Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

ПИКЕТЧИЛЕР ЖАНА «ТУКАБА ЫҢКЫЛАПТЫН» ШАРДАНЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек. Бишкекте эски аянтта 24 күндөн бери пикет уланууда. Дипломаттардын укугун коргогон пикетчилер спикер Абдыганы Эркебаевден тез арада мыйзам долбоорун мамлекет башчыга жөнөтүүнү, ал эми президенттен мыйзамга кол коюну талап кылышууда. Экс- элчилерди колдогон пикеттин катышуучуларына күн сайын акча төлөнүп жатат деген айып ырасмий бийлик өкүлдөрү тарабынан тагылып жатат.

Сары плакаттарга талаптарын жазып алган пикетчилер жекшемби күнү да нааразычылык акциясын улантышты. Бул күнү пикетке 20 дай адам катышты. Арасында дубандардан келгендер, студенттер жана жашы 70ке таяп калган пенсионерлер да бар. Алардын айрымдары төмөнкүдөй пикирлерин билдиришти:
- Мен он күн болду кошулганыма. Эми ушу элчилер чет өлкөгө бизнес кылып кетиптирби? Аскар Акаев өзү бар деп колуна документин берген да. Бермет Акаевага орун бошотуш үчүн эле чыгарылган нерсе болду.
- Биз мамлекет башчыдан парламент кабыл алып берген мыйзамга өзгөртүүлөргө кол коюп беришин гана күтүп атабыз. Аскар Акаев болсо атайын эле убакытты өткөрүп ийди. Эркебаев дагы атайын эле мыйзамды жөнөтпөй кармап турат.
Пикетчилердин колунда Абдыганы Эркебаевге кайрылган плакаттар басымдуулук кылат. «Элиңе чыккынчылык кылбай, мыйзамды эртерек президентке жөнөт», «Эркебаев, мыйзамга эретереек кол кой» деген кайрылуулар жазылган.
Январь айы соңуна чыгып, депутаттардын үгүт кампаниясы да кирип келди. Пикетчилердин мамлекет башчысы демократиялык үлгү көрсөтөт деген үмүтү үзүлүп, шаабайлары сууп турат.
27- январда парламентке талапкерлерди каттоо аяктады. Ал эми мамлекет башчы мыйзам долбоорго 30 күн ичинде кол коюшу керек. 20-январь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо кодексинин 69-беренесине 31 добуш менен өзгөртүү киргизген. Эгер бул мыйзамга президент кол койсо элчилерге Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катышуусуна жол ачылмак.
Ырасмий бийликтин айрым өкүлдөрү 24 күндөн бери уланып жаткан пикетке экс- элчилердин туугандары жана жакындары гана чыгып атат деп билдирип келишет. Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев пикетчилерге күнүнө акча төлөнүп атканын далилдеген материалдары бар экенин, аны керек учурда чыгарарын айткан. Абдил Сегизбаевдин пикиринде, пикетте экс- элчилердин бирин- экин туугандары турса, аны жалпы элдин позициясы катары кабыл алганга болбойт.
Бул пикет 7- январда Улуттук университеттин алдында башталган. 8- январда «Атажурт» саясий кыймылы, Кыргызстан элдик кыймылы жана «Ашар» коомунун катышуусу менен эски аянтта 100гө чукул адам пикетке чыгып, чатырларды тигишкен.
Соңку аптада пикетчилердин саны 20-30 адамдын тегерегинде болуп атты. Айрым байкоочулар мындай нааразылык акцияларды уюштуруучулук жагы солгун болуп жатканын белгилешет. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын лидери Эдил Байсалов уюштуруу жагына көңүл бурган оң дейт. Анын айтымында, Украина менен Грузияда элге маалымат жеткирүү жагы мыкты болгонун белгилейт:
Оппзиция өкүлдөрү мындай иш- чараларга чоң уюштуруу иштери керек экенин эске албай жатышат. Анан биздин эл кош көңүл, менталитети ушундай деген сөздөр айтылып калат. Буга мен макул эмесмин. Украин эле деле «моя хата с краю» деген менталитет менен жашачу. Бирок, бу жолу көтөрүлүп, демократиялык жараян менен президент шайлабыдыбы. Украин оппозициясы эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалыматты өз убагында жана так жеткирип турганы менен утту,-дейт Эдил Байсалов.
5- февралда атуулдук коомдун өкүлдөрү «Адилет шайлоо үчүн» деген ураан астында митинг өткөргөнү жатышат. «Дордой», Аламүдүн» өңдүү чоң- чоң базарларды кыдырып, митингке чакыруу таратылып жатат. Эдил Байсаловдун айтымында, бул митингке киши көп келиши күтүлүүдө.
«Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо» институтунун лидери Топчубек Тургуналиев кыргыз элинин саясий аң- сезиминин жогору экенин белгилеп, кыргыз эли Украина менен Грузиядагыдай «тукаба ыңкылапты» эчак эле жасап койгон дейт:
- Аскар Акаев унутуп койсо керек. Постсоветтик мейкиндикте биринчи жолу «тукаба ыңкылап» Кыргызстанда болгон. Ошол ыңкылаптын аркасы менен Аскар Акаев бийликке келген, -дейт Топчубек Тургуналиев.
Анын пикиринде, парламенттик шайлоолор мыйзам бузуулар менен өтө турган болсо, эң башкысы Аскар Акаев өзү же мураскерин бийликте мыйзам бузуулар менен калтыргысы келсе анда «тукаба ыңкылабы» кайталанышы ыктымал.
Пикетте акчага жалданып аткан саналуу кишилер турат деген доомат боюнча пикетчилер сотко кайрылабыз деп билдиришкен. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова конституциялык укук акчага сатылбайт деген пикирде. Анын айтымында, кыргызстандыктар ички жана эл аралык нормаларда каралган укуктарынын сакталышын талап кылат, бул маселеге келгенде акча роль ойнобойт.
Эртең дүйшөмбүдө пикетчилер маалымат жыйынын өткөргөнү жатышат. Анда пикетти токтотуу же улантуу чечими жарыяланат.

XS
SM
MD
LG