Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

РАЙСТЫН АЛГАЧКЫ ЕВРОПА САПАРЫ


Кошмо Штаттар менен Европа дүйнөлүк саясаттын бир катар түйүндүү маселелери жаатында дагы эле кайчы пикирде кала берүүдө. Маселен, Ирактагы согуш, климаттык өзгөрүүлөр жана террорго каршы согуш жаатын алсак болот. Ошого карабастан, феврал айы алардын өз ара элдешүүсүнүн мезгили болуп калышы да ажеп эмес. Бүгүн (жума күнү) АКШнын жаңы Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Лондонго келип, Британ премьери Тони Блэр менен сүйлөшүү жүргүздү. Ал бир апта бою Европанын сегиз өлкөсүн кыдырып, Европа менен АКШнын өз ара мамилелерин талкууламакчы. Ай соңунда президент Жорж Буш да бул кызматына экинчи ирет шайлангандан кийинки алгачкы европалык сапарына чыгат.

Европага президент Буштан оболу АКШнын тышкы саясатын аныктаган министрлигинин жаңы жетекчиси – Кондолиза Райс келүүдө. Ал буга чейин президент Жорж Уокер Буштун улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси кызматын аркалады. Көптөгөн европалыктар Райс айымды Буштун тышкы саясатындагы Ирак согушу сыяктуу өздөрү олуттуу кемчилик деп санаган жактарынын булагы катары баалашат.

Парижде чыгуучу «Монд» ("Le Monde") күндөлүк басылмасынын мурдагы редактору Андре Фонтэн (Andre Fontaine) мырза Райска кыргый кабак менен карагандардын маанайын мындайча сыпаттайт:

- Ал өзгөчө алганда Франциянын турумуна кастардыгын тиккен сыяктанат. Француз дипломаттары менен жекече сүйлөшүүлөрү маалында ал ого бетер катаал маанайда болуп келди.

Жума күнү Лондондо башталган сапарын андан ары улантып, Райс айым Германия менен Франциянын ордо шаарлары Берлин менен Парижде болот, андан соң Жакынкы Чыгышта Израилди жана Палестинанын Иордандын Батыш жээгиндеги бөлүгүн кыдырат.

Европалыктар АКШнын азыркы өкмөтү өзүнүн тышкы саясатын кыйла өзгөртсө экен, Иранга каршы согуш ачуу сыяктуу калпыс кадамдардан алыс болсо экен деп үмүттөнүшөт.

Жон Хопкинс университетинин Болонья Борборунун адиси, профессор Стивен Сабо (Stephen Szabo) мырзанын оюнча, ушул тапта АКШ да, Европа өлкөлөрү да тышкы саясаттагы жакындашууга барууга ынтаасын билдирүүдө:

- Менимче, Буштун өкмөтү өзүнө ынтымакташты издеп келет. Ал биринчи мөөнөтү маалындагыдай өзүм билемдик кылган сезимге эми алдырбай калды. Менимче, анын саясатында революциячыл дилгирлик анча-мынча болсо да азайгансып калды. Алар европалыктар менен өз ара кызыкчылыктарга негизденген, алда канча реалдуу карым-катнаш түзгүсү келет. Менимче, европалыктар деле ошондой ойдо.

Анын оюнча, улуттук кызыкчылыктар кээде АКШ менен Европаны кайым айтышууларга алып бара турган учурларга таң калууга болбойт.

Кандай болсо да, Кондолиза Райс мурдагы Мамлекеттик катчы Колин Пауэллге салыштырмалуу Европаны жана Орусияны дурус билген адис, ошондуктан АКШнын жаңы өкмөтү Европага карата кыйла астейдил саясат жүргүзүшү мүмкүн, дейт Сабо.

Кондолиза Райс айым бул сапары маалында Түркия, Польша, Италия, Лүксембург жана Белгия сыяктуу өлкөлөрдү да кыдырат. Ал Европа Биримдигинин жана НАТОнун жетекчилиги менен да сүйлөшүү жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG