Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

ИШКЕР АЙЫМ ДИНАРА МАМАШОВАНЫ КИМ АТТЫ?


Коомчулукта милиция кызматкерлери ар бир кылмышты тыкан изилдеп, күнөөлүү адамды издеп табуунун ордуна, ар кандай жолдор менен моюнга алдыруу ыкмасын колдонууну адатка айландырып алышты деген пикир айтылып келет. Мына ушундай маселе менен «Азаттык» радиосуна да көп кайрылышат.

Бул ирет буюртма жол менен өлтүрүлгөн деп эсептелип келген Динара Мамашовага байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча айрым жарандар кайрылды. Райгүл Акынбекова ушул окуядан көп өтпөй бир туугандары Талант, Бакыт Акынбековдор шектелип кармалган соң бири каза болсо, экинчи бир тууганы өткөн жылдан бери камакта отурганын айтат.

Алар “Дасмия” туристтик фирмасынын директору Динара Мамашoванын өлүмүнө байланыштуу шектелип Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалган. Талант Акынбековдун өлүмүнүн себептери белгисиз бойдон калган. Анын жубайынын айтымында:

-Ошол жердеги биздин абалдан улам, антип Талант өзүнүн жанын өзү кыйганына ишенбейм. Аны ошол абалга жеткирген деп ойлойм. Эгерде ооруканага өз убагында жеткирилгенде өмүрү сакталып калат беле дейм. Биз алиге чейин билбейбиз, кайсыл ооруканага алып барышканын.

Райгүлдүн айтымында Талант Акынбековго коюлган дооматтар жалган. Анын үстүнөн козголгон кылмыш иш бир тараптуу, кимдир бирөөнүн буйругу менен жасалышы да мүмкүн экенин кошумчалайт. Шектелип суракка чакыртылып, үйү тинтилген мезгилде өзүнүн жанын өзү кыйды болуп эсептелген Таланттын өлүм себептерине милиция кызматкерлеринин тиешеси бар деген пикирин адвокат Айнабек Качкынбаев да айтат:

-Талант өзүнүн жанын өзү кыйган окуяга эмне үчүн жалаң милициялар гана катышкан? Эмне үчүн милициядан башка адам көргөн эмес? Айтып жатышкандай өз жанын кыйууга аракеттенген Таланттын колуна бычак кандай жолдор менен тийип калган? Бул жерде көп жагдайлар белгисиз болуп калышы таңгалыштуу.

Адвокаттын ушундай пикиринен соң биз Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө иштери боюнча начальниги Памирбек Асановго кайрылдык. Ал Талант Акынбеков өз жанын өзү кыйганын айтты:

- Талант Акынбеков өз үйүндө, ажатканага кирүүнү суранган. Аралыктан бир канча мүнөт өткөндөн кийин, такылдатса ачпаптыр. Оперкызматкерлер эшикти сындырып кирсе, өзүнө өзү бычак сайыптыр. Бирок анда тирүү экен. Ооруканага жетпей каза болуптур. Таланттын өлүмүнө өзү себепкер. Ал боюнча документтер бар. Анын айыптуу экени да далилденген.

Ал эми арыздануучунун экинчи бир иниси Бакыт Акынбековдун үстүнөн тергөө иши аяктап, жакында сот териштирүүсү башталмакчы. Ал өзүнө коюлган айыпка маакул эмес. Анын адвокатынын айтымында Бакыт Акынбеков Динара Мамашова өлгөн күнү кызматы боюнча машыгууда болгон. Бакыт Акынбеков Коргоо министрлигинин Токмоктогу аскер бөлүгүндө иштейт. Ал тууралуу адвокат Руслан Шайымов мындай дейт:

- Расмий документте жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө өткөн жылдын 2-августтунда Динара Мамашовага ок атылган окуя болгон күндөрү Бакыт Акынбеков Балыкчыда машыгууда жүргөн. Айта кетчүү нерсе бул күндөрү анын иниси Талант Акынбеков да күзөттө турган. Ал экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин граждандык коргонуу бөлүмүндө иштөөчү. Алардын кылмышка эч кандай тиешеси жок экендиги тууралуу далилдер тергөө иштерине таасир берген жок. Ички иштер министрлиги тарабынан жашыруун жасалган экспертиза атылган ок Талант Акынбековдун куралына таандык деген бүтүм чыгарган. Куралдын жана атылган октун номерлери документ боюнча тастыкталыш керек эле.

Адвокаттын айтымында шектелген жарандар эки күн бою милиция кызматкеринин иш бөлмөсүндө кармалып турушкан. "Бул жерде алардын укуктары одоно түрдө бузулган, - дейт адвокат. - Шек менен кармалгандарга милиция кызматкерлери тарабынан моюнга алдыруу үчүн ар кандай кыйноо ыкмалары колдонулган".

Анын кошумчалаганына караганда ушундай өңүттөн алганда милиция кызматы тарабынан моюнга алдыруу үчүн Талант Акынбековго кысым көрсөтүлгөн жана аны өзүн өзү өлтүрүүгө түрткөн.

Бирок тергөө башчысы Асанов: “андай пикирге негиз жок, тергөөнүн жыйынтыгы Акынбековдордун айыптуу деген токтомун угузган” дейт:

-Биз тергөөнүн жүрүшүндөгү далилдер боюнча айыптуу деп тапканбыз. Албетте күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот аныктайт эмеспи.

Тергөөчүнүн пикиринде өткөн жылы болгон оор кылмыштын бети ачыла баштады. Бирок тергөөчүнүн мындай тыянагы менен актоочулар жана шектелип кармалгандардын туугандары маакул эмес.

XS
SM
MD
LG