Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

ИРАК: ШАЙЛОО КАНДАЙ ӨТҮҮДӨ?


Жаңыл Жусупжан, Прага. Иракта бүгүн парламенттик шайлоо өтүп жатат. Америкалык жана ирактык расмий өкүлдөр анын жаңы, демократиялык системаны көздөй алгачкы кадам болуп калаарын айтышууда. Бирок шайлоого жетиштүү санда киши катышаары белгисиз, жер-жерлерде террористтик чабуулдардан ондогон адамдардын каны төгүлдү.

Согушчандардын кол салуусунан коркуп, ирактыктардын көбү шайлоого келбей коебу? Иракта шайлоо мына ушул чочулоонун шартында өтүп жатат. Айрыкча кандуу чабуулдар Багдаддын шийилер отурукташкан борбордук Садыр ооданында жана Чыгыш Багдадда орун алып, кеминде 10 киши ажал тапты. Басра, Бакуба жана Мосул шаарларындагы кол салууларда дагы эки кишинин өмүрү кыйылды.

Ошол эле убакта шийилер үстөмдүк кылган түштүктө жана күрдүлөр башкарган түндүктө добуш берүү шайма-шай өтүп жатканы кабарланууда. Бирок сунилер отурукташкан борбордук аймактарда шайлоо бекеттери дээрлик бош турат.

Ирактын убактылуу президенти Гази ал-Явар мекендештерин шайлоого катышууга чакырды: - Мен чын дилимден ирактыктар бул шайлоого татыктуу деп ишенем. Ал эркин дүйнөгө кошулуп, ирактыктар сыймыктана ала турган демократия багытындагы биздин алгачкы кадамыбыз болуп калмакчы, деди Багдаддын катуу кайтарууга алынган борбордук Жашыл тилкесинде добуш берип жатып, Ирактын убактылуу мамлекет башчысы.

Шайлоонун жүрүшүндө Ирактын вице-президенти Ибрахим ал-Жафари Азаттыктын Багдаддагы кабарчысына буларды билдирди:

- Эли үчүн күйгөн атуулдардын бардыгы шайлоого келишти. Манжаларына сыйпалган сыя менен ирактыктар кандуу тарыхтан кийин жаңы тарыхты жазып жатышат.

деди вице-президент. Ал эми шайлоонун акыйкаттуулугун айгинелеген окуяда Ирактын шайлоо комиссиясынын маалымат катчысы паспорту жок келгендиктен добуш бере албай калды:

- Добуш бергени келсем, шайлоо бекетиндеги кызматкер паспортумду сурады. Мен паспортумду иштеген жеримде калтырып коюптурмун. Алар мага шайлоого катыша албайсың дешти. Азыр эми кеңсеме баратам, документимди алып келип, анан добуш берем.

Ошол эле убакта президент Гази ал-Явар ирактыктардын көбү шайлоого келбей коюшу мүмкүн экендигин эскертүүдө. Ишембиде ал: Бойкоттогондон эмес, коопсуздук кырдаалдын начардыгынан улам, көпчүлүк кишилер шайлоого катышпай калат, - деген эле.

Арийне, Ирактын айрыкча коогалуу борбордук аймактарында эл коопсуздук кырдаалдан улам гана шайлоого катышпай коет деп бир жактуу ырасташ кыйын. Айрым сунни жамааттарында эл башчылары коопсуздук кырдаал менен катар, шийилер бийликке келээрин эскертип, элди шайлоого катышпоого үндөп келишкен.

Саддам Хусейндин тушунда Иракта диний азчылыкты түзгөн суни мусулмандарынын доораны сүргөн, азыр калктын 60 пайызын түзгөн шийилердин күнү тууп турган чак.

Бүгүн парламенттин 275 мүчөсү менен катар, 18 провинциянын кеңештери шайланууда. Ал эми түндүктөгү күрдү аймагында шайлоочулар автономиялык парламентти шайлап жатышат.

XS
SM
MD
LG