Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:50

ИРАКТА ШАЙЛОО ӨТҮП ЖАТАТ


Кубат Оторбаев, Прага Күтүлүп жаткандай эле шайлоо кан төгүүлөр менен коштолду. Эртең менен Багдаддын Садр районунда болгон жардыруудан 6 адамдын өмүрү кыйылды, баары болуп акыркы маалыматтар боюнча он эки адам мерт кетти. Шайлоо шийилер жашаган аймактарда активдүү өтүп жатат, тескерисинче, суннилер көп Фаллужа, Самарра жана Рамади шаарларында добуш берүүгө келгендер аз.

Ирактын ар кайсы жерлеринде добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратууга таң эртеден тарта эле аракеттер жасалды. Багдаддын борбордук районунда алты адамдын өмүрүн алып кеткен кандуу калабаны айтпаганда да, Хилла, Баакуба, Басра жана Мосулда кол салуу, жардыруулар болду. Баары болуп Бишкек убактысы боюнча саат 16га карата маалыматтар боюнча 12 адамдын өмүрү кыйылды. Анын бирөө полиция кызматкери.

Ирактагы бул шайлоодо курамы 275 депутаттан турган улуттук жыйын куралат. Парламенттеги орун үчүн жүздөн ашуун партия жана коалициялардын мүчөлөрү, көз карандысыз талапкерлер атсалышууда. Улуттук жыйын болсо өкмөттү түзүп, Конституцияны кабыл алмакчы.

Улуттук жыйын менен катар эле Ирактын он сегиз провинциясы өзүнүн ассамблеясынын мүчөлөрүн шайлайт. Курд автоном районунда да жергиликтүү парламентке депутаттарды тандоо өтүп жатат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG