Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

ООГАНСТАНДА АКШда ДАЯРДАЛГАН РАКЕТАЛАРДЫ ИЗДӨӨ БАШТАЛДЫ


Ооганстандын бийликтери өлкө аймагында советтик баскынчылык жылдарынан эстеликке калган "Стингер" ракеталарын чогултуу аракетин жандантышты. Америка өкмөтү 1980-жылдары ушундай ракеталардын эки миңдейин Ооганстанда советтик армияга каршы согушкан исламчыл күчтөргө жөнөткөн экен. Ооган өкмөтү эми ал күчтүү ракеталар террорчулардын колуна тийбесе экен деп чочулап турган кез.

Ооганстанын коопсуздук кызматы жекшембиде өлкө боюнча мурда АКШда даярдалган "Стингер" ракеталарын чогултуу өнөктүгү башталганын жар салды. 2001-жылдын аягында Пентагон 1980-жылдары советтик аскерлерге каршы күрөшкөн исламчыл согушчандарга 2000дей ракета жөнөткөнүн моюнга алган. Кийин алар "Аль-Каиданын", же талиптердин колуна өтүшү мүмкүн болгонун да АКШнын коргонуу мекемеси четке каккан эмес.


2001-жылкы 11-сентябрдагы теракттардан кийин башталган Ооганстандагы антитеррордук кампания маалында бир да америкалык аскердик учак дал ушундай "Стингер" ракетасы тийип кыйраган жок, бирок айрым учкучтар Кандагар шаарынын тегерегинде жерден ушундай түрдөгү ракеталар атылып, бутага тийбей калганын билдиришкен. Ошентсе да, адистер ал ракеталар балким, мурдагы советтик "СЭМ-7" түрүндөгү курал болушу ыктымал деп эсептешет.


"Жэйнс коргонуу апталыгынын" Делидеги кабарчысы Рауль Беди Вашингтон убагында "Стингер" ракеталарын кайра сатып алууга аракеттенгенин айтат.

- Америкалыктардын 1980-жылдары мужахединдерге жөнөткөн ракеталарын кайра кайтаруу аракеттери узак жылдарга созулуп кетти. 1990-жылдары Борбордук чалгындоо башкармалыгы аларды кайра сатып алууга көп аракет жасаган. Азыркы тапта андай куралдын канчасы Ооганстанда, канчасы террорчул топтордун карамагында экенин эсептеп айтуу кыйын. Менимче, ал ракеталардын канчасы колдонууга жарактуу экенин ЦРУ да билбейт, анткени алардын ичиндеги батареялары, дагы бир жабдыктары иштен чыгып кетиши мүмкүн, - дейт Делилик аскердик изилдөөчү.


Пентагондун өкүлдөрү бир кезде Ооганстанга кеткен ракеталарды кайра сатып алуу аракеттери жасалганы жалган деп моюнга алышпайт. Аскердик тарыхчылар дал ушул "Стингер" ракеталары – ооган согушкерлеринин советтик армиянын мизин кайтаруусунда башкы ролду ойногон деген пикирде. Тоо-таштын арасына жашырынган мужахединдер советтик согуштук авиациядан дал ушул америкалык куралдын жардамы менен коргонуп, базаларын сактап калышкан.


Лондондук аскердик иликтөөлөр борборунун адиси Жим О'Хэллоран 1980-жылдардагы ракеталардын көбү азыр жараксыз абалда деген көз карашты колдойт.

- Андай ракеталардын деги канчасы убагында Пакистандын бийликтери аркылуу Ооганстанга өткөнүн айтуу да кыйын. Көпчүлүгү жеткирилсе керек. Кийин Пентагон аларды кайра сатып алмакчы болгондо, бир нечеси эле кайтарылыптыр деген кеп тараган. Айтор, алардын канчасы азыр Ооганстанда, алар колдонууга жарайбы-жарабайбы деген суроого жооп табуу өтө татаал.


Ошентип, азырынча ооган өкмөтүнүн "Стингер" ракеталарын чогултуу боюнча жаңы өнөктүгү кандай жемиштерди алып келээри белгисиз. Ал тапта Бириккен улуттар уюмунун Ооганстандагы куралсыздандыруу программасы буга чейин алардын колуна 4 "Стингер" түшкөнүн, советтик "СЭМ-7" ракеталары андан алда канча көп санда өткөрүлүп алынганын билдирди.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG