Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

ИРАН СОККУГА СОККУ МЕНЕН ЖООП БЕРЭЭРИН ЭСКЕРТТИ


Шейшембиде Женевада Иран менен Евробиримдиктин сүйлөшүүлөрү кайра башталары күтүлүүдө. Буга чейин Иран эгер анын өзөктүк жайларына АКШ же Израил тарабынан сокку урулса, ага жооп берээрин жана өзөктүк технологияларга жетүү аракетин тездетээрин эскертти. Ал эми АКШнын жогорку даражалуу ырасмий өкүлдөрүнүн айтымында, Иранга каршы аскерий сокку уруу азыр Вашингтондун күн тартибинде эмес, бирок алар бул өлкөнүн өзөктүк программасына байланышкан чатакты чечүүдө бардык ыкмаларды жокко чыгарбайт. Вашингтон Евробиримдиктин Иранды өзөктүк курал жасоого умтулбаганынын кепили катары уранды байытууну токтотууга ынандыруу аракетин колдойт.

Иран кокус ага кол салынса сөзсүз жооп кайтарары жөнүндөгү эскертүүнү бул өлкөнүн Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин башкатчысы Хассан Роухани “Рейтер” агенттигиндеги маегинде жасады:

- Мен Кошмо Штаттар мындай тобокелчиликке барат деп ойлобойм. Себеби америкалыктар биз соккуга кайра олуттуу сокку менен жооп берээрибизди жакшы билишет. Америкалыктар биздин мүмкүнчүлүктөрдөн кабардар. Алар биз кандай кол салуу болсо да жооп бере аларыбызды билишет.

Израил эгер өзүнө коркунуч туулуп жатканын сезсе, Ирандын өзөктүк жайларына алдын ала сокку урушу мүмкүн экенин өткөн айда АКШнын вице-президенти Дик Чейни билдирген болчу. Ал ушул жекшембиде америкалык телеканалдардын бириндеги маегинде АКШ Евробиримдиктин үч өлкөсү болгон Британия, Франция, Германиянын дипломатиялык аракеттерин колдоорун белгиледи. Бирок Чейни Вашингтон келечекте дипломатиядан башка ыкмаларды, анын ичинде аскерий жолду да жокко чыгарбасын кошумчалады.

Ушундай эле ойду Европа жана жакынкы Чыгыш боюнча иш сапарда жүргөн учурунда АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс да айтты:

- Мен жоромолдогум келбейт. Президентте варианттар ар дайым болот. Бирок президент Буш, мен да азыр дипломатиянын учуру жана дипломатия ийгиликке жете алат деген ишенимдебиз.

Аналитиктердин пикиринде, Вашингтон Иранга карата аскерий сокку жөнүндө чечим кабыл алуудан азырынча алыс. Себеби Европанын дипломатиялык демилгелери уланып жатат. Сүйлөшүүлөр ушул шейшембиде Женевада кайра башталары белгиленген. Европалык дипломаттар Иранды өзөктүк куралга умтулбаганын кепили катары уранды байытуу боюнча бардык прогрммаларын, алтурсун өзөктүк энергияны тынчтык максатта колдонууну токтотууга ынандырууга умтулууда. Британиядагы "Jane's Intelligence Digest" журналынын редактору Алекс Стандиш мындай дейт:

- Азыр Евробиримдиктин дипломатиясы уланып жатат. Өзгөчө Британия, Франция, Германия ирандыктарды бул алардын кызыкчылыгындагы иш эмес экенине ынандырышы керек. Алар, балким, азыр күн тартибинде турбаса да, келечекте АКШнын же Израилдин биринин соккусуна бута болуп калышы ыктымал.

Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы “Рейтердеги” маегинде эгер Вашингтон Тегеран менен тең ата, тең укукта сүйлөшсө тараптар макулдашууга жете алмак деген көз карашын билдирди. Ага катар эгер европалыктар менен сүйлөшүү үзгүлтүкө учураса, бул Вашингтондун кийлигишүүсүнүн натыйжасы болорун ишара кылды:

- Негизинен Америка жана Европада Ирандын өзөктүк маселесине байланыштуу айрым максаттар менен көз караштар окшош. Башка бир максаттар боюнча алардын көз караштары айырмаланат. Европалыктар башынан тартып эле Иран менен сүйлөшүүгө негизделген саясатты карманышкан. Америка болсо Иран менен иш кылууда коркутууга таянат. Бирок ошол эле учурда биз европалыктар менен сүйлөшүп жатабыз. Америкалыктар европалыктарга кысым көргөзүү менен ал сүйлөшүүлөрдү үзүгүлтүккө учуратпайт деп үмүттөнөбүз.

АКШ азыркыга чейин Иран менен тикелей сүйлөшүүнү четке кагып келе жатканы белгилүү. Ирандын вице-президенти Голамрез Агазаде болсо дүйшөмбүдө жергиликтүү телекөрсөтүүгө берген маегинде Европа менен сүйлөшүү чечүүчү баскычка келип, тараптар жыйынтыкка жакындап калганын, бирок европалыктар өз пландарын тактап, түшүнүктүү кылыш керектигин белгиледи.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG