Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

АКАЕВДИН ОРУСИЯГА САПАРЫНЫН «СЫРЫ», ИШЕНГҮЛ АЙЫМДЫН ИШЕНИЧИ ЖАНА АЛДАНГАН АМАНАТЧЫЛАР


Аскар Акаевдин Маскөөгө болгон сапарынын анык себеби эмнеде? Бул тууралуу макала «Республика» гезитинде орун алды. 2-февралда чыккан «Кыргыз Туусу» басылмасында Ишенгүл Болжурованын илимий деңгээлине шек келтирген макала орун алды. «Рентон групп» менен «Камкор» камсыздандыруу компаниясынан жабыр тарткандардын азырынча акчасын ала алышпайт. Бул тууралуу кеңири макала «Заман Кыргызстан» гезитинде жарыяланды.

Парламенттик шайлоолор жакындап калды. Гезиттердин көбү шайлоо темасында жазууда. 2-февралда жарыкка чыккан «Республика » гезитинде «Путин Акаевди колдой алабы?» деген макала орун алды. Анда мамлекет башчынын Маскөөгө болгон сапары ар кандай пикирлерди жаратканы туурасында айтылат. « Аскар Акаевдин Маскөөгө сапары Курманбек Бакиевдин Оруссияга болгон сапарынан улам болду. Курманбек Бакиев Оруссиянын Коопсуз кеңешинин катчысы Игорь Иванов менен бир топ убакытка чейин маектешкенинен улам Аскар Акаевде Кремль экс премьер министрге колдоо көрсөтөт деген ой пайда болду» деп жазды «Республика» гезити.

Гезиттин ушул эле санында экс-министр, экс-элчи Муратбек Иманалиев менен маек орун алды. Анда Муратбек Иманалиев оппозициянын кылган кадамдары, митингдер, жыйындар мыйзам чегинде болуп жатканын билдирди. Ал эми бийлик мыйзам чегинде башкарып жатат деп айтуу кыйын экенин айтты. “Экс –элчилердин депутаттыкка талапкердигин коюуга мүмкүнчүлүк ала албаганы туура эмес, эмне үчүн элчилер кимдир бирөөгө добушун берип, ошол эле учурда парламенттик шайлоого катышуугу укугу жок” дейт гезитке берген маегинде Муратбек Иманалиев.

«Ишенгүл айымдан ишенич кетти… же пикетте табышкан жолсуз тандем Болжурова менен Тургуналиев жөнүндө» 2-февралда чыккан «Кыргыз Туусу» басылмасы кеңири макала жарыялады. Анда министрлик креслого көчүк басканда түздөн түз ректорлор, профессорлор, докторлор менен иштеше баштаганда баягы «ала калган» илим деңгээлинин жетишсиздигинин азабы өз башына тийди. Илим күчтүүлөрдүн пикири менен эсептешпей, өзүм билемдиги «биркем» синдромун өстүрүп министр айымдын культличносту орногондугу кесиптештерине белгилүү экени айтылат.

«Азыркы тапта депутаттыка талапкерлердин укуктары бузулууда. Эмне үчүн бийлик экс-элчилерди шайлоого катыштырбай жатат? Жооп жөнөкөй. Бийлик күчтүүлөрдөн коркот», деп 2 февралда чыккан «МСН» гезитинде жарык көргөн «Бийлик күчтүүлөрдөн коркот» макаласында жазылды.

Ал эми “ZAMAN Кыргызстан» басылмасы өзүнүн 4-февралдагы санына Кыргызстанда сырттан агылган автоунаалар жөнүндөгү Канымгүл Элкееванын журналисттик изилдөөсүн жарыялады. Анда Кыргызстандын авторыногу, унаалардын баасы, бажы жана башка салык төлөмдөрү боюнча кенири жазылат.
«Акыркы жылдары Кыргызстанда транспорт каражаттарынын саны бир топко өскөн.

Жылына орто эсеп менен 5 миңден 10 миңге чейин унаа кошулуп турат. Биринчиден, бул өлкө экономикасынын өнүккөнүн көрсөтсө, экинчиден, статистикалык маалыматтарда, машиналардын 40%и эски. Ал эми жаңы, 2000-жылдан бери чыгарылгандар 20%ти гана түзөт». Автор автоуналардын өзгөчө, борбор калаа-Бишкектин абасына экологиялык жактап алып келген зыяндарына да токтолот.

Ал эми журналист Бурул Бобуеванын экономикалык-социалдык багыттагы макаласы аманатчылар туурасында. «Рентон групп» менен «Камкор» камсыздандыруу компаниясынан жабыр тарткандар азырынча акчасын ала алышпайт. Себеби, 1997-жылы президенттин №36 мыйзамында банктарга салынган аманаттар гана кайтарылып берилет деп жазылган.
XS
SM
MD
LG