Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

ОРУСИЯ КЕЛЭЭРКИ ШАЙЛООЛОРДО КАЙСЫЛ САЯСИЙ КҮЧТҮ КОЛДОЙТ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек. Кыргыз президенти Аскар Акаев соңку үч айдын аралыгында Орусияга эки жолу иш сапары менен барды. Айрым орусиялык маалымат каражаттары Аскар Акаев Орусияга өткөн апта башында келээрки парламенттик, президенттик шайлоо алдында Владимир Путинден кеңеш суроо үчүн баргандыгын жазып чыгышты.

Ал эми мамлекет башчынын маалымат катчысы Абдил Сегизбаев журналистерге Аскар Акаевдин Орусияга болгон иш сапары учурунда эки тараптуу экономикалык кызматташтык менен катар чындыгында эле Кыргызстандагы саясий абал талкуулангандыгын билдирди:

-Жолугушууда Кыргызстандагы ички саясий кырдаал боюнча сүйлөшүү болду. Эки президент өз ара пикир алмашышты. Менин оюмча бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз болгондуктан ал өлкө жетекчилиги бизде болуп жаткан окуялар боюнча убагында кабардар болуп турушу керек.
дейт Абдил Сегизбаев. Ал эми мамлекет башчы Аскар Акаевдин Орусиялык «Независимая газетага» берген маегинде келээрки паламенттик шайлоо алдында Кыргызстанда саясий кырдаал курчуп кете турган болсо Орусия бийлиги Кыргызстанга жардам берүүгө убада бергендиги тууралуу айтылган.
Белгилей кетүүчү нерсе, Аскар Акаевден бир аз мурдараак Орусияга кыргыз оппозиция лидерлеринин бири, Курманбек Бакиев барып Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов менен жолугушуп келди. «Азаттыктын» кабарчысына берген маалыматында Курманбек Бакиев жолугушуу учурунда Кыргызстандагы соңку саясий кырдаал тууралуу пикир алмашуу болгондугун тастыктады:

-Жолугушуу учурунда өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу пикир алмашуу болду. Алар биздин ички ишке кийлигишпейбиз деп ошол эле мезгилде өлкөдөгү саясий абалдын кандай өнүгүшүнө кызыгышты.-деди кыргыз оппозиция лидерлеринин бири Курманбек Бакиев.
Ошентип байкоочулардын баамында, парламенттик шайлоо алдында Орусия бийлиги Кыргызстандагы ар кайсы саясий топ жекчилери менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдү өткөрө баштады. Мына ушундан улам коомчулукта жакында болуучу ири саясий окуяларда Орусия бийлиги Украинадагыдай Кыргызстандын учурдагы аткаруу бийлигин колдойбу же тескерисинче оппозиция өкүлдөрүнө колдоо көрсөтөбү, деген суроо жаралууда. Бул маселе боюнча саясатчылар түрдүү көз карашта:

-Мен оюмча Орусия өзүнүн көз-карашын азырынча тактай элек. Алар АКШ менен Орусиянын мамилесине жана Кыргызстандагы саясий кырдаалга байкоо жүргүзүп туруп анан өз позициясын жакын арада такташат.-дейт Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын жетекчиси Муратбек Иманалиев. Ал эми КДК партиясынын лидерлеринин бири Виктор Черноморец болсо «Орусия Украинада оозу күйүп калгандыктан бул жолу андай кадамдарга барбайт» дейт:

Орусия Украина жана Грузияда оозун күйгүзүп алды. Ошондуктан Орусия жетекчилиги Кыргызстандын азыркы президентин колдойбу же президенттике жаңы талапкерди колдойбу азырынча тактай элек.Орусия бул маселеде абдан этиеттик менен мамиле кылууда.
дейт КДК партиясынын лидерлеринин бири Виктор Черноморец.
Ал эми Курманбек Бакиевдин Орусияга болгон иш сапары тууралуу сураганыбызда президентин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев мындайча жооп берди:

Мен да ушундай маалыматты угуп жатам. Менин оюмча Курманбек Бакиев бардык оппозциянын эмес, бир гана элдик кыймылдын жетекчиси. Бул кишинин башка оппозиция лидерлери менен бир топ маселер боюнча көз карашы келишпейт. Бизге ал белгилүү. Ошондуктан ал кишини биргелешкен оппозиция лидери деп айтуу туура эмес. дейт Абдил Сегизбаев.
Айтор Орусия жетекчилиги кыргыз оппозиция лидери Курманбек Бакиевди кабыл алышынан улам, коомчулукта ушундай карама каршы пикирлер айтылууда. Ал эми айрым байкоочулардын пикиринде, Кыргызстан географиялык жактан Украинадан айрымалуу болгондуктан Орусия бийлиги Курманбек Бакиевден Укринанын учурдагы президенти Виктор Ющенкодой чочулабайт. Анткени Курманбек Бакиев тышкы саясат боюнча буга чейинки сөздөрүндө Орусияны же батышты ачык колдобой ортомчул позицияны карманып келүүдө. Ошондуктан келээрки шайлоодо Орусия Кыргызстандагы кайсыл саясий топту колдойт азырынча алдын алуу эртелик кылат.

XS
SM
MD
LG