Анда Акаев журналисттин суроосуна жооп берип жатып: «Кыргызстанда Украина же Грузиядагыдай төңкөрүш болбойт. Ал үчүн кандайдыр бир негиз болушу керек. Мисалы, Украинада «Кучма кетсин» деп айтылгандай Кыргызстанда «Акаев кетсин» деген сөздү угалбайсың»- деп айткан сөзү бар. Ошондой эле Президент маегинде оппозиция жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжасында өзүнүн рейтинги 42 % болгонун, ал эми оппозициянын лидерлери 5-3 % гана колдоо алышкандыгы тууралуу да айтып кеткен. Бирок иш жүзүндө таптакыр андай эмес экендигин «Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо» институтунун жетекчиси Топчубек Тургуналиев төмөнкүчө айтты:
-1995-жылы Акаев мыйзамсыз түрдө бийликте калган. -дейт Топчубек Тургуналиев. -Ошондо эле айтканбыз «Акаев бийликтен кетсин» деп. Андан бери он жыл болду, Акаевди бийликтен кетсин деп талап кылып келатабыз. 2000-жылы Куловдун жактоочулары «Акаев кетсин» деп чыгышкан. 2002-жылы аксылыктарды аткандан кийин ошол замат «Акаев, бийликтен кет» деп алар талап кылышкан. Деги эле Акаевдин бийликтен кетүүсү тууралуу тынымсыз талап кылынып жатат. Жакында эле , 19-январда чоң митинг болуп, Бишкектин борборунда жүрүш жасаганда да «Акаев жана анын үй-бүлөсү бийликтен кетсин» деп жүздөгөн адамдар кыйкырып жүрүштү. Аскар Акаев үч жылдын ичинде сегиз жолу кетем деп убада берген. Ошондуктан ал дагы калп айтып жатат.
Ал эми жакында эле Акаевдин мөөнөтүн 2010-жылга чейин узартуу тууралуу кол топтоо ишин жүргүзгөн «Элим менен элим үчүн» коомдук уюмунун жетекчиси Аманбек Сатыбаев Акаевдин айткандарын чындык деп эсептейт:
-Акаевди кетсин деп айткан 100-200 адамдын ою элдин оюн билдирбейт. Ошондуктан Аскар Акаевдин маегинде «мындай сөздөр жок» деп айткандыгын туура деп эсептейм.
Кээ бир саясатчылар президенттин башка мамлекеттерден колдоо издеп жаткандыгынын өзү туура эмес деген пикирде. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсаловдун ою боюнча, мындай аракет менен Акаев дагы бир мөөнөткө бийликте калууну көздөп жатат:
-Менимче президенттин Конституцияга каршы дагы бир мөөнөткө шайлоого чыгам деген ою бар болуш керек. Ошондой ою бар болгону үчүн ал Орусияга барып, өзүнүн элинен эмес, чоочун элден, президенттерден уруксат сурап, аларга жалынып жүргөн чагы.
Президенттин Орусия басылмасына берген маеги боюнча, мурунку элчилерди шайлоого катыштырбоо тууралуу мыйзамдын Шайлоо кодексине кирип калуусуна оппозициялык депутаттар күнөөлүү. Буга «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова кайчы пикирин билдирди:
-Эсимде, ушул кодексти кабыл алып жаткан убакта БШК төрагасы Сулайман Иманбаев өзү келип, парламентте катышып отурган. Ошондо депутаттар бул мыйзамдын дипломаттарга тиешеси кандай болорун сурашканда, ал: «Бул мыйзамдын дипломаттарга тиешеси жок, алардын укугу эл аралык келишимдердин негизинде сакталат. Алар шайлоого катыша алышат» деп жооп берген. Анда эмне себептен бүгүн депутаттарды күнөөлөп чыга калышат? Көрсө Сулайман Иманбаев, бийлик ушундай жол менен дипломаттарды шайлоо укугунан ажыратып койсо болорун ошондо эле билген экен да.
-деди Азиза Абдурасулова.
Учурда Элдик патриоттук кыймылы, «Акаевге отставка, элге-реформа» жана жаштардын «Ойгон Кыргызстан жаштары» саясий кыймылдары тарабынан президент Аскар Акаевди мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетирүү талабы менен атуулдардан кол чогултуу акциялары жүрүп жатат.