Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:00

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮП ЖАТАТ


Кубат Оторбаев, Прага Бириккен улуттар уюмунун “Мунайга азык-түлүк” программасынын жетекчиси Бенон Севан кызмат абалынан пайдаланып, эрежелерди бузгандыгын көзкарандысыз комиссия аныктап чыкты. Атап айтканда, контракт түзүү учурунда Бенон Севан мырза кол ийрисине тартат кылып, ымала санаган компанияларга артыкчылык берип келген. Отчетто түздөн-түз ичип-жемей тууралуу айтылган эмес. Бирок баш катчы Кофи Аннан айып кетиргендер тартипке чакырыла тургандыгын, эгер алардын акча жегени аныкталса кылмыш ишин козгоого тоскоолдук кылбай турганын билдирди.

Бириккен улуттар уюмунун “Мунайга азык-түлүк” программасынын жетекчиси Бенон Севан мырза өзүнүн дарегине айтылып жаткан андай сындарга макул эместигин билдирди. Анын пикиринде ал жок жерден айыпка жыгылып жатат.


Мындан мурда дагы Бенон Севан 1998-2001-жылдар аралыгында Ирактын мунайын азык-түлүккө алмаштыруу боюнча өткөрүлгөн тердерди өз кызыкчылыгына пайдаланганы тууралуу маалыматтар тараган болчу. Атап айтканда, ал кеңсеси Швейцарияда жайгашкан "Эфрикан миддл ист петролеум” компаниясына жан тартып, аны жең ичинен колдоп-сүрөп турган, анысы үчүн 1,5 млн. доллар пара алган деген кабар айтылган.

Көзкарандысыз комиссия азырынча бул маалыматты тастыктай элек, ошондон улам Бенон Севан чын эле пара алган-албаганы азырынча белгисиз.

Ал эми Бириккен улуттар уюмунун “Мунайга азык-түлүк” программасы тууралуу айтсак, 67 миллиард долларга эсептелген бул гуманитардык программанын алкагында Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин режими эларалык катаал санкциялардын шартында мунай сатып, ордуна тыштан азык-түлүк алып турган.

Ал иштердин канчалык деңгээлде адилет жана максаттуу аткарылганын текшерген көзкарандысыз комиссияны АКШнын Федералдык резерв системасынын мурдагы жетекчиси Пол Волкер жетектеди. Ал журналисттерге 3-февралда берген интервьюсунда программанын башчысы Бириккен улуттар уюмунун кызматкерлери сактай турган эрежелерди дайыма бузуп келген деп билдирди:

– Бул квотаны бөлүп турган Ирактын өкмөтү өзүнө таасир сатып алып жатабыз деп эсептеп келген. Анын жыйынтыгында азыр так аныкталган нерсе – Сиван мырза өзүн кызыкчылыктардын кагылышуусу өкүм сүргөн өтө татаал абалда калтырды. Бул болсо эларалык жогорку кызматтагы чиновниктерге тиешелүү нормаларды жана Бириккен улуттар уюмунун эрежелерин бузуу болуп эсептелет.

Бирок Пол Волкер Ирактын элинин дээрлик 90 процентин тамак-аш менен жабдып турган программада мыйзам бузуулар көнүмүш көрүнүш болгон эмес деп кошумчалады.

Ошентсе да Ирактын мурдагы бийлиги мунайдын контрабандасынан 11 млн. долларды кымтып алганын Бириккен улуттардын Коопсуздук кеңеши көрүп-билсе да ага көз жуумп турган экен. Айрым маалыматтар боюнча Саддам Хусейндин өзү эле бул шектүү операциялардан 1,5 млрд. доллар тапкандыгы айтылат.

Азыр комиссия иликтөө иштерин улантып жатат. 60 кишиден турган топ БУУнун мурдагы башкатчы Бутрос Бутрос Галинин бул чуулгандуу окуяда кандай рол ойногонун да аныктоого тийиш.

Укуругу узун комиссиянын иликтөөсүнөн азыркы башкатчы Кофи Аннан да кутула алган жок. Анын баласы Коджо Аннан бир убакта ушул программада иштеген, бирок ал жумуштан кеткенден кийин да анын айлыгы сакталып, программанын алкагында акча алып турган деген маалымат айтылып жатат. Пол Волкердин пикиринде комиссия Аннандарга байланыштуу маалыматтарды кийинки ирет жарыяламакчы.

Кофи Аннандын өзү болсо Бенон Севан менен уюмдун дагы бир чиновниги Жозеф Стефанайдс тартипке чакырыла турганын билдирди. Башкатчынын кеңсе жетекчиси Марк Браундун айтымында Кофи Аннан эч кимди аябайт, керек болсо кол алдындагыларды кылмыш жообуна тартууга да каршылык көрсөтпөйт:

– Аннан мырза анын кесиптеши Бириккен улуттар уюмунун эрежелерин ушунча жылдан бери бузуп келгенине катуу кабатырланып турат, - деди жардамчы.

Көзкарандысыз комиссияны башкарган Пол Волкердин пикиринде тендер өткөргөн учурда бир гана компанияга артыкчылык берилип турган. Ал эми Кошмо Штаттарынын былтыр Иракта иликтөө жүргүзгөн тобу мунайды сатуудан түшкөн акчанын жарымы Саддам Хусейндин эсебине түшүп турган деген маалымат тараткан.

Улуттар уюмунун программасы болсо Кошмо Штаттары Саддамдын режимине каршы согуш ачкан 2003-жылдын ноябрында токтотулган. Иракта чыгуучу "Al-Mada" гезити өткөн жылы чыккан бир санында 67 миллиард доллар жумшалган “Мунайга азык-түлүк” программасынан акча жеген деп 270 адамдын тизмесин жарыялаган. Алардын катарында дүйнөнүн 46 мамлекетинин өкмөттөрүнүн айрым кызматкерлери, ишкерлер, журналисттер жана албетте, Улуттар уюмунун чиновниктери да бар.

XS
SM
MD
LG