Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

КОНДОЛИЗА РАЙСТЫН ТҮРКИЯГА САПАРЫ


АКШнын жаңы бекиген Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Европаны жана Жакынкы Чыгышты кыдыруусун улантты. Жекшембиде ал Анкарада Түркиянын жетекчилери менен көздөшүп, кийин Израилди көздөй жол тартты.

Кондолиза Райс Түркиянын президенти Ахмед Неждет Сезерди жана тышкы иштер министри Абдулла Гүлдү " Кошмо Штаттары Түндүк Ирактагы күрдүлөргө өз алдынча мамлекет түзүп, бөлүнүп кетишине жол бербейт" деп ишендирди.

АКШнын Мамкатчысы ошондой эле Түндүк Ирак түштүк-чыгыш Түркияга кол салуучу террористтик очокко айланбайт деп айтты:

- Ирактын аймагы эч качан коңшу өлкөлөргө чабуул жасоочу плацдармга айланбашы керек. Коңшуларың менен тынчтыкта жашоо деп ушуну түшүнөбүз. Ал-Каида болобу, Күрдүлөрдүн Жумушчу партиясы ПККбы же (Израил менен) элдешүүнү четке каккан палестиндер болобу, терроризм бүгүнкү замандын куралы боло албайт.

Райс ошондой эле "Түркияга жана башка өлкөлөргө Вашингтон Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга түзүлгөн ыңгайды сактап калууга жардам берет" деди жана жөөттөргө каршы тукуруучулукту жана зордукчулукту токтотууга чакырды.

Анкарадан кийин Иерусалимге жол тарткан Райс ушул эле күнү Израилдин өкмөт башчысы Ариэль Шарон менен, дүйшөмбүдө Батыш Жээкте палестин президенти Махмуд Аббас менен көздөшүүдө.

BBC сыналгысына берген интервьюсунда Райс жаңы палестин жетекчилигине жогору баа берди:

- Махмуд Абастын шайланышы Жакынкы Чыгыш үчүн жакшы жөрөлгө болду. Ал кырдаалды өзгөртүүгө ниетин көрсөтүүдө. Ал куралдуу козголоңдон майнап чыккан жок, сүйлөшүүгө баралы деп айтып жатат. Албетте анын алдында көп иштер турат, терроризмди токтотуш керек, террордук уюмдар терроризмди каалаган убакта баланын оюнчугунда колдоно албагыдай кылыш керек.

Райс ошондой эле Израилди палестиндер менен чек ара боюнча алдын-ала бир жактуу чечим кабыл албоого үндөдү. Иран боюнча Райс жума күнкү сөзүн кайталап, "Кошмо Штаттары Иранга каршы куралдуу чара көрбөйт" деп айтты. Ал ядролук курал маселесинде Тегерандын эл аралык милдеттерин аткарышын кепилдөө үчүн, дипломатия жана дүйнөдөгү "нагыз демократиялык" өлкөлөрдүн өз арасындагы ынтымак чечүүчү мааниге ээ болорун айтты.

XS
SM
MD
LG