Европа Биримдикке мүчө 25 мамлекеттин тышкы иштер министрлери өз жыйынын Иракта 30-январда өткөн шайлоону талкуулоо менен баштаганы турушат. Биримдиктин тышкы саясатын жетектеген Ховьер Солана террордук коркунучтарга карабай добуш берген ирактыктарды эр көкүрөктүгү үчүн мактап, куттуктады. Анын пикиринде шайлоо Ирактын эркин, демократиялуу жана бейкут жашоосуна кенен жол ачты. Министрлер эми Иракты колдош үчүн быйыл кошумча дагы 200 млн. евро бөлүү маселесин караганы жатышат.
Евробиримдиктин Брюссел жыйынындагы экинчи бир талкуулана турган маселе – уюм менен Украинанын ортосундагы алаканы чыңдоонун алгылыктуу жолдорун издөө. Виктор Ющенко өзүнүн президенттик милдети катары Украинаны Евробиримдикке кошууну максат кылып жатат. Анын ниетинде уюмга мүчөлүккө өтүү боюнча сүйлөшүүлөр 2007-жылдан тартып башталууга тийиш. 23-январда президенттик ант берген учурда Ющенко украиндер турушу менен европалык эл болуп эсептелет деген эле:
– Биздин келечегибиз - Европага кошулууга алып барчу жол. Биз европалык улуттар менен биргебиз, биз ошол цивилизацияга таандыкпыз. Алардын дөөлөттөрүн биз өзүбүздүкү деп эсептейбиз. Элибиздин тарыхы, экономикалык кызыкчылыктары “Биздин тагдырыбыз ким менен?” деген суроого так жооп берет. Биздин ордубуз Европа биримдигинде. Менин максатым – Украинаны Евробиримдикке кошуу болуп эсептелет.
Бирок Украина Евробиримдикке өтүш үчүн оңбогондой көп иштерди жасашы керек. Министрлердин жыйынында ал процесстерди күтпөй эле Украина Европа менен экономикалык кызыкчылыктардын негизинде кызматташууну арттыруу үчүн эмнелерди жасаш керек деген маселе каралганы турат. Бул үчүн биримдик Украинанын Дүйнөлүк соода уюмуна эртерээк мүчө болуп өтүшүнө колдоо көрсөтүүгө убада берип жатат.
Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Ирак, Украина маселеси менен катар эле Жакынкы Чыгыштагы абалды да талкуулашат. Махмуд Аббастын президент болуп шайланышы менен Европа жөөт-палестин чатагын жөнгө салууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү деп эсептейт. Аббастын козголоңчу-радикалдар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Палестинанын коопсуздук күчтөрү Газа тилкесиндеги чегараны көзөмөл кыла баштаганын европалыктар шыктануу менен баалашты. Февралда Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш Брюсселге келмекчи жана Жакынкы Чыгыштагы абал ошондо талкууга түшөт.
Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында ошондой эле Балкандагы жана Кубадагы кырдаал тууралуу да сөз болгону жатат.