыргызстан элдик кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевге байланышкан административдик ишти карап бүттү. Соттун чечими менен алардын ар бирине миң сомдон айып салынды.

Роза Отунбаева менен Топчубек Тургуналиевге байланышкан административдик иштер Биринчи май райондук сотунда бир учурда эки башка отурумда каралды. Отурумдун учурунда арыз берген милиция кызматкерлери аларды 19-январда Бишкекте болгон нааразылык акциясынын башкы катышуучулары катары сыпатташты.

Роза Отунбаевага байланышкан сот отуруму биринчи аяктады. Чечим менен айыпталуучу тарапты судья Абылкасымов Эсенжан тааныштырды:

- Биринчи май райондук соту Отунбаева Роза Исаковна Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин 392 беренесине ылайык 10 минималдык айлык акы өлчөмүндө айып салууну чечти. Бул 1000 сомго барабар.

Роза Отунбаева өзү бул отурумга катышкан жок. Анын адвокаты Нурлан Сыдыковдун пикиринде сот жараяны толук мыйзам бузуулар менен өттү, күбөлөрдүн билдирүүлөрү башынан аягына чейин чаташты жана ага жараша чечим да акыйкат чыккан жок:

- Мен соттун бул токтомун мыйзамсыз деп эсептейм. Анткени, Роза Отунбаеванын күнөөсүн далилдей турган фактылар чогултулган эмес.

Нурлан Сыдыков ошондой эле Отунбаева соттун жогорку баскычтарына даттанарын билдирди:

- Биз муну менен биринчи кезекте жооптуу кызматкерлерди, бийлик өкүлдөрүн адам укуктарын сыйлоого үйрөткүбүз келет. Биз аппеляциялык арызда сот жараяны кандай өткөнүн, кандай мыйзам бузуулар болгонун сөзсүз белгилейбиз.

Ал эми Топчубек Тургуналиевге байланыштуу чечимди сот кеч чыгарды. Түштөн кийин башталган бул сот отурумунда адегенде Топчубек Тургуналиев судья Мамбеталиев Анарбекке сот ишин негизсиз деп, аны токтотууну сунуштады:

- Башынан баштап бул административдик иш мыйзам бузуулар менен түзүлгөн жана менин укугум бузулган. Ошондуктан, бул ишти негизи жок деп, токтотуп коюуну суранабыз.

Тургуналиевдин негиздемелерине караганда, Биринчи май райондук ички иштер кызматы административдик ишке тиркелген арыздар жасалма. Маселен, ал таанышкан 24 арыздын көпчүлүгү бири-бирине окшош, ага кошумча арыздын бешөө сотко жеткен эмес. Ал эми Тургуналиевдин адвокаты Токторбек Ашыркул уулу кийинчерээк ички иштер кызматы административдик ишти ачуу максатында түзүлгөн протоколдо, токтомдо одоно мыйзам бузууларга жол берилгенин белгиледи.
Ишти токтотуу сунушун ушул эле негиздеме менен Топчубек Тургуналиевдин коомдук коргоочусу Төлөкан Исмаилова да жолдоду. Бирок, судья өтүнүчтөр жеке тартипте сот иши бүткөндөн кийин караларын айтып, ишти улады.
Бул күнү сотто Тургуналиевдин суранычы боюнча айыпталуучу тараптан келген Кыргызстан Элдик кыймылынын төрага орун басары Ишенгүл Болжурова, «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев, Роза Отунбаеваны коргоо комитетинин мүчөсү Азиза Абдрасулова өндүү онго жакын күбөлөргө сөз берилди. Алар Тургуналиев тараптан мыйзам бузуулар болбогонун айтышты.

Ал эми Тургуналиевди мыйзам бузду деп санаган тараптан күбө катары сотто алгачкылардан болуп Биринчи май райондук ички иштер кызматынын башчысынын орун басары Султаналиев Аскат суралды. Анын ишениминде, 19-январдагы нааразылык акциясын Топчубек Тургуналиев уюштурган:

- Тургуналиев митингди «организовать» этпесе, митингди баштабаса элдер ал жерден өтпөйт эле да, - деди Султаналиев адвокатын суроосуна жооп берип жатып.

Чечим чыккандан кийин бул соттук териштирүү тууралуу Топчубек Тургуналиев төмөнкүдөй пикирин билдирди:

- Биз канчалык какшасак дагы, мыйзамдын далай-далай жагын бузуу менен чечим чыгарды. Миң сом малак деп. Бул эң оболу саясий заказ.

Топчубек Тургуналиевдин билдиргенине караганда, ал өз укугун коргоо үчүн эл аралык уюмдарга чейин кайрылат.
Белгилеп койчу жагы, Биринчи май райондук ички иштер кызматы Административдик кодекстин 247, 371, 392 беренелерине ылайык аталган административдик ишти саясатчылар Ишенгүл Болжуровага, Роза Отунбаевага, Топчубек Тургуналиевге байланыштуу козгоп, сотко өткөргөн. Ишенгүл Болжурованы миң сом айыпка жыккан чечимди сот 26-январда чыгарган. Бул иштин козголушуна 19-январда өткөн нааразылык акциясы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG