Орусияда аптадан аптага созулган пенсионерлердин көчөгө чыгуусу тургундардын кыйла кыжырдануусун туудуруда. Элден мурда ага көңүлкош караган бийлик анын акыры саясатташып баратканын көргөндө жарым-жартылай чалдар менен кемпирлер талабын аткарууга мажбур болду.
Анализчилер баамында эгерде өкмөт чектеп аткан пенсия жарытылуу болгондо пенсионерлердин башта алып келаткан жеңилдигин коргоо болбойт эле дешет. Анткени акчалай жөлөк пул алуу дегинкиси дурус дешет. Анда эмесе, кечөө Москвада акцияга катышкан бир аялдын пикири угуп көрөлү:
Буга дейре берилип келген жеңилдикти тартып алып анын ордуна чалдарга жүз рублден акча беришти, - дейт. Ал эми Орусияда азыркы тушта 100 рублди 27 долларга алмашууга болот.
Көчөгө чыгуу токтобой туруп алганда бийлик унаада жүрүү жеңилдигин мурдагы калыбына келтирди. Бирок алдыда эми турак жайга төкчү акы кымбаттайт дешет. Ошондо көчөгө чыгуу акциялары мунусунан өөрчүйт дешет. Кечөө «Вести» сыналгысынан өлкөнүн кор министри Алексей Кудрин кеп сүйлөп жеңилдик берүү каражатынын чеги болжолгондон алда канча артып кеткендиктен мамлекеттин кол тийбес такоолунан каражат ажыратып аны берүүгө туура келет деди:
Бизге эми (өлкөнүн – ММ) туруктуулугун сакташ үчүн жыйылган кордон - албетте жүз миллион рублей эмес – бир даарын сарыптоого туура келет. Андыктан (өлкөдө - ММ) инфляциянын кайсы бир жышаны сезилиши мүмкүн, - деп эскертти Кудрин мырза
Өлкөнүн казнасын кармаган Кудрин менен бирге кепке катышкан Татарстан президенти Минтимер Шаймиевдин айтканына караганда, пенсионерлердин көбү тиякта да эмес быякта да эмес болуп чыккан:
Биз жеңилдик жөлөк пулун акчалай бере баштаганыбызда пенсиядагылар (көбү – ММ) чийиндин сыртында кала бергенин көрдүк. Алар федералдык тизмеге да жергиликтүү тизмеге да кошулбай калышыптыр. Биздин (жумуриятта – ММ) андай кишилер эсеби 200 миңге жети, - деди президент Шаймиев.
Бийликтин өкүлдөрү таркаткан маалыматка караганда жеңилдикти акчалай берүүгө өтүүдө башкы милдет – мурда льгота алып келгендердин бирине да эми унаа менен жүрүүгө уруксат бербөө. Ага азыр пенсиа алгандар гана акылу. Ал эми калган льготачылар: милиция, коопсуздук кызматындагылар, аскер кызматындагылар, прокурор, сот, депутат, студенттер, жол тармагында иштегендер, өрт өчүрүүчүлөр дагы башка толгон токой кесиптеги кишилерге унаада бекер жүрүү болбоо керек дешет.