Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

АТУУЛДУК КООМ ӨКҮЛДӨРҮ ҮГҮТ ӨНӨКТҮГҮНҮН АДИЛЕТ ӨТӨРҮНӨ ИШЕНИШПЕЙТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргызстандын Шайлоо кодексине ылайык парламенттик шайлоолорго талапкерлерди каттоо 2-февралда токтотулду жана ушул күндөн баштап үгүт кампаниясы башталды. Буга байланыштуу айрым бейөкмөт уюм өкүлдөрү 2-февралга чейин эле аткаруу бийлиги тарабынан олуттуу мыйзам бузууларга жол берилгендигин айтышып, «үгүт компаниясы мезгилинде мындай көрүнүштөр күчөйт” деп кооптонушууда. Мындай сын пикирлерди аткаруу бийлиги четке кагат.

Парламенттик шайлоого өлкөдөгү бардык саясий күчтөр анын ичинде оппозиция жана аткаруу бийлик өкүлдөрү өзгөчө көңүл бурушууда. Байкоочулардын пикирине караганда, парламенттик шайлоодон кийин болуучу президенттик шайлоонун да тагдыры да мына ушул 27-февралда өтүүчү шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу болушу ыктмал. Анткени өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык жаңыдан шайланган бир палаталуу парламент Конституцияны каалагандай өзгөртүүгө укуктуу. “Ошондуктан бул парламенттик шайлоодо кайсыл саясий күч жеңишке жетишсе алар өлкөнүн Баш мыйзамын каалагандай өзгөртүшү ыктымал” дешет талдоочулар.

Шайлоо кодексинин 73-беренесине ылайык парламенттик шайлоого талапкерлерди каттоо 2-февралда соңуна чыкты жана ушул күндөн баштап үгүт өнөктүгү башталды. Чындыгында эле парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин шайлоодо жеңип чыгышы адегенде ошол талапкердин программасына жана алардын үгүт кампанияны жүргүзүү деңгээлине байланыштуу болоорунда талаш жок.

Кыргызстандын Шайлоо кодексине ылайык шайлоого катышкан ар бир талапкерге мамлекеттик маалымат каражаттарынан бирдей мөөнөттө бекер убакыт берилет. Буга байланыштуу айрым бейөкмөт уюм өкүлдөрү “Аскар Акаев баштаган аткаруу бийлик өкүлдөрү шайлоону адилет өткөрөм деп коомчулукка убада беришип, иш жүзүндө өзү баштап мыйзам бузууларга барууда жана шайлоо өнөктүгү учурунда мындай көрүнүш улантылат» дешет.

- 2-февралга чейин эле Аскар Акаев баштаган аткаруу бийлик өкүлдөрү мыйзам бузууларга барышты. Дүйнө коомчулугу билет Акаев Германия жана башка өлкөлөргө болгон иш сапары учурунда парламенттик шайлоого катышып жаткан үй-бүлөө мүчөлөрүн дайыма мактап жатты. Бул мыйзамсыз. Ушундай эле көрүнүш үгүт өнөктүгү учурунда улантылат., - дейт Төлөйкан Исмаилова.

«Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева талапкер каттары катталган №1 Университет шайлоо округунда 2-февралга чейин эле бир катар олуттуу мыйзам бузуулар болгондугун айтат:

-Университет шайлоо окуругунан көптөгөн студенттерди “силер Бермет Акаеваны колдогула” деп ар түрдүүчү кысымга алып жатышты. Алардын үйлөрүнө чейин барышуп, жашаган жерин тактап жатышты. Биз бул боюнча кеңири маалымат топтодук жана ал боюнча БШК арыз менен кайрылдык. БШК андай арызга эмдигиче жооп бере элек.

Айрым байкоочулардын пикиринде, ушул парламенттик шайлоодо аткаруу бийлиги «Алга Кыргызстан», «Адилет» партияларынын атынан чыккан талапкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтөт. «Үгүт компаниясында өз талапкерлериңиздерге кандайча колдоо көрсөтөсүздөр» деген суроого «Алга, Кыргызстан» партиясынын жооптуу катчысынын орун басары Мелис Жунушалиев «азырынча ачык айтпайбыз» деп кыскача жооп берди:

- Биздин курултайда шайлоого 26 талапкер көрсөтүлгөн. Аларга биз ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз. Биз кандай жардам беребиз азырынча ачык айтпайбыз. Анткени бул арызча жашыруун нерсе.

Курамына тогуз партия кирген оппозициячыл Кыргызстан элдик кыймылы жана “Атажурт” саясий бирикмелери үгүт өнөктүгү учурунда элге белгилүү коомдук ишмер, саясатчылардан турган атайын үгүт топ түзүп оппозициячыл маанайдагы талапкерлерге колдоо көрсөтөрүн маалымдашты.

БШК башчысы Сулайман Иманбаев үгүт өнөктүгү учурунда аткаруу бийлиги тарабынан кандайдыр бир административдик ресурстар колдонула турган болсо чара көрүлөрүн эскертти:

- Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт өнөктүгү учурунда административдик ресурстарды колдонгон аткаруу бийлик өкүлдөрүнө кескин чара көрөт жана андай бийлик өкүлүн кызматтан кетирүүнү талап кылат. Азырынча бул боюнча ырасмий арыз берилбегени менен маалыматтар түшүүдө.

Кыргызстандын Шайлоо кодексине ылайык үгүт иштери добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтотулат.

XS
SM
MD
LG