Маалымат каражаттарынын жана коомчулуктун басымы астында Ирактын Борбордук Шайлоо Комиссиясы жекшембинин кечинде “Шайлоочулардын 72%зы атуулдук милдетин аткарды” деген кабар таркатты. Андан эч канча өтпөй, комиссия бул маалыматты тактап, шайлоого катышкандардын саны 65%ды түзө тургандыгын айтты.
Дагы бир канча сааттардан кийин Ирактын Шайлоо комиссиясы буга чейинки маалыматты жер-жерлердеги шайлоо участкаларынан оозеки гана алынган кабардын негизинде өтө эле көбүртүп айтылган деп, ал цифраны дагы төмөндөттү. Комиссиянын билдиришинче, бул шайлоо күнүн “тарыхый өзгөчө күн деп, эл болуп көрбөгөндөй кызыгуу менен келип жатышат” деген өңдүү маанайдын өзү да акырында добуштардын санынын жасалма жогорулашына таасир берген болушу ыктымал.
Иорданиянын баш калаасы Амманда жайгашкан Эларалык Кризис тобунун регионалдык эксперти Юст Хилтермандын айтымында, шайлоого катышкандардын так санын аныктоо бир канча күндөргө созулуп кетиши да мүмкүн.
- Азырынча шайлоо жыйынтыктары тууралуу алдын ала божомол айтууга өтө эле эрте. Элдер чоң кызыгуу менен шайлоо участкаларына келгендигин эске албаганда, бизде шайлоого тиешелүү эксперттер тарабынан айтылган тагыраак кабар жок. Адамдардын шайлоого көтөрүңкү маанайда келиши, албетте, адаттан сырт көрүнүш. Бирок шайлоонун деңгээли эле эмес, анын курамы, маңызы кандай болгондугу өңдүү суроолор алигече жоопсуз калууда.
Дагы бир маанилүү маселе – суннилер отурукташкан аймактардагы добуш берүүнүн көлөмү. Анткени акыркы айларда козголоңчулар өлкөнүн дал ушул суннилер басымдуулук кылган борбордук жана анын түндүгүрөөк тараптарында активдүүлүгүн көрсөтүп келишти.
Суннилердин айрым диний жана коомдорунун лидерлери шайлоого бойкот жарыялаоого чакырган. Алар бул чечимин коопсуздук чараларындагы проблемаларга шилтеп, андан сырткары, шайлоо бийликти шиилердин колуна өткөрүп, суннилерди четте калтырат деп биле тургандыктарын айтышкан.
Хилтермандын айтымында, азырынча суннилер тараптан шайлоо жыйынтыктары жөнүндө эки башка өңүттөгү көрсөткүчтөр түшүп жатат.
- Мисалы, биз шайлоого катышуу деңгээли төмөн болот деп күткөн айрым аймактарда, айталы, суннилер жашаган айрым жерлерде көрсөткүч жогору болушу мүмкүн. Ошол эле суннилердин башка бир райондорунда дээрлик эч ким добуш берүүгө катышкан эместей. Мунун баары азырынча жөн гана бир көрүштөн алынган таасирлер. Андыктан, биз шайлоонун так жыйынтыгын чыгарышыбыз үчүн бул өңдүү суроолорго обьективдүү маалымат алышыбыз керек, - дейт эларалык Кризис тобунун регионалдык эксперти Жуст Хилтерман.
Айтылуу “Суннилердин үч-бурчтугунун” борбору Рамадиде 300 адам добуш бериптир. Болгондо да, алардын көпчүлүгү аскерлер менен полиция кызматкерлери экен. Бирок шайлоо участкаларынын өкүлдөрү айткандай, Рамадиге жакын жерлердеги кышмактарда добуш берүүчүлөрдүн саны өтө жогору болуп, кээде шайлоо бюллетендери да жетпей жатыптыр.
Ал эми түндүк тараптагы Мосул шаарында болсо, кээ бир участкаларда адамдар узун кезекке турушса, дагы бирөөлөрү бош бойдон калып жатты.
Ошол эле учурда, көбүнчө шиилер отурукташкан Ирактын түштүгүндө жана күрддөр жашаган райондордо шайлоого катышуу деңгээли жогору болду.