Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕР ИРАКТАН БЫЙЫЛ ЧЫГАРЫЛБАЙТ


Ирактын убактылуу президенти Гази ал-Явари АКШ баштаган куралдуу күчтөр Ирактан жыл аягына чейин чыгарылаары күмөн экенин билдирди. Бирок анын айтымында, 2006-жылдан тарта аскерлердин санын кыскартуу башталышы мүмкүн. АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс да жекшембидеги шайлоого ирактык миллиондогон атуулдардын катышканына карабастан, Иракта турган 170 миңден ашык чет элдик күчтөрдү алып кетүү тууралуу сөз кылуу эрте деп эсептейт. Саясат талдоочулар да Ирактан америкалык аскерлер жакын арада кетээри күмөн экендигин айтып жатышат.

Иракта жекшембиде өткөн шайлоодон кийин Америкада айрым мыйзамгерлер бул өлкөдөгү АКШ баштаган аскерлерди алып кетүүгө даярдык көрө баштоого чакырышты. Ирактын учурдагы мамлекет башчысы бардык чет элдик аскерлер чыгарылса, Ирактын коопсуздук күчтөрү кырдаалды көзөмөлдөй албай калат деп эскертти:

- Ирактын коопсуздук күчтөрүн жана армиясын машыктырып, калыбына келтирүү ойдогудай жүрсө, ушул жылдын аягына чейин биз чет элдик аскерлердин санын кыскартууга жардамдашабыз. Бирок алар бардыгы кетпейт, бул алардын санын кыскартуунун башталышы гана болот. Бул аскерлер үйлөрүнө кайткылары келет, алар Иракта түбөлүккө калгысы келбейт, биз да алардын түбөлүккө калышын каалабайбыз.

АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс да Ирактан аскер чыгаруу али эрте деп эсептейт жана эксперттер дагы ушул ойго кошулуп жатышат.

Лондондогу Стратегиялык изилдөөлөрдүн Эл аралык институтунда Иракка адистешкен Тоби Додж “Азаттык” радиосуна эл аралык күчтөр Иракта дагы аз эле дегенде беш жылга калышы керек деп билдирди:

- Абал өтө оор, анткени чет элдик аскерлерсиз өлкө тез эле азыркыдан да оор баш-аламандыкка кабылып, кан төгүү күчөйт. Ошондуктан, жергиликтүү эл чет элдик аскерлерди кыртышы сүйбөгөнү менен, менимче беш-алты жылга чейин аларды чыгарып кеткен туура болбойт. Ошондуктан мен чет элдик аскерлер айрым кыйынчылыктарга алып келгени менен, алар азыр Иракка керек деп ойлойм.

Марвин Кабул - Харвард университетинде изилдөө жүргүзөт:

- Жекшембидеги шайлоонун натыйжасында АКШнын президенти 1-2, 3 же 4 жылда Ирактан кетебиз деп айтаарына көзүм жетпейт. Ал жекшембидеги шайлоо биздин туура багытта баратканыбызды көрсөттү, биз ушул багытта уланта беребиз деп айтат болуш керек. Ал "эгер менин айтканыма көнбөсөңөр, жаңыласыңар, меники туура" деген ишенимде калганында калет жок.

Ал эми Тоби Додж Ирактагы шайлоого сунилер активдүү катышпаганын белгилеп, Ирактын жетекчилиги эми сунилерди саясатка тартууга тийиш деп эсептейт. Ирактын түндүк-батышындагы “Суни үч бурчтугу” деп аталган бул аймакта кырдаал курч бойдон кала берет деп божомолдойт Тоби Додж.

XS
SM
MD
LG