Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

«АЛ-ТАКФИР ВА АЛ- ХИЖРА» КЫЙМЫЛЫ ЖАНА АНЫН МАКСАТЫ


“Ал-Такфир ва ал-Хижра” деген ат менен белгилүү экстремистчил исламчыл кыймыл акыркы 15 жылда Европада тамырын терең жайды. Талдоочулардын айтымында, азыр такфирчилердин өз алдынча иш жүргүзүүгө жарамдуу имамдары жана жолдоочулары Европадан тышкары АКШда жана башка өлкөлөрдө бар. Маалыматтарга караганда, Батыштын коопсуздук кызматтары такфирчилер Европада күчтөнүшү мүмкүн деп кооптонуп, исламчыл уюмдун мүчөлөрүнө каршы чечкиндүү чара көрө баштады.

Мисирден башат алган “ал -Такфир ва ал-Хижра” кыймылынын үммөттөрү акыркы отуз жылда Түндүк жана Чыгыш Африкада, Жакынкы Чыгышта, Батыш Европада пайда болду.

Такфирдын жолдоочулары Европанын бир катар шаарларында террордук чабуулдарды уюштурушкан. Былтыр 11-мартта Мадриддин темир жол бекетинде удаа-удаа болгон эки жардырууга да көмөк көрсөтүшкөн. Коопсуздук кызматтары такфирчилер Европада дагы башка ири чабуулдарды өткөрөт деп кооптонушат.

Лондондун Чалгындоо жаатында адистешкен Jane изилдөө борборунун эксперттеринин ырасташынча, “ал - Такфир ва ал-Хижрада” Осама бен Ладен сыяктуу беделдүү жетекчиси жок. Анткен менен, уюмдун ар кайсы өлкөлөрдөгү өз алдынча топтору жалпы бир идеологияны туу тутушуп, аны ишке ашырууну өздөрүнүн парзы деп санашат.

Анын идеологиясы тууралуу Jane борборунун талдоочусу Жефри Коззенс мындай дейт:

- Такфирдин идеологиясынын негизи Мисирде 1971-жылы Шүкри Мустафа түзгөн “ал -Такфир ва ал-Хижра” тобуна барып такалат. Бирок, азыркы такфир менен Шүкри Мустафа башында турган топтун ортосундагы айрыма чоң. Шүкри Мустафа нукура мусулмандарды физикалык жана руханий жактан бөлүнүп жашоого жана жихад идеясына, коомдо Куранга ылайык жашоого чакырган. Ал эми бүгүнкү такфирчилер физикалык жана руханий максатты токтоосуз ишке ашыруу жолун тандап алышкан. Алар азыр борборлошуп башкарылат жана Мисирдеги башка авторитардык топторго окшоп согушчул ислам кыймылына айланган.

Такфир кыймылы азыр алардын көз карашын бөлүшкөн адамдарды мусулман салт-ибадаттары эркин аткарылчу халифатты куруу ишине тартууга багытталган.
Постсоветтик Борбор Азияда 90-жылдары пайда болгон “Хизб-ут Тахрир” партиясы чөлкөмдүн өзүндө мусулман халифатын курууну көздөсө, “ал -Такфир ва ал-Хижра” тобу андан да кенен мейкиндикте- Батышта ислам халифатын курмакчы.

Шүкри Мустафа өлгөндөн кийин ушу таптагы Ирактагы террордук чабуулдардын артында турат деп шектелген теги иорданиялык Абу Мусаб ал- Заркави “ал- Такфирдин” ишмердүүлүндө маанилүү роль ойногон. Анткен менен, кээ бир байкоочулар “ал-Такфир” менен “ал-Каида” ортосунда түздөн-түз байланыш жок экенин айтышат. Мындай пикир, Jane изилдөө борборунун талдоочуларынын айтымында, “ал-Такфир” өзүнчө уюмдашып, өз алдынча иш жүргүзгөн уюм катары тааныла электигине байланыштуу жаралган. Мурда такфирдин согушчандары “ал-Каиданын” ана башылары тарабынан башкарылганы анык. Ошондуктан, эки уюмдун ортосунда кандай жакындыктар бар деген суроо туулат. Лондондук эксперт Жефри Коззенстин кебине караганда:

-Согушчул исламдын эки багыты көп жагынан өз ара жуурулушуп кеткени айныгыс чындык. Бир катар далилдер Мухаммед Ата “ал-Такфирдин” тарбиялануучусу деп кортунду жасоого негиз берет. Европада андан башка да оперативдүү ишке даярдалган адамдар болгон. “Ал-Такфирдин” жолдоочулары өздөрүнүн идеологиясын тутуу менен, ошол эле учурда “ал-Каиданын” көз карашын бөлүшөт деп айттар элем . Мисалы, нидерландиялык кинорежиссер Тео ван Гогду такфирчилер өлтүргөнүн бекемдөөчү далилдер арбын. Ошол эле мезгилде алар “ал-Каиданын” доктринасын бөлүшөт деп бүтүм кылууга жетерлик далилдер бар.

Мухаммед Ата 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун кош мунара кеңсесин учак менен сүздүргөн террорчу жанкечтилердин бири.

XS
SM
MD
LG