Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

ТҮНДҮК ИРАКТЫК КҮРТТӨР МЕНЕН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТТАРДЫН ТИРЕШИ


Амирбек Аззам уулу, Прага. Жекшемби күнү Ирактын жаңы Улуттук Ассамблясына шайлоо өтөт. Шайлоого өлкөнүн күрт калкы жапырт катышат деп болжолдонууда. Күрт партиялары элди шайлоого тегиз катышуу менен өздөрүнүн автономиялуу башкаруусун дагы бекемдөөгө үндөшүүдө. Перс булуңундагы 1991-жылкы согуштан бери Ирактын түндүгүндөгү күрт аймактары иш жүзүндө Багдадга баш ийбей калган.

Түндүк Иракта өлкөнүн башка аймактырана караганда салыштырмалуу тынч болгондуктан, күрт партиялары жекшемби күнкү шайлоого эл түп көтөрүлө чыгат деген бекем ишеничте. Азыр Сулеймания шаарында жүргөн лондондук эксперт Камран ал- Карадагинин айтышынча:

-Шайлоого камылга кызуу жүрүп жатканы көрүнүп турат. Лидерлер күрт шаар-кыштактарын кыдырышып, эл менен жолугушууда. Шайлоо жөнүндөгү жаңылыктарга көп орун берген маалымат каражаттары шайлоочуларды добуш берүү аркылуу Ирактын федерациялык түзүлүшү жөнүндөгү консепцияны, Ирак Күртистанын сактап калууга үгүттөшүүдө.

Таанымал күрт саясатчысы, Ирактын убактылуу өкмөт башчысы Хошяр Зебари шаршемби күнү Арбил шаарында болгон жолугушууда ар бир күрттүн добуш берүүсүнүн мааниси тууралуу мындай деди :

-Күрттөрдүн, күрт калкынын максаты азыркы шайлоого жакшы катышып, жаңы Улуттук Ассамблеяда башкалар үнүн уккандай добуш алуу.

30-январда шайлануучу Улуттук Ассамблеянын жетеги астында жаңы Конституция жазылат, Ирактын келерки өкмөтү дайындалат. Ошондуктан, күрттөрдүн Ассамблеяга күчтүү өкүлдөрүн шайлоосу, Ал-Карадаги айткандай, улуттук келечеги үчүн өтө маанилүү:

-Сөз саясат жана Күртистандын бүтүндүгү тууралуу эмес, Күртистан федерациянын мүчөсү катары Ирактын бюджетинен алчу үлүш жөнүндө да жүрүүдө. Бул абдан маанилүү маселе.

Түндүк Ирактын күрттөр башкарган аймагын азыр Күртистан демократтык партиясы жана Күртистан патриоттук союзу жетектейт. Бул эки партия эртеңки шайлоого жалпы тизме менен катышат.

Күрт администрациясына баш ийбеген мунйга бай Киркук шаарында азыр абал өтө катаал. Саддамдын бийлиги кезинде шаардан башка жактарга көчүрүлгөн 100 миңдей күрттүн кайтып келүүсүнө Ирактын көзкарандысыз шайлоо комиссиясы уруксат бергендиктен, алар чукул кайтып келишкен. Муну Киркуктун көп сандуу араб жана түрк жамааттары, ошондой эле аз сандуу тарсалар күртөртөрдүн провинциялдык кеңешти басып алуу аракети катары баалашты. Арабдардын эң чоң партиясы -Бирдиктүү Араб фронту шайлоого бойкот жарыялады. Эң үлкөн түрк партиясы –Түрктөр фронту да шайлоого катышпайт деген кабар бар.

Талдоочулардын айтымында, күрт партиялары Ирактын жаңы конституциясы кабыл алынганга чейин Киркукту өз башкаруусуна өткөрүп алууга өтө ынтызар.

Ирактык түрктөрдүн маданий жана өз ара колдоо коомунун мурдакы төрагасы, киркукта туулуп өскөн Махир Накип АКШнын Колумбия университетиндеги сөзүнө караганда:

-Күрт калкы Киркукту Күртистандын курамындагы шаар деп айтып жүрүшөт. Анын чындыгын ырастаган бир да далил жок. Буерде шаар үчүн эмес, мунай үчүн күрөш жүрүүдө. Алар 1950-жылдан бери Киркукту басып алалбай жүрүшкөндүктөн Киркук биздин шаар дешүүдө. Алар Киркукту өздөрүнө кошуп алмайынча Күртистан мамлекетин жарыялашпайт.

Ал эми күрт жетекчилиги өздөрү Ирактын территориалдык бүтүндүгүн жакташаарын, көз карандысыз мамлекет түзүү аракети аларда жок экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG