Ирак менен эң жакын коңшулардын бири Иран жекшембидеги шайлоону козголоңчулар менен кармаштагы жеңиш катары баалады. Ирандын тышкы иштер министри Камал Харази “Мехр” деп аталган гезитке берген интервьюсунда Ирактагы шайлоо бул өлкөнү басып алгандардан тезирээк бошотууда зор рол ойнойт, ошондуктан тарыхта анын орду эбегейсиз деп билдирди.
Иранда чыгуучу гезиттер ирак шайлоосун ар тараптан чагылдырышты. Тегеранда басылуучу гезиттердин көбү коңшуларды эр көкүрөктүгү үчүн мактоого алышты. “Иран” деп аталган өкмөттүк гезиттин башкы заголовкасы “Ирактагы эл бийлигинин далили” деп аталды.
Түркияда болсо Ирактагы шайлоо демократияга карай ташталган кадам катары баа алды. Ошол эле маалда Анкарада бул саясий өнөктүктөн кийин күрт элинин таасири артып, анын терс жактары Түркияга тийбесе болду деген тынчсыздануу да байкалды.
“Turkish Daily News” гезитине дүйшөмбүдө берген интервьюсунда Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Киркукта улуттар аралык кагылыш чыгып кетиши ыктымал деген тынчсыздануусун айтып, Иракта жашаган күрттөрдү өлкөнүн демографиялык курамын өзгөртүүгө катуу жандалбастап жатат деп сындады.
Ыстамбулда жана Анкарада чыгуучу "Radikal", "Hurriyet" жана Milliyet" деген гезиттер Ирактагы шайлоонун негизинде шийилер менен күрттөргө оомат келгенин жазып чыгышты. Атап айтканда консервативдүү "Milliyet" гезити эми Ирактын парламентинде күрттөргө автономия талап кылган чакырыктардын айтыла башташы толук ыктымал деп билдирди.
Түркиялык эксперт Мухаммед Нуриддин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда шайлоонун өтүшү менен Жакынкы Чыгышта жагдай өзгөрүшү мүмкүн экендигин белгиледи:
– Менимче, Түркиянын тынчсызданып жатышынын себеби - Анкара Иракта суннилерди шийилер менен күрттөрдүн утуп алышын Ирактагы жана аймактагы теңсалмактуулуктун жоголушу катары баалап жатат. Муну Иорданиянын королу Абдулла мурдагы президент Саддам Хусейндин кулатылышы менен исламдын регионалдык системасына доо кетти деп мурда эле белгилеген болчу.
Иракка дагы бир коңшу мамлекет Иорданиянын өкмөтүнүн өкүлү “кыйчалыш кырдаалда өткөн бул шайлоо баардык ирактыктардын каалоосун билдирет жана өлкөгө туруктуулукту, суверенитетти кайра кайтарып берет” деген ишенимин айтты. Көпчүлүк арап гезиттери дагы 30-январдагы өнөктүк өлкөгө тынчтык орнотот деген үмүттө экендигин жазышты.
Шайлоо кампаниясына байланыштуу АКШны сынга алгандар да чыкты. “Сириянын күндөрү” гезити “Атургай америкалык жогорку даражадагы чиновниктер дагы бул аптада өткөн шайлоо өлкөгө тынчтыкты жана коопсуздукту орното алаарына ишенишпейт”, деп жазды. Басылманын кошумчалаганына караганда эгер Буштун администрациясы Ирактан армияны алып кетпесе зордук-зомбулук уланып, Ирактын аймактык бүтүндүгү жана суверенитети коркунучта кала бермекчи.
Ооган президенти Хамид Карзай биринчилерден болуп өз оюн айтып чыкты. Анын пикиринде 30-январда ирактыктар туруктуулукка, демократияга жана кең келечекке ишенимдүү кадам ташташты. Мурда Ирактагы шайлоонун кандай өтөөрүнө көзү жетпей жатканын билдирген орус президенти Владимир Путин болсо шайлоону өлкөдөгү абалды чыңдоодогу оң көрүнүш катары баалады:
– Иракта өткөн шайлоо үчүн түзүлгөн жагдай жумшак айтканда өтө татаал болду. Ошого карабай бул – туура жолго жасалган кадам жана жакшы окуя.
Орусияда чыгуучу көп гезиттер болсо суннилердин шайлоого катышпай калганын белгилешти. Ал эми ОРТ телеканалы болсо Ирактагы шайлоо ордунан чыккан жок деп сынга алды.
Орто Азиянын бийликтери 30-январдагы окуяга карата “ак-көк” деше элек. Биздин радиого берген интервьюсунда Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, “Жаңы багыт” кыймылынын лидери Муратбек Иманалиев күрт сыяктуу элдердин шайлоого катышканы кандай болгон күндө да көңүлгө илине турган окуя деди.
Эксперттердин пикиринде Борбор Азиянын президенттери өз ойлорун шайлоонун ырасмий жыйынтыктары чыккандан кийин гана жабыла айта башташат.