Кыргызстанды соода-сатык катуу каптап кирген кезде -- 1992-жылы легендарлуу Парламенттин сунуш-талабы менен Кыргыз өкмөтү порнографиянын айрым одоно түрлөрүн чектөө боюнча токтом кабыл алган экен. Ал токтомду аткаруу боюнча атайын комиссия түзүлүп, жер-жерлердеги жумушчу топтору соода түйүндөрүн түрө кыдыруу менен, бир катар адепсиз, уятсыз нерселерди сатуудан алып таштаптыр. Бирок, негизги милдет жүктөлгөн Маданият министирлигинин жоюлушу менен - бул иш бара-бара солгундап кетет. Кийин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын илим билим маданият иштери боюнча комитети 2 жолу: 2001-жылы ноябрда, 2003-жылы апрелде республика чегинде порнографияга бөгөт коюу маселесин кайра көтөрүп, бирок, сырткы кубаттоолордун жоктугунанбы, чоң деңгээлде талкуу сөзгө алынбай калыптыр.
Ал эми бүгүнкү күндө Кыргызстандагы порнографияга байланыштуу кырдаалды түрдүүчө баалагандар бар. Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев бул жагдайда чоң өкүнүч менен сүйлөдү:
- Карасаң, айланайын, телевизор көрүүгө болбойт бала-чака менен. Ал тургай жөнөкөй эле ширеңкени реклама кылып жатса, балтайтып эмчегин көрсөтөт. Эй, бу, кыргыз эли үчүн эмчек деген -- символ. Энеликтин символу! Мунун бардыгы эң бир ыплас болуп жатат. Муну кандайча токтотуш керек?
Абдылас Малдыбаев атындагы опера, балет театрынын солисти, атактуу ырчы Эркин Касымов -- баарысын эле жектебеш керек. Маселен, айрым эротикалык, сулуулукту даңктоо маанайындагыларын… Бирок, өтө одоно түрлөру менен аёосуз күрөшүү абзел деген ойдо:
- Порнография дегендин керектүүсү бар, кереги жогу бар да. Эксперттик редакциялык комиссия болуш керек. Фильмдерди, телеберүүлөрдү, ырларды - бардыгын карайт. Порнография дагы – диверсия өзүнчө, руханий терроризм десе да болот. Кыргыз калкын жамандыкка таштайбыз деген терроризм болуп атат.
Бизге Бишкек шаарынын «Кондор» интернет клубунан жолуккан Турар Улукбеков аттуу студент -- Кыргызстанда порнографиянын ашепке кеткен жери жок деген пикирин айтып келип, оюн төмөндөгүчө жыйынтыктады:
- СССР дин таасиринде жүргөндөр калп эле корко беришет
Эми Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жайгашкан соода күркөсүндө презервативдерди жайната коюп алып сатып жаткан Узак Токтобаевдин сөзүн угалы.
- СПИД менен күрөшүүнү ачык айтып жаткандан кийин – андан коргонуучу нерселерди эмне үчүн ачык сатпашыбыз керек экен?
Ал эми жазуучу Мар Байжиев Кыргызстанда жайылып кеткен порнография айрыкча жаштардын көз карашын бузуп, жаркын келечектен ажыратат деп кооптонот:
- Согуш бүткөндөн кийин жанагы Кансыз согуш деген башталбадыбы, ошондо Маршалл дегендин планы чыгыптыр. Муну Гебинс деген баштаган экен мурда. Кайсы бир мамлекетти жеңе албасаң – жаштарынын, бала-чакасынын пейлин бузуп жеңиш керек дептир. Ушундай программа бар экен.