Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

ЧЕТ ЭЛДЕГИ ИРАКТЫКТАР ДОБУШ БЕРЕ БАШТАШТЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага. 28-январда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө бозгунда жашап жаткан ирактыктар добуш бере башташты. Саддам Хусейиндин режими кулагандан бери биринчи жолу өтүп жаткан бүткүл улуттук жалпы шайлоого катышуу үчүн дүйнөнүн 14 өлкөсүндө 280 миңге жакын ирактык шайлоочу каттоодон өткөн.

Жекшемби күнгө чейин созула турган добуш берүү дүйнөнүн 36 шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шарттарда өткөрүлүүдө.

275 орундуу Улуттук Ассамблеяны шайлоого чет элде жашаган бир миллион 200 миңдей ирактык жарандын 20 проценттейи катышат. Добуш берүүнү Женевада жайгашкан Эл Аралык Миграция Уюму уюштурууда.

Алгачкылардан болуп 28-январь күнү 11 миңдей ирактык атуулга баш баана берген Австралияда добуш берүү башталды. Шайлоого көзөмөл жүргүзүп жаткан байкоочулар Сиднейдеги шайлоо участкасында кубанычтуу маанай өкүм сүргөнүн белгилешет.

Эң көп ирактык бозгун жашаган өлкө - Иран. Анда 61 миң ирактык шайлоочу катталган. Тегерандагы шайлоо бекетинде добуш берип жатып, Жомах Хасан деген келин Ройтер кабар агенттигине буларды айтты:

- Мен өз эли-жериме чоң кубаныч менен кайтаар элем. Мен өз өлкөмдүн эгемендиги үчүн добуш берем жана мекениме кайтып, аны калыбына келтирүүгө жардам бергенге үмүттөнөм.

Швецияда 31 миңге жакын ирактык атуул каттоодон өткөн. Кадыр деген ирактык күрт Ройтер кабар агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде шайлоо жалпы эле Ирак жана ирактык күрттөр үчүн чоң жылыш боло турганын айтты.

- Биз бүткүл Иракты саясий жактан кайра курууну эртеби-кечпи баштообуз керек. Менимче, бул шайлоо андай инфраструктуранын пайдубалын түзүү үчүн керек. Менимче бул күрттөр үчүн чоң кадам болот, мен өзүм күртмүн. Иракта жаңы федерациянын пайдубалын салуу үчүн бул шайлоого катышуубуз керек.

Швецияда өткөрүлүп жаткан добуш берүүнүн координатору Сусан Саад Ройтердин кабарчысына шайлоочулар шайлоого чоң ынтызарлык мамиле кылып, добуш берүүгө көтөрүңкү маанайда келип жатканын айтты.

- Адамдардын жүзүнөн алардын кубанычы койнуна батпай, курсант болуп турушканы көрүнүп турат. Шайлоо участкасы саат жетиде ачылмак, бирок бүгүн саат алтыда участкага келгенимде, анын ачылышын күтүп кире бериште бир топ киши топтолуп калыптыр. Адамдар кубанып турушат, анткени алар үчүн бул тарыхый учур. Өзүңөр көрүп тургандай шайлоого келгендер барган сайын көбөйүп баратат.

Ирактагы шайлоого добуш берүү Европа өлкөлөрүндө жана Америка Кошмо Штаттарында да өткөрүлүүдө. Лондон, Манчестер жана Глазго шаарларында Британияда жашаган 150 миңдей ирактык атуулдун 30 миңдейи шайлоого катышып жатышат.

Германия менен АКШда 25 миңден ирактык шайлоочу каттоодон өтүшкөн.

Францияда болсо өлкөдө жашаган 10 миңдей ирактык бозгундун бир миңден ашыгы каттоодон өткөн. Байкоочулар аз шайлоочу катталганын ирактыктардын көбү мекенинде жашаган жакындарынын өмүрүнө камтама болуп жатышканы менен түшүндүрүүдө.

Иорданияда 20166, Сирияда 16580, Бириккен Араб Эмирликтеринде 12600, Түркияда 4187 ирактык шайлоочу катталган.

Эл Аралык Миграция уюму чет элде жашаган ирактыктардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы 5-февралда жарыялана турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG