Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

АНКАРАДА РАЙСТЫН САПАРЫНА КАРШЫ НААРАЗЫЛЫК ЧАРАСЫ ӨТТҮ


Аким Өзгөн, Стамбул шаары Бир катар оппозициячыл саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бүгүн Анкара шаарында АКШнын элчилигинин имаратынын маңдайында нааразылык иш-чарасын өткөрүштү. Алар АКШ Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын Анкарага иш сапар менен келээрин утурлап, АКШ өкмөтүнүн Ирак жана Жакынкы Чыгыш боюнча жүргүзүп жаткан тышкы саясатына нааразылык билдиришти.

Анкара. Бүгүн (ишембиде) кечинде АКШнын Мамлекет катчысы Кондолиза Райс Түркиянын ордо шаарына иш сапар менен келүүдө. Топонсуунун запкысын чеккен түштүк-чыгыш азиялык аймактарга сапарга аттанып жаткан түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган АКШнын Мамлекеттик катчысы Райс айым менен Анкара шаарынын аба майданында жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты өөрчүтүү, эл аралык коопсуздук жана башка маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүзөт.

Бир катар оппозициячыл саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бүгүн Анкара шаарында АКШнын элчилигинин имаратынын маңдайында нааразылык иш-чарасын өткөрүштү. Алар кара гүлчамбарларды элчиликтин маңдайына тизип, АКШ өкмөтүнүн тышкы саясатына каршы нааразылык билдиришти. Нааразылык кылгандардын төрт өкүлүн полиция кармап кетти.

Кондолиза Райс айым эртең Анкарада Түркиянын президенти Ахмет Неждет Сезер, тышкы иштер министри Абдулла Гүл менен сүйлөшүү жүргүзөт.

Андан тышкары Райс айым Анкарада кечки сый тамак маалында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да жолукмакчы. Алар АКШ президенти Жорж Уокер Буш менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 24-февралда Братислава шаарында өткөрүлө турган бийик жолугушуусунун күн тартибине кирчү маселелерди талкуу кылышмакчы.

XS
SM
MD
LG